Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Эркек менен аялдын үй-бүлөлүк жашоодогу укуктары жана милдеттери
   

Шамшидин Маматкулов

Коомдун негизги уңгусу болгон үй-бүлө адамзат үчүн ыйык нерсе болуп эсептелет. Себеби, жаңы жашоо үй-бүлөдөн башталат да, үй-бүлө менен уланат. Коомдун абалы бардык жактан мына ушул "кичинекей мамлекеттен" көз каранды, б.а. үй-бүлөнүн негизги түзүүчүсү болгон эркек менен аял өз ара ынтымактуу болуп, ар ким өз укугун, милдетин жана ордун билип, жашоодо бири-бирине эриш-аркак болуп бактылуу жашаса, коомдо да тынчтык болуп, ынтымак орнойт. Ал эми үй-бүлөнүн руханий жактан да, материалдык жактан да коомдун толук кандуу бир бөлүгү (же мүчөсү) болушу Ислам дининде өзгөчө мааниге ээ.

Ислам дининде үй-бүлө жана үй-бүлө укугу аябай кеңири каралган. Мына ошол Исламдагы үй-бүлө укугу боюнча эркек да, аял да айрым укуктарга ээ болгондой эле кээ бир маселелер боюнча милдеттүү болуп эсептелет.

Ислам дини укуктук нормаларга кылдат мамиле жасагандай эле адеп-ахлак, жүрүм-турум маселелерине да өзгөчө маани берет. Мына ошондуктан факихтер (Ислам укук таануучулары) өз эмгектеринде аял менен күйөөнүн жалаң гана укуктук (юридикалык) эмес, керек болсо адеп-ахлактык укуктарын жана милдеттерин да карашкан.

Ыйык Куранда: «Эркектердин аялдарында акылары (укуктары) болгону сыяктуу эле аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары (укуктары) бар. (Ошондой эле) эркектер аларга (аялдарга) караганда бир даража артыкчылыкка ээ», – деп айтылган.1

Демек, бул аятта айтылгандай шариатта аялдардын өз эрлеринин алдында бир топ милдеттери бар. Аялдардын бул милдеттери эркектердин (күйөөлөрүнүн) укуктары болуп эсептелет. Ошондой эле аялдардын да күйөөлөрүндө (керек болсо орундалбай калган учурда талап кыла ала турган) бир канча укуктары бар. Аялдардын бул укуктары эркектердин аялдарынын алдындагы милдеттери болуп саналат. Эми мына ошол укуктар менен милдеттери тууралуу сөз кылсак.

Алгач аялдардын үй-бүлөдөгү укуктары менен милдеттерине токтололу.

Аялдын үй-бүлөдөгү укуктары жана милдеттери:

Жогоруда да айтылып өткөндөй, Ислам дининде аял көптөгөн укуктарга ээ. Маселен аял никелешүү (турмушка чыгуу) менен автоматтык түрдө махр алуу жана нафака менен камсыздандырылуу сыяктуу социалдык жана финансылык негизги укуктарга ээ болот.

Махр: Махр - бул үйлөнүп жаткан учурда эркектин өзүнүн ак никесине алып жаткан аялга (макулдашылган өлчөмдө) берүүсү керек болгон мал-мүлк, акча ж.б.у.с. нерселер болуп эсептелет. Махр бул аялдын өздүк акысы. Эркектин сөзсүз түрдө аялына махр берүүсү шарт. Махр тууралуу Курани Каримде да айтылган.2

Нафака: Бир адамдын өлбөстөн күн өткөрө алуусу үчүн ага керек болгон үй-жайы, кийим кечеси жана тамак-ашы ал кишинин нафакасы деп аталат.

Аял турмушка чыгып, күйөөсүнүн үйүнө жайгашкандан кийин аны тамак-аш, кийим-кече жана үй-жай менен камсыздоо күйөөсүнө жүктөлөт. Ошентип Куттуу Куранда айтылгандай аялдын нафакасы жубайлардын социалдык катмардагы ордуларына карата белгиленет.3

«Алар (аялдарыңар) менен жакшы, ынтымактуу жашагыла! ... », «Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөсүнө (жубайына жана балдарына) эң жакшы мамиледе болгонуңар»5 ж.б.у.с. аят-хадистер эркектердин аялдарына карата жакшы жана сылык мамиледе болуусун ишаараттап турат. Демек, аялдар жакшы жана сылык мамиле көрүү укугуна ээ.

