Жыйырма экинчи сан

Садык Гавай
ЗИРЕНИН ПАЙДАСЫ ТУУРАЛУУ
Халид бин Сад (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: “Бир жолу биз сапарда экенибизде, биз менен кошо Галиб бин Абжар (Алла ага ыраазы болсун) да бар болчу, ал ооруп калды. Акыры биз Мединага жеттик, бирок Галибдин абалы улам оорлошо берди. Галибдин ооруп калганын уккан Ибн Аттик ага келди да мындай деди: “Сен дары ичишиң керек. Зиренин уругун жанчып, аны зайтун майы менен аралаштыр да, анан ошол суюктукту мурдуңа тамчылаткын. Мен бул каражат (дары) тууралуу, Аллахтын Элчисинин (саллаллооху ‘алайхи ва саллам): “Чындыгында, зиреде өлүмдөн башка бардык оорулардын шыпаасы бар”,–дегенин эшиткен Айшадан (Алла ага ыраазы болсун.) уктум”.
(Бухари, Муслим, Тирмизи, Ибн Маажа).
КӨЗ ТИЙҮҮ ТУУРАЛУУ
Умму Салама (Алла ага ыраазы болсун) мындай деп айтып берген: “Бир жолу Аллахтын Элчиси (саллаллооху ‘алайхи ва саллам) бир жолу биздин үйгө мейманга келди. Биздин үйдө олтурган адамдардын арасында бети эмнегедир кызарып кеткен бир кыз бар эле. Ал (саллаллооху ‘алайхи ва саллам) ага көңүл бөлүп: “Буга дем салып коюшуңар керек. Анткени ага көз тийген. А бул (б.а. көз тийүү) чындык. Көз тийүү (сглаз) – тоону ордунан жылдырып, адамды көргө түшүрүп, төөнү казанга салып койот”,–деп айткан.
(Хаким, Ладунния).
ООРУНУ ЖЕҢИЛДЕТЕ АЛУУЧУ СӨЗДӨР
Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: “Мен Аллахтын Элчисинин (саллаллооху ‘алайхи ва саллам) мындай деп айтканын укканмын: “Адамды кыйратууга жөндөмдүү азаптардан, оорулардан, капыстан башка түшүп, душмандарды кубанта алуучу балээ-кырсыктардан, бактысыздыктардан коргоону жана жардамды Аллахтан сурагыла”.
(Бухари, Муслим, Наса’и).
ФАТИМАНЫН (Алла ага ыраазы болсун) ТИШ ООРУСУ ТУУРАЛУУ
Хумейди (Алла ага ыраазы болсун) айтат: “Бир жолу Аллахтын Элчисинин (саллаллооху ‘алайхи ва саллам) кызы Фатиманын тиши ооруп калат да, ал атасына келип тишинин катуу ооруп жатканына даттанат. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллооху ‘алайхи ва саллам) аны өзүнө жакын тартып, оң колунун сөөмөйүн ооруп жаткан тишине койду да, минтип айта баштады: “Аллахтын Ысмы менен! О Аллах, Сага сыйынып, Сенин Улуулугуңдан, Кудуреттүүлүгүңдөн жана бар нерселердин баарынын үстүнөн падышалык кылган Өкүмдарлыгыңдан суранамын: Сенин Рухуңдан жана Сөзүң аркылуу Мариям Исаны төрөгөндөй, Хатижанын кызы Фатиманы да бардык жамандыктардан сакта!” Ошондон кийин анын тишинин оорусу басылып калды”.
(Насаф, Абу Дауд).