Жыйырма биринчи сан

Мазмуну

Мезгил куштай учуп арадан эки ай зымырап өтүп кеткени байкалбай, сиздер менен кайрадан жолугушканыбыз биз үчүн канимет. Ак Башатка келип жаткан каттар, каалоо-тилектер биздин жамааттын демине-дем кошуп, шыгына-шык кошуп жатканын айтпай койсок болбос.
Ак Башат журналы бул сандын күн тартибине АЯЛ, ЭРКЕК, УКУК, МИЛДЕТ маселелерин алып чыгып, ЫЙМАНДУУ ҮЙ-БҮЛӨнүн сырына басым жасады. Баарыбызга белгилүү болгондой, көп нерсе үй-бүлөнүн түзүлүшүнө, андагы эреже-тартиптерге, жашоо ыңгайына байланыштуу. Учурда көптөгөн жаңыдан курулган коломтолор бузулуп, жадагалса, бир топ жашап калган үй-бүлөлөрдө аял менен эркектин ортосунда укук менен милдетти билбестиктин айынан түшүнбөстүктөр жаралып, ажырашуулар көбөйдү. Мунун кесепетинен миңдеген жаш балдар жетим калып, таалим-тарбия көрбөй ар кайсы жерди түнөк кылып жашап келишет. Адамдын бактылуу болушуна да, бактысыз болушуна да үй-бүлөнүн таасири чоң. Ошол себептен жогорудагы олуттуу темаларды мусулман журтчулугуна кеңири түшүндүрүүнү максат кылып, Ислам дини буйруган ыймандуу үй-бүлөнү кантип курса болот? деген суроого жооп берүүгө аракет жасадык.
Келээрки ай Кудайым буйруса, он бир айдын эң улугу болгон Рамазан айы. Окурмандарыбызга ыйык Рамазан айынын маанилүүлүгү, зарылдыгы тууралуу маалымат берүү максатында макалалар жазылды.
Ардактуу окурмандар! Баарыңыздарды келе жаткан куттуу Рамазан айы менен чын дилден куттуктайбыз. Алла Таалам бул улук айда бардык мусулмандарды күнөөдөн арылтып, Ислам ааламына күч-кубат берсин! Бул касиеттүү айдын шарапаты менен урушкандар элдешип, адашкандар туура жолду тапса экен тилейбиз. Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз айларында жолугушканча аман болуңуздар!
Терең урматтоо менен Ак Башат журналынын башкы редактору Акылбек Халбеков