Жыйырма экинчи сан

Док. Мурзараимов Бакыт
Кыргыз элинде бакшылык кылуу, пал ачуу же төлгө салуу ишенимдери кеңири таркаган. Бул кыргыздардын Ислам динин кабыл алганга чейинки ишенимдеринин бири болуп эсептелет. Кыргыз эли башка түрк түптүү элдер сыяктуу Көкө Теңирге ишенип турган мезгилде бакшылык кылуу же пал ачуу сыяктуу ишенимдери калыптанып калган. Түрк элдеринде бакшылык «шаман» деген ат менен колдонулуп келген. Биздин кыргыздарда бакшы же бүбү бакшы деп айтылып ошол эле шамандар аткарып келген кызматты аткарышкан. Алар эл арасында дарыгерлик, табыптык, төлгө салуу жана кайыптан кабар берүү сыяктуу иштерди аткарышкан. Ошол ишенимдердин саркындылары азыркы күнгө чейин жоюлбай калк арасында жашап келет. Бирок коомдо бул көрүнүштү кээде дин менен аралаштырылып, диндин бир бөлүгү катары кабыл алынып калган көз караштар жок эмес. Эгемендүүлүктөн кийин элибиз динди издөө жолунда же динге кайтып келүү жолунда палчыларга жана төлгөчүлөргө ишене баштаган. Натыйжада палчылык кылган же төлгө салган кишилер бул ишин бизнеске айлантып алышкан. Нукура таза Ислам динине каршы чыккан инсандар көпчүлүк учурда мына ушундай кишилердин кылык-жоруктарынан улам динге терс көз карашта болушууда.
Ислам дининде палчыларга жана төлгөчүлөргө катуу тыйуу салынган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн хадистеринде: «Пал ачкан да, пал ачтырган да наалатка калат» - деп айтат.
Биздин коомчулукта кээ бир адамдар келечекти билүү, ооруну айыктыруу жана жоголгон нерсени табуу максатында палчыларга же төлгөчүлөргө кайрылышат. Ошондой эле бирөөнүн багын ачуу же бирөөнөн жолун байлатып салуу боюнча да кайрылышат.
Шарият боюнча, эч ким эч качан өз эрки менен келечектен кабар бере албайт. Келечекти бир гана Алла Таала биле тургандыгы Ыйык Куранда бир нече жерде так айтылган. Аны Алла Таала Пайгамбарыбызга да билдирген эмес.
Элибизде палчыларга жана алардын айткандарына ишенген кишилер Алла Таалага ширк келтирген кишилер болуп эсептелет. Шарият боюнча инсандар жалгыз гана Алла Таалага ишенип анын айткан буйрук өкүмдөрүнө гана баш ийип жашашы керек.
Пал ачуу жана төлгө салуу боюнча Куранда: «… Пал ачуу силерге арам кылынды…» (Маида сүрөсү, 3-аят) жана «Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Булардан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар» (Маида сүрөсү, 90-аят) – деп буюрулат
Өзүн мусулманмын деп эсептеген кишилер сөзсүз түрдө мындай иштерден алыс болуп жалгыз гана бир Аллага ишенип ага тобокел кылып жашашы керек. Ошондо гана чыныгы бакытка эришкен болуп эсептелет.