Жыйырма биринчи сан

Ибрахим (алейхиссалам) Вавилондун чыгыш тарабындагы түштүктөн түндүктү көздөй жүздөгөн чакырымга созулуп жаткан Тигр жана Эфрат дарыяларынын ортосунда жайгашкан аймакта жарык дүйнөгө келет. Ишенимдүү маалыматтарда анын чыныгы атасы Тарух ысымдуу момун киши болгон деп айтылат. Тарух дүйнөдөн өткөндөн кийин иниси Азар салт боюнча өз жеңесине үйлөнөт. Ошентип, бутпарас Азар Ибрахимге өгөй ата болуп калат. Башка бир жазма булак боюнча Тарух Ибрахимдин атасынын эски аты. Бутпарас болгондуктан ага Азар деген ат коюлган экен.
Имам Суютий болсо Ибн Аббастан келген риваятка таянып, Азар Ибрахимдин атасы эмес, атасынын иниси экендигин кабарлайт.
Ибрахим пайгамбар Азирети Мухаммаддан (саллаллаху алейхи васаллам) кийинки адамзаттын эң ардактуусу, эң шарапаттуусу болуп саналат. Алла Таала аны «халилим» (досум) деп ардактаган. Мына ушул себептен ал «Халилур-рахман» деген ысым менен да эскерилет. Ага «он барак» шарият мыйзамдары түшүрүлгөн. Айрым булактарда ал «Абул Анбия» - «Пайгамбарлардын атасы» деп аталат. Мунун да жүйөсү бар. Анткени андан Исмаил, Исхак аттуу эки туяк калган. Бул инсандарга кийин пайгамбарлык вазийпа жүктөлгөн. Азирети Исмаилдин тукумунан Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам), ал эми жөөт элинен чыккан пайгамбарлар Азирети Исхактын тукумунан чыккан.
Ибрахим (алейхиссалам) өз доорундагы Калданий коомуна пайгамбарлык вазийпа менен жөнөтүлөт. Бул коомдун өкүмдары Намруд алгач такка келген мезгилдерде адилеттүү жана ынсаптуу падыша болот. Агезде коом жыдыздарга жана буттарга табынар эле. Ошентип, элдин аша сыйчылдыгы Намрудду текеберликке жеткирет. Мезгилдин өтүшү менен Намруд чектен чыгып айкелдерди жасаттырат да: «Мен да кудаймын! Мага да сыйынгыла!» - дейт коомуна.
Бул тууралуу Куранда минтип баяндалат: «Алла падышалык (Ээлик) бергендигин Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө талашкан (адам) тууралуу билесиңби? Ошондо Ибрахим: «Менин Эгем жанды алат жана тирилтет» - деди. Ал: «Мен өлтүрө да, тирилте да алам» - деп айтты. Ибрахим: «Чындыгында, Алла күндү чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?!» – деди. Ошондо каапыр (Намруд) эмне дээрин билбей калды. Алла заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт» (Бакара сүрөсү, 258-аят).
Бул аят ошол эле учурда Алла Таала берген нематка Намруддун кесирлик кылганын ачык-айкын айгинелеп турат.
Аятта: «Биз Ибрахимге (балакатка жете электе эле) рушд бердик» (Анбия сүрөсү, 51-аят) деп баяндалат. Аяттагы «рушд» деген сөз: Ийри менен туураны, кара менен акты, адал менен арамды ажырата билүү жөндөмү деген маанини туюнтат. Ибрахим (алейхиссалам) мына ушул жөндөмүнүн шарапаты менен эч кимден таалим-тарбия албай эле нечендеген улуу чындыктарды даршан этип, тавхид ишенимине жол башчылык кылган.
Азирети Ибрахим эң оболу атасы Азарды тавхидге чакырат. Ал атасына абдан сылык жана сыпаа кайрылат: «Атаке! Сен эмне үчүн кулагы укпаган, көзү көрбөгөн жана сага эч бир пайдасыз бутка ибадат кыласың?» (Марям сүрөсү, 42-аят).
