Жыйырма биринчи сан

Өмер Пакиш Теология илимдеринин доктору
Ислам дини аялзатына Жараткан Аллага ибадат кылуу, муну менен катар адамзаттын урпагын сактоо, эл керегине жараган инсандарды өстүрүү деген орчундуу вазийпаларды жүктөгөн. Дегинкиси адамзат урпагын сактоо жана инсанды тарбиялоодон да ыйык милдет болбосо керек. Асыресе, Алла Тааланын аялзаттын табиятын жогоруда аталган милдеттерге ылайык кылып жаратканы да жөн жерден эместир. Аялзаты табияттын талабына жараша бала төрөп, аны тарбиялашы керек. Жакшы ниет менен турмуштун даңгыр жолуна кадам таштаган соң аялга эркек тарабынан бардык зарыл шарттар түзүлүп берилиши керек. Анткени Ислам дини кийим-кечек, тамак-аш жана турак-үй менен камсыз кылуу деген турмуштук негизги вазийпаны эркекке жүктөө менен аялзатынын келечегин, жашоо-турмушун кепилдикке алган. Жарык дүйнөгө келгенден кийин балапанына үйрүлгөн канаттуудай чарк айланып балага мээрин төгүп ак сүтүн берген да, торолуп, жетиле баштагандан тарта жугумдуу сөзү, үлгүлүү иш-аракети менен жакшы-жаманды айырмалаганды үйрөткөн да асыл энелер.
Айрым гана жагдайлардан тышкары эркекке ыйгарган укуктарды Ислам дини аялга да ыйгарган. Атап айтсак, билим алуу, иштөө, мурас алуу, тандоо, турмуш куруу, күйөсүнөн өз акысын талап кылуу... Бул жана мындан башка укуктарды аялзатына ыроологон аруу динибиз аялзатынын ар-намысын, абийрин жана адамдык касиетин сактоого өзгөчө басым жасаган. Маселен, жетиштүү байлыгы бар аялга ажыга баруу парз. Бирок жол коопсуздугу, абийири, ар-намысы кепилдикке алынмайын аялзаты мойнундагы бул парзды аткара албайт. Тактап айтканда, күйөөсү, өкүлү, никелешүүгө жол берилбей турган тууганы же мусулман аялдардан турган жамаат сапарда чогуу болмоюн ажыга барууга жол берилбейт. Мына ушул сыяктуу эле бир жерде иштөө, окуу, соодага чыгуу жана эс алуу учурунда Ислам дини тыю салган жагдайлар жаралбашы керек. Анткени аялзатынын коопсуздугун камсыз кылуу жана абийирин таза сактоо бүт нерседен жогору турган өтө маанилүү маселе. Ден-соолук, акыл соолук, рух соолук, таалим-тарбия, иши кылса, жашоодогу маанилүү делген нерсенин баары энеге келип такалгандыктан, асыресе, бүтүндөй ай ааламды, пендезатты жараткан Алла Таала, бизди бизден да жакшы билгендиктен жашоонун эң керектүү мыйзам-эрежелерин Ыйык Куран аркылуу бүтүндөй адамбаласына эң акыркы сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) менен жибергени бул жалгандагы оор сынакта бактыбызга жаралган жарык нур, шоола...
Аялзатынын иштеши
Ислам дини иштөө жана иштетүү жаатында эркек менен аялга тыю салбайт. Тактап айтканда, эркек да, аял да өз жөндөм-шыгына, физиологиялык дараметине төп келген иштерде иштей алат. Эркек ишкерлик жүргүзүп, өндүрүш жана фабрика сыяктуу мекемелерге ээлик кылганы сыңары аялзаты да мына ушундай мүлккө жана аны иштетүүгө кожоюндук кыла алат. Маселен бир фабрикасы бар аял үчүн муктаждыкка ылайык каруу-күчтү талап кылган иштерге жалаң эркектерди, тигүү, жип ийрүү, токуу сыяктуу иштерге өңчөй аялдарды иштетүүгө уруксат берилет. Айрыкча жетим балдары бар жесир аялдарды ишке алып, алардын жакшы жашап кетиши үчүн кам көргөн жетекчи соопко калат. Эскерте кетчү нерсе, аял, эркекти аралаштырып иштетүүгө, бөтөн аял менен бөтөн эркектин жумуш учурунда бир бөлмөдө жалгыз калтырууга шарият тыю салат.
