Жыйырма экинчи сан

Данияр Эркинбаев
Бисмиллаахир-рохмаанир-рохийм!
Азыр кыргыз элибиздин алдында турган жолдор көп… Бирок кыргыздын улуттук өзгөчөлүгү менен эсептешкен, кыргыздын кызыкчылыгын көздөп турган, өзүбүздүн жана балдарыбыздын келечегин бактылуу жашоого алып келген багыттагы жол барбы?!
Ушул суроонун жообун биз үчүн ата-бабаларыбыз мурас кылып, аманат катары «МАНАС» баатырдык эпосунда сактап келишкен экен.
«Тууганыңдын тарыхы,
Бир аяттан окусаң
Бизге тиер жарыгы.
Бабаң үчүн дуба кыл,
Барча кыргыз элиңиз,
«Манас кайда кетти?» – деп,-
Басылбасын демиңиз,
Кан которгон Манаска
Кайта айланып келиңиз». (1-том 399-б.)
Чынында эле Манас атабыз менен сыймыктанбаган кыргыз барбы? Алибетте жок! «Манас» эпосун окуган, маанисин тушунгон кыргыз барбы? Бул суроого болсо жооп алыш өтө кыйын…
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, «МАНАС-1000» мамлекеттик дирекциясы жана илимий-пропагандалык координациялык «Мурас» ишкер долбоору тарабынан 1995-жылы Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча чыгарылган кыргыз элинин баатырдык «МАНАС» эпосунун академиялык басылышына кайрылдым.
Бул вариантта мурун жарык көрбөгөн эпизоддор, окуялар толукталып киргизилген.
«Манас» кыргыз элинин тарыхын, этнографиясын, салт-санаасын, психологиялык кулк-мүнөзүн чагылдырган баатырдык эпос» - деп биринчи беттеринде эле жазылып турат.
Бирок бул эпостун мааниси ушу менен гана чектелбегендиги окуп баштаганда эле көзгө урунду. Башкача айтканда, эпостун негизгиси болуп, кыргыз эли Ислам динине кайрылышы керек экендиги так жана даана көрүнүп турат.
Кыргыздын көпчүлүгүнө бул чоң жанылык катары угулуп, кээ бири «андай болушу мүмкүн эмес» – деп чалкасынан кетиши мүмкүн. Бирок чындык деген чындык экен. Мен юрист болгондуктан фактыларга гана таянып, толук далилденгенден кийин бир нерсени аныктап айтууга көнгөм.
Филология илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө--корреспонденти Р.Кыдырбаева эпостун бул варианты тууралуу мындай дейт:
«Сагымбайдын вариантынын сырлары дагы эле аягына чейин терең изилденип ачыла элек. Сагымбайдын манасчылык өнөрүндө бир сыйкырдуу сыр жаткансыйт. Бул манасчынын варианты – өзүнчө бир чексиз дүйнө десек болот. Себеби ушул вариантта кылымдардан бери айтылып келе жаткан «Манас» дастанынын жалпы өзөгүнөн тартып тартып, айтуучу өзү жашаган замандын жаңырыгына чейин, шамандык-бутпарастык көз караштан тартып, Ислам динине чейин бар десек болот.
Сагымбайдын вариантына Ислам дини көбүрөөк таасир эткени – бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз кече күнү эле, ошолордун ичинде мен да, ушул көрүнүшкө кандайдыр бир тескери баа берип, аны Сагымбайдын вариантынын мүчүлүшү катары көрсөтчүбүз. Мындай позиция өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Мунун бардыгы социалисттик идеологиянын кысымынан келип чыккан».
Эми сөз болуп жаткан «Манас» эпосунун вариантына көз жүгүртсөк:
Манас төрөлүп Жакып бай чоң той өткөрүп, Манастын аты коюлуп жаткан кези:
«Олтурган эрлер дегдеди,
Оозуна бир ат келбеди,
Ат кое албай алдырап,
Акылмандын баарысы
Карап турду жалдырап…
…Кайдан келди жан билбейт,
Пайда болду дубана»…
«Берген болсоң уруксат
Мен коеюн атын» - деп,
Дубана сүйлоп калганы.
«Ат коюңуз акыр!» - деп,
Адамдын бары чуу этти.
Баш жагына «мем» келсин
Байгамбардын сүрөтү,
Ортосуна «нун» келсин
Олуянын сүрөтү,
Аягына «сен» келсин
Арстандардын боруму,
Арты кайда кетти экен
Ал үчөөнүн оруну?»