,b>«Атаке, чындыгында сенде жок илим мага берилди. Демек, мени ээрчигин, сени туура жолго баштайын» (Марям сүрөсү, 43-аят).
Уулунун уңгулуу сөзүнө бир чети таң калса, бир чети анын акыл үйрөтүп жатканына ачуусу келип: «Эй, Ибрахим! Сен менин кудайларымдан жүз үйүрүп жатасыңбы? Эгер сен (буттарга тил узатууну) токтотпосоң, сени таш бараңга алганга касам ичем. Мага жолобо, кет бул жерден!» (Марям сүрөсү, 46-аят) дейт.
Атасынын ачуусу жүзүнө тээп, кабагынан каар жааганына карабай сыпайы кайрылат: « Сага Жараткандын ыраакымын тилейм! Эми мен Жараткандан сенин кечирилишиңди сурайм. Шек-күмөнсүз Ал мага мээримдүү Зат» (Марям сүрөсү, 47-аят). Мындай сурануунун туура эмес экендигин аңдаган Азирети Ибрахим суранууну дароо токтотот. Себеби каапырлардын кечирилиши үчүн эмес, туура жолго түшүүсү үчүн гана дуба кылынышы керек эле. Ибрахим пайгамбар ыйман келтирбеген атасын жана коомун: «Силер дайыма чокуна турган бул айкелдер эмне болуп калыптыр?!» (Анбия сүрөсү, 52-аят)деп аларды сынга алат.
Алар болсо Азирети Ибрахимге: «Биз ата-бабаларыбыздын аларга ушинтип сыйынганын (өз көзүбүз менен) көргөнбүз» дегенден башка жооп айта алышпайт (Анбия сүрөсү, 53-аят). «Ал: - Чынында эле силер да, ата-бабаларыңар да даана адашкан экенсиңер -деди» (Анбия сүрөсү, 54-аят).
Азар бут (идол) жасап сатып, ошону менен күн көрчү. Ибрахимден башка балдары буттарды мактап сатып, атасына жардамдашар эле. Азар Ибрахимге сатуу үчүн бут берип калчу. Ал буттун мойнуна жип байлап, жерге сүйрөп, базардын ичинде маскаралап жүрө берчү. Анан буттун башын сууга матырып: «Абдан суусагандырсың, кана, бираз суу ичип алчы!» дээр эле.
Ибрахим пайгамбар жашаган доордо Месопотомия чөлкөмүндө көп кудайлуу диндер өкүм сүрүп турган. Син аттуу ай кудайы эң чоң кудайлардан эле. Айкелчилер кооздоп жасаган буттарга элдин баарысы табынып, сыйынышчу. Ал доорлордо сыйынуучу жай жана астрономиялык изилдөө борбору катары колдонулган зиггураттар (сыйынуучу жайлар) доордун эң мыкты курулуш каражаттары менен курулган. Жылдыздарга, айга жана күнгө табынгандыктан, көк асманга ыйык деп маани беришчү. Калдани уруусу бир жылда бир жолу топтолуп, салтанаттуу майрам кылышчу. Азар Ибрахимди көнбөгөнүнө койбой майрамга ээрчитип жөнөйт. Ибрахим пайгамбар оорусун шылтоолоп, жолдон кайтат. Ал дароо убакыттан пайдаланып бутканага барат. Бутканада күмүштөн, жезден жана жыгачтан жасалган буттар бар эле. Жаалданган Ибрахим чоң буттан башка бардык буттарды таш-талканын чыгарып талкалайт да, балтаны чоң буттун мойнуна асып койот. Күн батып бараткан кезде майрам аяктап, Калданий уруусу табынуу үчүн түз эле бутканага келет. Буткананын ичиндеги төбө чачты тик тургузган чакчелекей абалды көргөн мушриктер таң калышат. Алардын оюна мындай ишке батына ала турган жалгыз Ибрахимден башка эч ким келбейт. «Бул иш Ибрахимдин гана колунан келди!» - деген бүтүмгө