Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Ислам дининин ырым-жырымдарга болгон көз карашы
   

Али Муслу

Ырым-жырым – бул таза диндин негиздерине төп келбеген, ар кандай жолдор менен динге кирип, диний ишеним сыяктуу көрүнгөн иштердин жана түшүнүктөрдүн жыйындысы. Буларды Ислам динине таңуулоого мүмкүн эмес.

Диндердин тарыхына назар салганыбызда, ар бир доордо мындай жаңылыш түшүнүктөр, иш-аракеттер адамзат коомчулугунун ортоктош көйгөйү болуп, дайыма жандуулугун сактап келгендигин байкай алабыз. Учурунда мына ушундай көптөгөн ырым-жырымдар пайда болуп, алардын Ислам динине таңууланып келгендиги да ачуу чындык. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү да айрым бир карапайым мусулман боордошторубуздун ырым-жырымдарга ишенип жүргөндүгү жүрөктү өйүтпөй койбойт экен. Кээ бирлери бул ырым-жырымдарды Ислам дининин өзүнчө талабы катары көрүп, аларды жан дили менен аткарууга жанүрөшөт. Алтургай алар мындай иш-аракеттерин, калпыс түшүнүктөрүн «чыныгы такыбаалык», ал эми буларга каршы чыгууну «Исламга каршы чыгуу, Исламдан алыстоо» деп билишет экен. Бул өтө олуттуу көйгөй. Ырасында Ислам динине төп келбеген түшүнүктөр, иш-аракеттер менен такыбаа болуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, мындай ырым-жырымдар адам баласын чыныгы Исламдын өзөгүнөн алыстатып, чоң жоготууга учуратат. Чыныгы такыбаалык Ыйык Куран жана акыркы Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу сүннөт жолу менен жуурулуша жашоодо гана жатат.

Кутман сахабалар жана чыныгы Ислам аалымдары мындай калпыс ишенимдер менен кылымдар бою күрөшүп келишкен. Учурда да бул багытта аалымдарыбыз колдорунан келген күч-аракети менен жанүрөшүүдө. Бирок тилекке каршы, мындай жаңылыш адаттардын тамыры соолубай келет. Адамзат коомчулугунун ортоктош көйгөйү болгон мына ушундай туура эмес ишенимдердин пайда болуп, тамыр байлашын шарттаган бир катар себептер бар. Бул себептердин эң негизгилери катары наадандык, түркөйлүк, үрп-адат, Исламды жаңылыш түшүнүү, Ислам дини жөнүндө терс чакырыктар (маселен: бүгүнкү күнү негизинен теле-радио, газета-журналдар аркылуу Исламдын согуш дини болгондугун каңкуулап мусулмандардын «террорист» катары таанытылышы), жеке кызыкчылыктар, адамдык алсыздыктар, Ислам динин туура эмес түшүндүрүү сыяктуу жагдайларды эскерсек болот.

Адам баласы табиятынан бир нерсеге ишенүүгө ийкемдүү зат. Кандайдыр бир кыйынчылыкка кез келсе, дароо андан арылуунун жолдорун издеп, эмнени укса ошону аткарууга даяр болот.

Адамдын мына ушул алсыздыгын жакшы билген айрым бир адамдар (м: көзү ачыктар) андан пайдаланып калууну жакшы өздөштүрүшкөн. Алар адамдын башын айландырып, ага туура эмес жолдорго багыт берүү менен коомчулукта өзүнчө кадыр-барк табышат.