Шариат чегинде болгон маселелерде аял күйөөсүнүн буйруктарын аткарууга милдеттүү. Ошондой эле күйөөсү үйдө жок кезинде үй-жайды, анын ичинде үй буюмдарын коруу да аялдын милдеттеринен болуп эсептелет.6

Төмөндөгү эки хадис аялдардын үй-бүлөдөгү укуктары менен милдеттерин кыска жана нуска түрдө билдирип турат:

«Аялдардын эң жакшысы (ага) караган маалыңда сени сүйүндүргөн, бир нерсени айткан (буйруган) убактыңда (каршы чыкпастан) сага моюн сунган жана сен жок кезиңде абийири менен сенин мал-мүлкүңдү сактаган (коруган) аял».7

Муавия бин Хайда аттуу сахаба мындай дейт: «Мен Мухаммад пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам): «Оо, Алланын элчиси! Биздин жубайларыбыздын өздөрүнүн күйөөлөрүнөн талап кылчу укуктары эмнелер?» – деп суроо узатканымда, ал: «Өзүң жеп-ичкениң сыңары аны (аялыңды да) тоюндуруу, кийингениң сыяктуу аны да кийиндирүү, бетке чаппоо, аны жамандабоо ... » – деп жооп берди.8

Эркектин үй-бүлөдөгү укуктары жана милдеттери:

Үй-бүлөдө эркек (күйөө) өзүнүн бардык милдеттерин аткарууга тийиш. Ал милдеттердин башында аялына жакшы жана сылык мамиледе болуп, ынтымакта жашоо турат. Анткени, бул Курандын буйругу. Ыйык Куранда минтип айтылат: «Алар (аялдарыңар) менен жакшы жана ынтымактуу жашагыла! Эгер аларды жактырбасаңар (көңүлүңөр чаппай, дитиңер барбаса) да (сабыр кылып, ынак болуп жашай бергиле). (Анткени,) балким силер жаман көргөн нерседе да, Алла көптөгөн жакшылыктарды ыроолоп (сактап) койгон чыгар (коюусу мүмкүн)».9 Ошондой эле Алланын элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнүн куттуу хадистеринде: «Аялдар тууралуу бири-бириңерге жакшылыкты (гана) кеңеш бергиле», sup>10 «Момун (мусулман) бир эркек, момун (мусулман) бир аялга ачууланып, ага таарынбасын. Анткени, ага ошол аялдын бир мүнөзү (же пейили) жакпай калган болсо, башка бир мүнөзү (же пейили) аны (ошол эркекти) ыраазы кылуусу мүмкүн»,11 «Аялдардын акысын жебегиле! Акы-укук маселесинде Алладан корккула! Анткени, силер аларды өзүңөргө Алланын аманаты катары алдыңар жана Алланын сөзү (нике) менен өзүңөргө адал кылдыңар».12 – деп, дайыма аялдарга жакшы мамиледе болууга чакырат.

Ошону менен бирге күйөө да бир канча укуктарга ээ. Жогоруда айтылган аялдын милдеттери эркектин укуктары, ал эми аялдын укуктары болсо күйөөсүнүн милдеттери болуп эсептелет.

Шариат өкүмү боюнча эркек - бул үй-бүлөнү материалдык жактан камсыздап, руханий талаптарына жооп берген, аны ар кандай коркунучтардан коргой турган адам. Мына ошол себептерден улам эркек үчүн артыкчылык болуп эсептелген оор басырыктуулук, үй-бүлө күтүүдөгү кылдат башкаруучулук сыяктуу сапаттарга байланыштуу ал үй-бүлөнүн башчысы болуп саналат. Мына ошондуктан күйөөсү үйгө келүүчү коноктордун санына чектөө киргизе алгандай эле аялын өзү жашаган жерден башка аймактарга алып барганга да укуктуу. Ошону менен бирге эркек аялын белгилүү бир чекке чейин адепке келтирүү укугуна ээ. Бул жерде адепке келтирүү – көк-ала кылып уруу деген маанини туюндурбайт. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) аялдарды катуу ур-токмокко алууга тыйуу салып:

«Аялдарды урбагыла!»15 «Силерден эч бириңер түндө бирге боло турган жубайын кулду ургандай (катуу) урбасын!»16 деген.