Аялзатынын билим алышы
Ислам дини боюнча билим алуу жана билим берүү жаатында эркек да, аялзаты да тең укуктуу. Башкача айтканда, экөөнө тең парз. Тарыхый булактар тастыктагандай, Азирети Пайгамбарыбыздын буйругу менен Шифа аттуу айым сахаба Пайгамбарыбыздын жубайы Азирети Хафсага арип таанып, окуп-жазганды, ошондой эле кол өнөрчүлүгүн да үйрөткөн. Ислам маданиятынын тарыхында көптөгөн илим жаатында ийгиликтерди багынткан аалым айымдарды кезиктирүүгө болот. Ислам дини аялзатынын билим алышына чектөө койгон дегендер чоң жаңылышат. Акыйкатта Ислам дини аялзатынын татыктуу таалим, жетиштүү билим алып, жакшы жубай, мээримдүү эне болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонууну буйруган. Бир гана нерсе, аялзаты бул укукту колдонууда Исламдык эрежелерден чыкпоого тийиш. Ошондо гана пайдалуу илимге ээ боло алат. Ошону менен катар аялзатына соодага коюлган буюм же кумардан чыгаруучу каражат катары каралбашы, урпактын ак никеден жаралышы жана эркекзааданын сезимин козгобошу үчүн зарыл чараларды көргөн. Башта айтканыбыздай, аял менен бөтөн эркектин ээн бөлмөдө жалгыз калуусуна тыю салынышынын сыры мына ушунда жатат. Ислам дини ак никеден жаралган урпакты өстүрүүгө жогорку деңгээлде көңүл буруу менен катар ар дайым мусулмандарды алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Бүгүнкү күндө көп элдерде такыр мүмкүн эместей көрүнгөн эң көйгөйлүү маселелердин бири бул – руху сак, дени сак эне маселеси. А бул көйгөйдү эркектин күйөлүк милдетинин (кийим-кече, ашкере ысырапка жол бербөө шарты менен азык-түлүк, үй-жай менен камсыз кылуу) толук кандуу жүзөгө ашырышы менен Исламда эбак жоюлган. Жыйынтыктап айтканда, Исламдагы «шариятта көрсөтүлгөндөй таризде кийингиле, бөтөн эркектер менен ээн жерде болбогула!» деген буйрук түпкүлүгүндө аялзатынын абийрин коргоого багытталган. Айрым түшүнүгү тайкы түркөйлөр айткандай, шарият көрсөткөн таризде кийинген аял эч убакта коомдон четтеп калбайт, тескерисинче, эркек-аял менен болгон мамилесин ого бетер тартипке келтирет.
Аялзатынын кийинүү таризи
Ислам дининде эркек аялдын, аял эркектин кийимин кийбеши керек. Айрыкча мусулман аялдын үстүндөгү кийими арам деп эсептелген жерлерди жаап турушу керек. Тактап айтканда бет, кол, буттан башка бардык мүчөсү жабык болушу керек. Бул эч бир жагдайга карабастан эч убакта өзгөргүс мыйзам. Кийимдин кандай кездемеден тигилгендиги жана анын модели мааниге ээ эмес. Болгону шарият буйруган жерлерди жаап, тери көрүнгүдөй жука, келбет билинип калгыдай деңгээлде тар болбошу керек.
Ислам шарияты өз жубайынан тышкары бөтөн аялдарга кумарлана кароого тыю салган. Анткени көздүн кумары элестүү кумарланууга жана башка арам иштерге жол ачат. Бул маселе тууралуу Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп буюрган: «Момун-мусулман аялдарга айт: (Ар кайсы эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын! Уяттуу жерлерин коргосун! Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын! Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын!» (Нур сүрөсү, 31-аят).
Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун) аялзатынын кийиниш таризи тууралуу төмөнкү окуяны баян эткен: «Күндөрдүн биринде Абу Бакр кызы Асма биздин үйгө кирип калды. Үстүндө жука көйнөк бар эле. Аны көрөөр замат Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) көзүн ала качты да, мындай деди: – Асма! Аялкиши балакатка жетээри менен (жүзүн жана эки колун көрсөтүп) булардан башка денесинин кайсы бир мүчөсүн көрсөтүп жүрүшү арам болуп эсептелет!»
Жуучу түшүү, үйлөнүү жана ажырашуу
Өмүр бою эриш-аркак жашоо максатында курулган үй-бүлөгө олуттуу маани берүү зарыл. Маалым болгондой, бир кыздын колун суроо аны менен баш кошту дегенди туюнтпайт. Жуучуга барылып, куда түшүлгөн соң жигит менен кыз шарият белгилеген чектин негизинде гана жолугуп, сүйлөшө алат. Таанышкысы келип, бири-бирин көрүүнү каалап, же чогуу тамактангысы келген жаштар туугандардын (жеңелердин же эжелердин) көзөмөлүндө гана жолуга алат. Жолукканда да кол алышууга, жакын отурууга тыю салынат. Азыркыдай болуп нике кыйыла электе эки-экиден жетелешип жүрүү, эч ким жок жерде, ээн бөлмөдө болуу – бул арам жана чоң күнөө. Мына ушундай жетелешүүлөрдүн кесепетинен бүгүнкү күндө алдамайлар, зордуктоолор күч алып, ата-эне, тууган-урук жер карап, никесиз ымыркайлар төрөлүп, абийир төгүлүп, тараптардын ортосунда от чыгып, нечендер кырчын куракта бактысыз калса, нечен жаш өмүрлөр жайрап калууда. Азирети Пайгамбарыбыз дал ушуга басым жасап (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде: «Кайсы бир эркек бөтөн аял менен жалгыз калды дегиче шайтан сөзсүз үчүнчү болуп ортого кирет» деген. Ошол себептен эртеңки келечекти, абийирди, ар-намысты, акыретти ойлоп, Кудайдан корккон ата-энелер уул-кыздарга Исламды, ыймандуулукту үйрөтүп, катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш. Акылдуусунган айрым интеллигент сөрөйлөр Исламды көп нерсеге тыю салган, ээн-эркин жашоого мүмкүнчүлүк бербеген эрежелери катаал дин деп сынга алып жүрүшөт. Ошол гуманисттер кылымдын дарты саналган СПИДдин, баңгиликтин, далай кырсыкты коштоп мезгилсиз ажал алып келген араккечтиктин жана адамзатка карасантайлыктан башка пайдасы жок напсинин жамандыгын көрө билип, сезе алса кана, атаганат... Ошондо алардын көзү ачылып, Исламдын ак максатын аңдамак. Жаштарды бузукулуктан, ыплас иш-аракеттерден Ислам дининен башка эч бир дин, эч бир салт, эч бир программа тосо албайт. Муну бүгүнкү күн тастыктап олтурат. А Ислам дини болсо ак никеден жаралган ыймандуу, ырыстуу, таат-ибадаттуу, ыкластуу, илим-билимдүү урпактан куралган идеалдуу коомду курууну максат кылат.
Башта айтканыбыздай, Ислам дини үй-бүлө күтүүнү убактылуу бир мезгил үчүн эмес, өмүр бою, жадагалса акыреттеги түбөлүктүү түгөнбөс жашоодо да чогуу болсо деген улуу максатта карайт. Мына ошол себептен динибиз келечекте курула турган үй-бүлө түзүмүн жана балдарды көңүл чордонуна жайгаштырып, үй-бүлө курууга алгачкы кадамдарды таштап жатканда жубайлар эмнелерге көңүл бурса жакшы болоорун кылдат аныктап, зарыл эрежелерди койгон. Эреженин эң башкысы, албетте, такыбаалык. Анткени жубайлардын бирөөсү гана ыйманы сус болуп, напсиге оңой жеңилип берсе, анын Ислам динине жатпаган иш-аракети, ыкшоолугу убакыттын өтүшү менен экинчи адамга, перзенттерге сөзсүз жугат. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген турмуштук тажрыйба муну тастыктап келет. Асыресе ата-эне перзенттерине Алланы таанытпаса, ыйманды үйрөтпөсө, акысын бербесе, акыретте кыйын абалга дуушар болот. Азирети Умар Ислам мамлекетинин халифасы болуп турган кезде бир адам уулунун начар чыккандыгын даттанып халифага келет. Халифа атанын арыз-муңун уккандан кийин маселени чоо-жайын иликтөө максатында баласын чакыртып, эскертүү берет. Катуу ойлонгон бала халифадан сурайт:
– Халифам. Өзүңүз айткандай балдардын мойнунда ата-эненин акысы бар экен, ага макул дейли. А ата-эненин мойнунда балдардын акысы жокпу?