Ниети түз карапайым мусулман боордошторубузду мындай карасанатай адамдардын курмандыгынан куткаруу үчүн аларга аруу Ислам дининин негизинде туура түшүнүк берүү зарылчылыгы күч деп билебиз. Куранда чындык келгенде негизсиз ишенимдердин өзүнөн өзү жоюлаары маалымдалат. (Исра сүрөсү, 81-аят). Ислам дининин келиши менен жер бетинде көптөгөн туура эмес ишенимдер жыгылып, алардын ордуна акыйкат дин Исламдын асабасы желбиреген. Учурубузда айрым бир туура эмес ишенимдердин, ырым-жырымдардын уланып келе жатышы Исламдын алсыздыгын айгинелебейт. Себеби Ислам дининин негиздерин, Ислам динин жакшы тааныган адам мындай калпыс түшүнүктөргө алданбайт. Булардын дале болсо жандуулугун сактап келе жатышы элдин көбүнүн Ислам динин жетик түшүнө бербешинен улам келип чыгууда.

Ырым-жырымдардын пайда болушу

Диндер тарыхы иликтелген чакта, адамдар Жараткандын динин жайган пайгамбарлардан убакыт жагынан алыстаган сайын мурунку ишенимдеринен калган айрым бир ырасымдарын кайрадан улантып келишкендиги байкалат. Ошентип алар пайгамбарлар алып келген Жараткандын жалгыздыгын жар салуучу тавхид ишениминен алыстап, эски калпыс ишенимдерине кайтышкан. Жаңы келген ар бир пайгамбар алардын адамды туңгуюкка жетелеген мындай ишенимдеринен алып чыгуу үчүн болгон күчү менен жанүрөшкөн. Учурунда Жараткандын адал жолун жетик түшүнө албаган кээ бир коомдор пайгамбарларга каршы чыгып, ар түрлүү кысымдарды көрсөтүшкөн. Себеби адам баласы эң көп ишенимге, сезим-туюмга байланышкан жагдайларга өзгөчө аяр мамиле жасайт. Адам баласы өзүнүн ишениминин жаңылыш болгондугун билип-көрүп турса дагы көпчүлүк учурда кан-жанына сиңип калган ошол калпыс ишенимдеринен оңой-олтоң арыла албайт.

Пайгамбарлардын жолун жолдогон чыныгы аалымдар да жаңылыш ишенимдер, негизсиз ырасымдар менен күрөшүп келишкен.

Ар бир доордо, ар бир коомдо туура эмес жолго түшкөндөр ар дайым болуп, ар кайсы коомдордон Ислам динине кирген адамдар мурунку караңгылык доорунан анча-мынча үрп-адаттарын кошо ала келген.

Мусулман коомчулуктарында байкалган, бирок Исламдын негизги принциптерине төп келбеген айрым бир үрп-адаттар мусулмандарга негизинен байыркы Мисир, Бабил, Инд, Ажем, Рим жана Хелен деген аймактарда жашаган алгачкы коомдордон кирген. Мындан тышкары кээ бир калпыс ырасымдар жөөттөрдөн, христиандардан жана шамандардан өткөн.

Жылдыздардын кыймыл-аракетинен тыянак чыгаруу ырасымы адам баласына Калданийлерден (сириялык христиандардан, булар негизинен католик агымын карманышат) калган. Алгач сыйынуу максатында башталган бул ырасым убакыттын өтүшү менен мистикалык абалга айланган. Элдин башына балээ болгон көзү ачыктар карапайым калкты каалаганындай колдонуу, заалым өкүмдарларды өз буйруктарына моюн сундуруу үчүн болгон күч-аракети менен жанүрөп, кадыр-барк күтүшкөн. Мусулмандарга сириялыктардан көптөгөн калпыс ырасымдардын өткөндүгү чындык. Маселен, байыркы сириялыктар көгүчкөндү ыйык канаттуу катары кабыл алышкан. Бул ишеним мусулмандарга да өткөн. Бүгүнкү күнү айрым Ислам өлкөлөрүндө мечиттин короосуна келген көгүчкөндөргө жем берилиши, аларга өзүнчө «кол тийбестик» укугунун берилиши мунун таасын мисалдары.