Аял менен эркектин үй-бүлөлүк жашоодогу башкы милдеттерин төмөнкүчө тизмелөөгө болот: 1. Күйөөсүнүн аялына махр берүүсү.
2. Эркек тарабынан үй-бүлөнүн бардык муктаждыктарынын камсыздалышы.
3.Аялдын күйөөсүнө моюн сунуусу.
4. Күйөөсү ачууланганда аялы аны басаңдатып, көңүлүн алышы.
6. Аял күйөөсү жок маалда абийирин, үй-бүлөнү жана мал-мүлктү көздүн карегиндей сакташы керек.
7. Күйөөсү үйүнө келгенде жакшы кийинип, күлүп-жайнап күтүп алуусу.
8. Эркек да жумуштан келген учурда жайдары жана ачык маанайда салам берип, үйгө кириши керек.
9. Экөө тең бири-бирине сылык мамиледе болуусу.
10. Аялга жылуу-жумшак мамиле жасоо
11. Бири-бири жөнүндө жаман ойдо болбоо, бири-биринин кемчиликтерин издебөө.
12. Ынтымакта жашап, ысык мамиледе болуу.
13. Бири-бири менен тамашалашкан кезде да, аша чаап, чектен чыкпоо.
14. Үй жумуштарында зарыл учурларда аялга жардам берүү.
15. Ар дайым кеңешип иш кылуу.
16. Бири-биринин тууган-уруктарына урмат-сый көрсөтүп, жакшы мамиледе болуу.Мүмкүнчүлүгү болсо жардам берүү.
17. Аялдын күйөөсү үчүн жасануусу.
18. Аялдын турак-жайды тартипке келтирип, жакшы жана таза кармоосу.
19. Айрыкча аялдын ысырапкерчиликке жол бербестен дайыма үнөмдүү болуусу.
20. Алла Тааланын берген ырыскысына ыраазы болуу. Сабыр кылуу, топуктуу болуу
21. Дайыма бири-бирине жакшылык иштерде жардам бериши.
22. Сөзүндө туруп, айткан убадасын орундатуу.
23. Үй-бүлөсүн жана конокторду сыйлоо жана сый-урмат көрсөтүү.
24. Тазалыкка көңүл буруу.
25. Өз ара болгон маселелерди башка бирөөлөргө айтпай, сыр сактоо.
26. Шариаттын чегинде кызгануу.
27. Бири-бирин кечире билүү. Айрыкча күйөөсүнүн айкөлдүк көрсөтүүсү.
28. Балдарды ыймандуулукка тарбиялоо, алардын илим алышына шарт түзүү.


1 Бакара сүрөсү, 2/228.

2 Ниса сүрөсү, 4/4.

3 Бакара сүрөсү, 2/233; Талак сүрөсү, 65/6-7.

4 Ниса сүрөсү, 4/19.

5 Тирмизий, Ыйман, 6; Абу Давуд, Сүннөт, 14.

6 Бухарий, Ахкам, 1; Муслим, Имаара, 20.

7 Абу Давуд, Зекет, 32; Ибн Маажа, Нике, 5.

8 Ибн Маажа, Нике, 3.

9 Нисаа, 4/19.

10 Бухарий, Никах 8; Муслим, Радаа 18.

11 Муслим, Радаа, 18; 61.

12 Ажлуний, Исмаил бин Мухаммад, Кашфул-хафаи ва музилул-Илбас, Бейрут, 1997, Даарул-кутубил-илмийя, I, 36.

13 Ниса сүрөсү, 4/34.

14 Ниса сүрөсү, 4/34.

15 Абу Давуд, Никах, 41, 42; Ибн Маажа, Никах, 52.

16 Бухарий, Никах, 93; Муслим, Жаннат, 49.

Башына