– Албетте бар. Ата эң башта келечектеги таза урпак үчүн ыймандуу эне тандашы керек, перзенттерине жакшы ысым коюшу керек, замандын шартына ылайык окутуп, таалим бериши керек.
– Халифам, чынын айтайын, менин ата-энем сиз айткандын бирөөсүн да аткарган эмес. Атам бир отпарастын күңүнө үйлөнүптүр, энемдин Исламдан эч кандай кабары жок. Мени окутмак тургай, жакшы тарбия беришпеди.
Баланын жообун уккан халифа даттанып келген атага баш чайкап мындай дейт:
– Балаң сенин эмес, сен балаңдын акы-укугун тебелептирсиң.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде мындай деген: «Негизинен эркектер аялдын байлыгына, сулуулугуна, тегине (атак-даңкына) жана динине карап үйлөнөт. Сен бейпил турмуш кечирүү үчүн ыймандуусун танда!». Кутман Пайгамбарыбыздын хадисине ылайык эркек болсун, аял болсун, ар бир мусулман турмуш курардан алдын жети өлчөп, бир кесип дегендей, жакшылап ойлонушу керек. Үйлөнгөндөн кийин деле ыйманды коргоп, такыбаалыкты туу тутуп, өз үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөгө үлгү болгудай деңгээлде таат-ибадатка бек болуп, Алланын ыраазылыгына ылайык өмүр кечирүү зарыл.
Аруу тилек, улуу максат менен баш кошкондон кийин турмуштун ысык-суугунда, ачуу-таттуусунда сабырдуу болуп, туура чечим чыгаруу, албетте үй-бүлөнүн бекемдигин сактайт. Турмуш болгондон кийин казан-аяк кагышпай койбойт. Биз бул жалганга ансыз деле сыналууга келгенбиз. Сыноонун талабына ылайык кубаныч-кайгы, ый-күлкү, молчулук-жокчулук, жакшы-жаман, иши кылса баары адамды эриш-аркак коштоп жүрөт. Бактылуулук байлыкта, акчада эмес экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Болгону барга көппөй топук кылып, азга чөкпөй канаат кылып, Алладан жалаң гана жакшылыктарды, ынтымакчылыкты тилегенибиз дурус. Жубайлар бири-бирин жөлөп-таяп, ар кандай жагдайларда тең салмактуулукту сактап, жоопкерчиликти тең аркалап, динибиздин буйруктарын орундатууда бири-бирин көзөмөлдөп, көмөкчү болгон сайын мындай бүлөлөргө Алланын берекеси, мээрими жаагандан жаайт.
Ооба, Исламда ажырашууга тыю салынган эмес. Ошондой болсо да болоор-болбос нерсени шылтоолоп ажырашуу адамга күнөөдөн, бушаймандыктан жана абийир азабынан башка эч нерсе алып келбейт. Бул жагдайга токтолгусу келген Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: «Алланын даргөйүндө адал нерселердин эң жагымсызы – ажырашуу». «Эч кандай себепке таянбай туруп күйөсүнөн талак сураган (ажырашам деген) аялга бейиштин жыты арам кылынган». Бул хадистер ажырашуунун өтө жагымсыз, көп машакатты коштоп келе турган кесепеттүү иш экенин айгинелеп турат. Ажырашуу – арга түгөнгөндө, башка жол калбай калганда гана колдонула турган акыркы чара экенин эстен чыгарбасак. Перзенттердин жана коомдун бактылуу келечеги үчүн ата-эне катары турмуштун анча-мынча сыноолоруна сабыр кылып кайыл болууга аргасызбыз.