Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Азирети Мавлананын даанышман кептери
   

“ Адилеттүүлүктөн таймайын адам бузулбайт, пендезат адашмайын Кудай балээ жибербейт”.

«Кэчээки менен чогуу кетти байкуш жаным ай. Кечээкиге таандык сөз атпайдын баары баткан күн менен кошо кетти. Бүгүн жаңы сөздөрдү айтуу керек».

«Экничи шамды тутантып кою менен биринчи шамдын эч нерсеси кемип калбайт...» «Тикенден гүл жасаган тирикарак,
Ызгаарды ажайыптай жазга айлантат
Үрөөндү бой тиретип өстүргөн жан
Кайгыны кубаныка айланта алат».
«Сан миң кулпу бийик турсун кең асманда,
Бирок баарын аял окшош амалданып
Таттуу гана бир сүйлөм ача алат
Ич койнуна байкатпай кирип алып».
«Тирилүүнү, өлүмдү да чанып-танган эй көрпенде!
Өлүм менен ак тирилүү ар ар дайым жашайт сенде...»

«Акылдуу жан башка бир акылдуу менен жуурулушту дегиче кыраакылыгы артат, жол табылат».

«Ырас, адамзаада турган жеринде оттой күйүшү керек бирок, муңга батып кайгырып наалбагаганы оң. Үстүнө тоо кулап кеткендей эзилиши керек бирок, аны эч кимге арызданбаганы оң».

«Бир тилди сүйлөшкөндөр эмес, бирдей сезимдерди бөлүшкөндөр түшүнүшө алышат....».

«Дуба жана ибадат Алла менен чогуу болуу дегенди билдирет. Алла менен чогуу болгон пенде үчүн өмүр да, өлүм да жагымдуу».

«Канчалык көптү билген аалым болбо, көңүлүңдөгүнү угарманга жетик түшүндүрө албасаң, бекер убарасың!»

«Мейли жай жүрсүн, мейли шашып чуркасын, издеген киши акыры келип көздөгөнүн табат. Оо, Алла жолуна түшкөн инсан! Арзууңа, мүдөөңө бек бол! Анткени каалоо – мыкты жол көрсөткүч. Мейли чолок бол, мунжу бол, мейли уйкусурап көзүңдү ушала, ал тургай айыптуу бол, бирок, Анын жолунан чыкпа! Аны изде, Ага карай жыла бер, кыбырап, кыр ашкандар болгон».

«Суу астында коопсуздукта жашаган балык заты куу кекиртектин айынан ийнени жутуп алганын байкабай калат».

«Адилеттүүлүктү билбеген адам бөлтүрүктү эмизген эчкиге окшош».

«Эл ишенген сот пара алууга чындилден чечим чыгарды дегиче, заалым жабырлануучудан айырмаланбай калат».

Башына