келишет. Талкаланган буттарга боору ооруган жээликме эл дароо Ибрахимди таап туш тараптан аны кекетип киришет. Бул окуя Куран аяттарында төмөнкүчө баяндалат: «Ал мүмкүн ушуга кайрылышаар деп, алардын (идолдордун) эң чоңунан башкасынын баарын талкалап салды (да балтаны анын мойнуна илип койду)» (Анбия сүрөсү, 58-аят). «Алар: - Кудайларыбызды ким талкалады? Ким болсо да, шексиз ал накта заалым экен. Биз Ибрахим аттуу жаш жигиттин аларды айыптаганын уккан элек. Анын элдин алдына алып келели. Мүмкүн алар күбөгө өтүп беришээр - дешти» (Анбия сүрөсү, 59-61-аяттар). «Алар (Ибрахимге кайрылып): -Эй, Ибрахим! Биздин кудайларды сен талкаладыңбы? – деп сурашты. (Ибрахим эч камырабай туруп): - Жок, балким, муну булардын чоңу кылгандыр. Эгер сүйлөй алса, сурап көргүлө! - деди» (Анбия сүрөсү, 62-63-аяттар). «Андан соң алар кайра: - алардын сүйлөй албаганын сен да билесиң - дешти» (Анбия сүрөсү, 65-аят) «Анда (Ибрахим): - Силер чын эле силерге пайда да, зыян да келтире албаган Алладан башка нерселерге сыйынасыңарбы?!- деди» (Анбия сүрөсү, 66-аят).
Анын мынчалык курч, нары өктөм сөзүнүн төркүнүн эми баамдагандай, анык кылмышкер ушул турбайбы деген ойго келишет. Ары жакта талкаланып жаткан буттарды көргөн сайын ызырынып, көкүрөккө ширеп калган каапырлык зарде менен Ибрахимди өлүмгө буйрушат: «Аны өрттөп жибергиле! Эгер аны (өрттөй) алсаңар, өз кудайыңарга жардам кылган болосуңар!» (Анбия сүрөсү, 68-аят).
Азирети Ибрахимдин отко ташталышы
Бутпарастар жооп таба алышпай, какап чакап, ары ойлонуп, бери ойлонуп, бул окуяны эл башкарган өкүмдар Намрудга билдирүүнү эп көрүшөт. Улуулардан бир топ адамды кабар берүүгө жөнөтүшөт. Падыша адилеттүүсүнүп балакайды алдына алып келүүгө буйрук кылат. Намруддун алдына кирген ким болбосун ага жүгүнүп, сажда кылып анан башка сөзгө өтөөр эле. Эреже ушундай эле. А Ибрахим (алейхиссалам) болсо өзүн эркин сезип, падышага сажда кылбайт. Анын мындай кенебестигине ачууланган Намруд, Ибрахимден (алейхиссалам) бул жоругунун себебин сурайт. Ибрахим пайгамбар:
– Сени жана мени жараткандан башка эч кимге жана эч нерсеге сажда кылбаймын!..-деп кесе айтат.
– Сенин Кудайың ким өзү!
– Пендезатты өлтүрүүгө жана тирилтүүгө күч-кудуреттүү Алла Таала.
Намруддун оюна бир шойком кылт дей түштү белем, жүзү тамылжып чыгат:
– Эй! Антип өлтүрүү же тирилтүү менин деле колумдан келе турган иш! –деди да, дароо зындандан эки кишини алып келүүгө буйрук берет. Падышанын сөзү эки болчу беле. Зындандан алынып келинген эки кишинин бирөөсүн анын көзүнчө өлтүрүп, экинчисин болсо эркин койо берет да, алаканын шак чаап:
– Мына көрдүңбү? Сен айткан нерсени мен да жасай алам – деп, өзүн эч кимге теңегиси келбей кекээрлүү каткырат.
Ибрахим пайгамбар ага дагы бир суроо узатат:
– Менин Кудайым күндү чыгыштан чыгарат. Ошончолук күчтүү болсоң, күндү батыштан чыгарчы, көрөлү! (Бакара сүрөсү, 58-аятын ).