Көрүстөндөрдө шам жагуу адаты Феникеликтерден бүгүнкү күнгө чейин жандуулугун сактап келе жаткан адат. Учурунда феникеликтер Сур шаарынын колдоочусу, байлыктын жана соода-сатыктын кудайы болгон Мелкарестин айкелинин алдында дайыма шам жагышчу экен. Археологдордун көбү бул адаттын байыркы «отко табынуучулуктан» калган адат болгондугун айтышат.

Чүпүрөк байлоо:

Чүпүрөк байлоо ырымы Түндүк жана Орто Азия элдеринин байыркы дини болгон Шаманизмге таандык ырым-жырымдардын катарынан орун алат. Шаманист түрк элдеринин ишеними боюнча, ар бир тоонун, ар бир куттуу булактын, көлдүн, дайралардын, бак-дарактардын жана аска-зоолордун «ИЗИ» деген ээлери бар.

Учурубузда Алтайлык шаманисттер ишенген ИЗИлер Көктүрктөрдөн калган жазууларда жалпысынан «Жер-Суу» деген сөз менен берилген. Көктүрктөр бул «Жер-Суу» делген рухтарды түрк журтчулугунун колдоочусу катары эсептешкен. Алардын ишеними боюнча, бул ИЗИлер адамдан курмандык талап кылып, талабын аткарбагандарга зыян беришет. Ошондой эле бул рухтар абдан топуктуу болушкандыгы үчүн аларга арнап чүпүрөк, же бир тутам аттын жалын байлоо, алтургай курмандык ниети менен ыргытылган таш дагы аларды ыраазы кылууга жетиштүү болгон. Учурунда мына ушундай ишенимдерге ээ болгон түрк элдери мусулман болгондон кийин да бул адаттарынан толук кандуу түрдө арыла алышкан эмес. Ал эми ырасында мындай жат адат Ислам динине такыр төп келбейт.

Төлгө ачуу:

Төлгө ачуу ырымы мусулман коомчулугуна Мисир (египет) жана Асур элдеринен кирген. Кээ бир адамдар: «Төлгөгө ишенбейм. Жөн эле ойноп ачтырып жатам» дешет. Ырасында бул туура эмес. Ислам дининде кандай таризде болбосун, төлгө ачтыруу, төлгөчүнүн сөздөрүнө ишенүүгө тыйуу салынган. Бул багытта Куран аяттарынын биринде төмөнкүчө маалымдалат: «Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар?!» (Маида сүрөсү, 90-аят).

Ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз мындай деген: «Тигил же бул чымчыктын сайрашын, учушун жамандыкка жышаана катары кабыл алуу, майда таштар менен төлгө ачуу, кумга сызыктарды чийүү аркылуу келечек жөнүндө өкүм чыгаруу (ар кандай жалган сөздөрдү айтуу) көзү ачыктыкка кирет» (Нававий, Мухйиддин, Риязуссолихиин, түркчө котормосу, 3, 219).

Бул аят-хадистерден байкалгандай, төлгөчүлүк Исламда тыйуу салынган ыплас иштерден болуп эсептелет. Ойноп болсо дагы төлгөчүлөрдүн айткандарына ишенүүгө болбойт. Төлгөчүлөр өздөрүнө берилген белгилерге таянып келечекти көрүшкөндүктөрүн айтышат. Бул сөздөр толугу менен жалган. Айткандарынан миңден бири туура болуп калса дагы бул алардын кайып нерселерди билишкендигине далил боло албайт. Себеби кайыпты Алла Тааладан башка эч ким биле албайт. Адам баласы Алла Таала жараткан нерселер жөнүндө гана ой жүгүртүп, илим алууга аракет кыла алат. Эң акылдуу жандык болгонуна карабастан адамдын маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Мына ушул мүмкүнчүлүктүн ары жагы адам баласы үчүн кайып ааламы, көзгө көрүнбөгөн дүйнө болуп саналат. Кайыптын сырлары Алла Тааланын илимине гана таандык. Адамдардын илгерилешине чоң тоскоолдук жараткан мындай ырымдар байыркы бутпарас коомчулуктарынан калган жат иштердин катарынан орун алат.

