Жыйырма экинчи сан

Абдысамат Орозов
Ханафи мазхабынын үч чоң имамынын бири саналган МУХАММАД бин ХАСАН аш-Шайбани бул үлкөн мазхабдын системалашуусунда жана кеңири жайылышында өз чыгармалары менен чоң салым кошкон. «Ханафи мазхабынын эки имамы» деген мааниде Ислам укук илиминин аалымдары Абу Юсуф экөөнү «Имамайн» дешет.
Мухаммаддын лакабы Абу Абдуллах. Атасы Хасан бин Фаркад Бани Шайбандын азаттык берген кулу болгон. Хасан бин Фаркад Дамаска жакын жайгашкан Хаксати деген айылда төрөлүп кийин Иракка көчүп кеткен. Мухаммад мусулман жылсанагы боюнча 132-жылы (ал эми григориандык жылсанак боюнча, 749-жылы) Васытта төрөлүп, Куфа шаарында чоңойот. Ал учурда Куфа фыкх, хадис, поэзия, тил илимдеринин борбору болуп, кичинекей Мухаммад бин Хасандын ушундай маданияттын бешигине бөлөнүшүнө эң чоң түрткү болгон. Ал атасынан мураска калган отуз миң алтын динарды жалаң илим алууга сарптаган. Ошону менен катар көптөгөн аалымдарды зыярат кылып, алардан сабак алган. Мисалы, Йеменде Авзаиден, Меккеде Суфйан бин Уяйнадан, Хоросанда Абдуллах бин Мубарактан, булардын ичинен эң негиздүү Мединада Имам Маликтен үч жыл бою сабак алган. Жаштайынан тарта Имам Аазамдан, 767-жылдары Абу Ханифа көз жумгандан кийин Абу Юусуфтан Ислам укугу боюнча сабак алат.
Мухаммад бин Хасан арап тилин, Ислам укугун жетик билгендиги менен өз учурунда коомдогу көйгөйлөргө карата өзүнүн көз карашын билдирген эмгектери аркылуу Имам Аазам агымынын кеңири таралышына опол тоодой салымын кошкон. Имам Шаафи Мухаммедден алган илимдин арты менен көп китеп жазууга жетишкенин, (Ибн Недим, ал-Фихрист, 295-б.) ал эми Нафи болсо Мухамеддин тил жаатында терең билими болгонун айткан (Ибн Абдилбар ал – Интика, 174 – б.).
Мухаммад бин Хасан Аббасий халифалары менен тыгыз байланышта болгону менен алардын алдында билимдин дагы да жогору экенин ачык айтып, эч убакта кошоматтык кылган эмес (Хатиб ал – Багдадий – Тариху Багдади, II, 173 – б.).
Имам Мухаммад дагы ошол кылымдагы башка аалымдар сыяктуу эле журт башчыларынын каарына калып, запкы чеккен. Маселен, ал халифа Харун Рашиддин сунушун четке каккандыгы үчүн эки ай абакка жатып чыккан. 805–жылга чейин Багдадда жашап, бул жылдар аралыгында Халифа менен элдешип, Хоросанга казы болуп дайындалган. Арадан көп өтпөй ошол эле жылы дүйнө салат. Ошол күнү атактуу аалым Кысаи да көз жумат. Бул абалды терең кайгыруу менен кабыл алган Харун Рашид көзүнө жаш алып: “Бүгүн араб тил менен фыкх-укук илими көмүлдү” деп айткан экен (Хайреддин Караман, Ислам Хукук Тарихи, 96 – б.).
Мухаммад бин Хасан фикх (Ислам укугу) жаатында эки өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Биринчиси, ошол доордо фикх жаатында эң көп чыгарма жазып, бул эмгектери менен Имам Аазам агымынын кеңири кулач жайышына үлкөн салымын кошкон. Экинчиси, көптөгөн аалымдардын өсүп чыгышындагы зор салымы. Мисалы ал-Мудаввана, ал-Асадийа, ал-Умм жана ал-Хужжа сыяктуу фыкх китептеринин авторлору анын чыгармаларынын негизинде китептерин даярдашканы маалым.
Ал казылык милдетти аркалагандан тарта укукчулук жаатта мол тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк тапкан. Ирак менен Хижаздан илим алып, ал жактагы айрым маселелердеги айырмачылыктарды бириктирип укук илимине зор салым кошкондуктан: «укуктун үрөөнүн Абдуллах бин Масуд септи, Алкама терип жыйнады, Ибрахим ан-Нахаи кампа салды, Имам Аазам сапырып тазалады, Абу Йусуф камыр жууруду, Имам Мухаммад аны бышырды. Мусулмандар даяр ашты жеп жатат» деген сөз пайда болгон.
Төмөндө аты аталган китептер Имам Мухаммаддын чыгармалары болуп саналат:
А – Захирур-Ривая, 6 том
1. ал-Мабсут же ал-Асыл
2. аз-Зиядад
3. ал-Жамиус-сагийр
4. ал-Жамиул-кабийр
5. ас-Сиярус-сагийр
6. ас-Сиярул-кабийр
Булардын баары фыкх китептери болуп эсептелет. Буларды имам таватур жолу менен Абу Ханифадан же Абу Юсуфтан алгандыктан шек жок маанисинде «Захирур-ривая» делинген. Өзүнүн көз караштарын да кеңири билдирген жана Ханафи мазхабынын «ал-Усул» делген негизги китептеринен болуп эсептелет.