Мындай ачуу жоопту угуп көрбөгөн Намруд каарын чачып, ага азык бербей, сарайдан айдап чыгарып салат. Аны койо берген соң түркүн ойго тушалып, ар кандай коркунучтан жүрөксүнгөн өкүмдар билермандарын топтоп «Аны кантип жазалоо керек?» деген суроону ортого салат. Канун аттуу карамүртөз чоң от жагып, аны өрттөп жиберсек деген пикирин билдирет. Анын бул сунушу бутпарас атпайдын баарына жагып, көпчүлүктүн колдоосун табат. Отту жагуу үчүн бир ай бою отун ташылат. Маңкуртка айланып калган наадан калк:
-Бул адам биздин буттарга каршы чыгып жатат! – деген чолок ой менен отун ташышат. Бутпарастар тоодой кылып үйгөн отунга ар тарабынан от коюшат. Дөбө болуп үйүлгөн отун заматта алоолонгон чоң өрткө айланып, жалындын кызыл тили соймоңдоп, тээ бийиктерге көтөрүлөт. Жадагалса оттун табынын ысыктыгынан жакын арадан канаттуу да учпай калат. Кызык тамаша көргөнү келгенсип эл аябай көп жыйылат. Белгиленген убакыт келгенде колу-буту чынжыр байланган Ибрахим пайгамбарды элдин алдына алып чыгышат.
–Тигине, апкелетат. Ушуну гана көрмөк! - дешип баары табалашат. Бирок ал Жараткандын сүйүктүү пайгамбары болгондуктан жаны кылыч мизинде турганына карабастан, өзүн Алла Таалага арнап, тобокел кылып, кыпындай да кооптонууну сезбегендей жайбаракат басып келет.
Асман-жердеги бардык периштелер буга нааразы экендигин билдиришип:
«Оо, Жараткан Улуу Алла! Сени гана зикир кылган, Сага гана ишенген кулуң Ибрахим отко ташталуунун алдында турат! Ал дайыма Сени гана эстеген ыкластуу пайгамбар эле. Ага жардам кылуу үчүн бизге уруксат бер!» деп жалбарышат.
Алла Тааладан уруксат алаары менен бир периште Ибрахимге (алейхиссалам) келип:
- Ушул тапта шамал менин өкүмүмө берилди. Эгер кааласаң, от-жалынды жалп өчүрүп салайын! - дейт.
Экинчи периште: –Эй, Ибрахим! Азыр суулар менин өкүмүмдө турат. Кел, эгер кааласаң, ушул алоолонгон отту дароо өчүрүп салайын! - дейт.
Үчүнчү периште: –Ибрахим, кааласаң, менин өкүмүмө берилген жерге мобул отту жуттуруп жиберейин! - дейт. Азирети Ибрахим периштелерге сыпаа гана жылмайып:
– Дос менен достун ортосуна аралашпай тургула! Алла Талам эмнени каалаган болсо, ага мен ыраазымын! Эгер куткарса, Ырайымынан; ал эми куйкаласа, менин кемчилигимден. Сабыр кылармын, буюрса - деп жооп кайтарат.
Аскерлер Ибрахимди (алейхиссалам) атайын ыргытуучу куралдын учуна бек байлап, мына ыргытабыз деп буйрукту гана күтүп турган кезде ал: «Алла Таалам Өзү жетиштүү! Ал кандай гана жакшы Өкүл!..» деп турду дилинен. Буйрук берилген кезде Жабраил (алейхиссалам) келип: – Айта турган тилегиң барбы? - деп сурайт.
Ибрахим пайгамбар:
– Ооба, тилегим бар! Бирок сенден эмес!… - деп жооп кайтарат.
Периште Азирети Ибрахимге таңданат: – Эмне үчүн Жараткандан суранбайсың?
Анда ал: – Менин абалымды Алла Таала жакшы билет! Мобул от кимдин буйругу менен жалындап жатат? Ушуну айтчы мага! Күйгүзүү кимдин эркинде?.. - дейт. Анын бул өзгөчөлүгүн Алла Таала мактоо менен Куранда мындайча эскерет: «Сөзүнө бек турган Ибрахим…» (Нажм сүрөсү, 37-аят).
(уландысы кийинки санда)