Айрым бир жаныбарлардын жамандыкка жышаана катары кабыл алынышы:

Мусулман коомчулуктарында бүгүнкү күнү да айрым бир канаттуулардын сайрашы, кээ бир жаныбарлардын улушу ар түрдүүчө жоромолдонуп келет. Булардан айрымдары жакшылыкка, айрымдары жамандыкка, айрымдары өлүмгө жышаана катары кабылданат. Байыркы римдиктер кээ бир канаттуулардын учушунан, сайрашынан ар кандай тыянактарды чыгарышкан. Бул адатты арабдардан да байкоого болот. Маселен, үкү римдиктер тарабынан жамандыкка жышаана катары таанымал болгон. Иттин, карышкырдын улушун, кара мышыктын жолдон өтүп кетишин жамандыкка жышаана катары кабыл алуу ж.б.у.с. нерселердин бардыгы Ислам динине такыр төп келбеген жаңылыш ырым-жырымдардын катарынан орун алат. Бул багытта Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз: «Үкүнүн сайрашында эч кандай жамандык жок. Мындай нерселерди жамандыкка жышаана катары кабыл алууга болбойт» деген (Сахих Муслим, түркчө котормосу, 7-том, 87-бет).

Жан-жаныбарлар, кучкач-канаттуулар каалаган учурунда кандайдыр бир себептерден улам улуйт да, сайрайт. Муну жамандыкка жоромолдоо туура эмес. Адам баласынын көз жумушу тигил же бул жаныбардын улушуна эмес, Жараткан Алланын эрк-каалоосуна байланыштуу. Биз мусулмандар ар бир адам ичээр суусу, татаар тузу түгөнгөндө одүйнө салаарына ишенебиз. Тигил же бул адамдын качан, кай жерде, кандай абалда жана канча жашында көз жумаарын биз биле албайбыз. Себеби Алла Таала Куран аяттарынын биринде мындай дейт: «Биз силердин өлүмүңөрдү аныктап (ар бир адамдын өлүм мөөнөтүн так белгилеп) койдук. Бизден эч ким озо албайт! (т.а., Алла Таала белгилеген мөөнөттү эч ким өзгөртө албайт!)» (Вакиа сүрөсү, 60-аят)

Андыктан Алла Тааланын буйругу өзгөрбөс мыйзам болгон соң эч ким тигил же бул канаттуунун сайрашынан, иттин улушунан коркпосун.

Ошентип ырым-жырымдардын, калпыс түшүнүктөрдүн пайда болушунун, алардын кеңири кулач жайышынын көптөгөн себептери бар. Бул себептердин эң башында адамдардын Ислам динин жетик түшүнө бербеши турат деп ойлойбуз.

Чындык билинбеген чакта жалгандын, баш-аягы жок негизсиз ишенимдердин өкүм сүрүшү - табигый коомдук талап. Мындай калпыс ишенимдерден арылуунун жападан жалгыз жолу – бул бизди бизден миң эсе артык тааныган Жараткандын мыйзамы менен (т.а., Ыйык Курандын жана сүннөттүн негизинде) өмүр кечирүү аркылуу өтөт. Мусулмандар учурунда Ислам дининин мыйзамдарын туура үйрөнүп, аны менен камыр-жумур жашаган чакта илгери, зор жетишкендиктерди багындырып, бейпил өмүр сүрүшкөн. Ал эми Жараткандын мыйзамынан алыстаган сайын ар түрлүү калпыс ырым-жырымдардын курмандыгына айланып, ар кандай балээлерге дуушар болушкан. Буга тарых да күбө.

Жараткан Алла бизге өзүнүн Ислам жолу менен өмүр кечирип, акыретке жарык жүз менен журт которушубузду насип буюрсун... Оомийин!

Башына