Окуп билди «Манас!» - деп,
Оозуна келди шондой кеп.
Ат коюлду «Манас!» - деп,
«Алла Таала сактасын,
Ар балаадан калас!» - деп,
Бата кылды баарысы,
Жашы менен каарысы.
«Аты жакшы болду» - деп, -
Айтканда көңүл толду!» - деп,… (1-том, 167-169-беттер)
Ошентип Манас атабыздын аты «Мем», «Нун», «Сен» деген араб ариптеринен кошулуп койулуптур.
Манас кичинекейинен аябай тентек болуп, тентектигин элдер сыйынып жаткан мазарлардан (сындырып, кыйып) чыгарат, дубаналарды уруп-сабап коркутат. Ошондогу кыргыз элинин калпыс ишенимдерине кас болуп чоңойот.
«Улук мазар дегенди
Кыйык атып ойногон,
Кыялына келгенин
Кылбай асты койбогон.
Балдарды көрсө жыйыптыр,
Мазарды көрсө кыйыптыр»… (174-бет)
«Аңдасам балан акыл аз,
Жонун таппайт, дөөлөт мас,
Тил азар деймин динге кас». (175-бет)
Манастын кыялынан айласын таппай турган бай Жакып баласын сегиз жашка толгондо Ошпур деген койчусуна жардамчы катары кошуп берет.
Бир күнү койго карышкыр тийип, козусунун бирөөсүн жара тартып көтөрүп качып кеткенде, Манас артынан кубалап, кандын изи менен бир үңкүргө келип анын ичинде 40 чилтенге жолугат. Кызыр Илияс аттуу бирөөсү менен сүйлөшүп калат:
«Аңдап көр, балам – деп, айтат –
Бөрү болгон биз – деди, -
Бөлөкчө жансыз сиз – деди. –
Кызыр Илияс деген бар
Сизди кырк күндөн бери издеди.
Кырк чилтен деген биз – деди, -
Козуңа салган тиш – деди…
…Биздер тутуп жүрөбүз
Бир кудаанын буйругун.
Кубаттуу болоор тирлигин,
Кудаанын билгин бирлигин,
Көрбөй туруп ынанып,
Көңүлдүн чыгар кирлигин!» - деп, Манаска бир Алла бар экенин билгизип, Жараткан жөнүндө түшүндүрмө берет:
Туш келишер неме жок
Өзүнөн бөлөк улук жок,
Өкүмүнө чара жок.
Өзү бар, андан бала жок,
Өзүнөн бөлөк дана жок!
Болсо сенде дил – деди, -
Болжоп акты бил – деди. –
Ак Ислам динине
Азбай балам кир! - деди». (183-184-беттер)
Андан кийин Манас «Кайда болот кудайың, Үйү-жайы кай жерде? Абалы ордун сизден сурайын» - дегенде, ага Кызыр:
Угуп турган кулагың,
«Ушу» - деп билгин турагын!
Жыт билиптир мурдуңуз,
Сасык менен жакшыны,
Күчүн билип туруңуз,
Ачуу менен таттууну,
Билген ооз тилиңиз.
Аны да актын күчү деп,
Куп билиңиз өзүңүз.
Кармай турган колуңуз,
Кадыр Алла күчү деп
Кабарынан болуңуз.
Баса турган бутуңуз,
Кудуреттин күчү деп,
Көңүлүңө тутуңуз.
Көкүрөк, жүрөк, дилиңиз
Кудаанын үйү экен – деп,
Куп ошондой билиңиз! - деп жооп берип, Алланын адам баласына багыштап берген акыл-эси, аң-сезими жана дене-турпаты жөнүндө узун сабак кылып, кептин төркүнүнөн сөз учугун улайт. (Уландысы кийинки санда)
1
Ислам аалымдары Кызыр алейхиссалам жөнүндө ар кандай көз караштарын билдиришкен. Кээ бири анын пайгамбар болгондугун айтса, көпчүлүгү олуя болгондугун айтышкан. «Кызыр» сөзү арап тилинен алынып, «жашыл» деген маанини түшүндүрөт. Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз Кызыр алейхиссалам тууралуу мындай дейт: «Кызыр алейхиссаламдын бул атка конушунун себеби мындай: Ал куурап саргарып калган чөптүн арасына отурган кезде ал чөптөр жашыл болуп көгөрө баштаар эле» (Бухарий, Анбия, 27; Тирмизий, Тафсир, 18; Дайламий, Муснад, 1, 345)