Жыйырма биринчи сан

Осман Нури Топбаш
Убакыт адамбаласынын эң баалуу мүлкү. Бул баалуу мүлктүн Жараткандын кечирим-ырайымы ыроолоно турган, берекеси жаай турган айрым бир мезгилдери болот. Ошол мезгилдердин эң берекелүүсү шек-күмөнсүз Рамазан айы. Ааламга агартуучу мугалим кататы жиберилген Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Рамазан айын пайадаланып калуунун жолдорун мындайча маалымдаган:
«– Оо, калайык! Баарыбыз куттуу айдын босогосунда турабыз. Ал миң айдан да пайдалуу бир түндү ичине камтыган ай. Ал Алла Таала орозо кармоону парз кылган, түндөрү ибадат кылууга мол сооптор жазыла турган ай. Бул айда салих амал менен Аллага жакындоо, башка айлардагы бир парзды орундаткан менен барабар. Бул айда бир парз ибадатты аткаруу башка айлардагы жетимиш парзды орундатканга барабар. Ал сабырдуулуктун айы. А сабырдуулуктун үзүрү – Бейиш. Бул ай башкалардын кайгы-муңуна, көйгөйүнө ортоктош боло турган айт. Бул момун мусулмандын ырыскысы көбөйтүлгөн ай. Кимде-ким бул айда орозо кармаган инсанга ооз ачырса, бул изги амалы анын күнөөдөн арылуусуна, тозок азабынан кутулуусуна жана өз сообунан эч нерсе кемитилбестен орозо кармаганчалык соопко эгедер болушуна шарт түзөт» (Али ал-Муттакий, VIII, 477/23714).
Улуу мүмкүнчүлүк
Ыйык Рамазан – жан-дүйнөлөрдө береке-кут оргуштап ташыган, руханий көктөм көрктөнгөн мезгил. Куураган ыйман көкүрөктөрү жарамдуу (салих) амалдар менен жаңырып, соолуган жүрөктөр такыбалык аркылуу өз ордуна келет. Бул ай баштан-аяк руханий олжо топтоо мүмкүнчүлүгү менен толтурулган.
Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана албагандардын кандай гана чоң зыянга учурай турганын төмөнкү хадис билдирет:
«Минбарда турганымда Жабрайил келди да: «Ыйык Рамазанга жетип, кечирилбеген жан ырайымдан куру калсын!» деди. Мен болсо, «Оомийн!» дедим... .» (Хаким, Мустадрак, IV, 170/7256; Тирмизий Даават, 100/3545).
Рамазан айынын ар бир күнү момун мусулман үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенинде талаш жок. Ал баштан-аяк Мээримдүү Жараткандын берекеси жааган ай. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул акыйкатты мындайча түшүндүргөн: «Куттуу Рамазандын башында ырайымдуулук, ортосунда кечиримдүүлүк, соңунда тозоктон кутулуу бар...» (Ибн Хузайма, Сахих, III, 191).
Куран жана Рамазан
Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп буюрган: «Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбө болсо орозо тутсун!» (Бакара сүрөсү, 185-аят).
Аятта Ыйык Курандын Рамазан айында түшүрүлө баштаганы, ал акыйкат менен жалганды, жакшы менен жаманды бири биринен айырмалаган, даанышман кеп ташкындаган Китеп экени маалымдалгандан кийин, бул касиеттүү айга жеткен адамдын Орозо кармашы парз экени айтылууда.
Абдуллах ибн-и Аббас (Алла ага ыраазы болсун) баян этет:
«Алланын Элчиси адамбаласынын эң берешени эле. Ал айрыкча Рамазан айында Жабраил менен кездешкен учурларда бөтөнчө берешен болоор эле. Рамазандын ар бир түнү Жабраил (алейхис салам) (вахий алып келгенден тышкары) менен Азирети Пайгамбарыбыз экөө бири-бирине Куран окуп берише турган» (Бухарий, Бадул вахий, 5, Савм, 7; Муслим, Фазаил, 48, 50).
Мына ушул акыйкаттарга ылайык, рухий берекесинен пайдаланып калуу үчүн Рамазан айында көп-көп Куран окуп, окуганыбызга амал кылып, өзүбүздү чыныгы момун мусулмандыкка тарбиялашыбыз керек. Анткени Пайгамбарыбыздын бир хадисинде: «Орозо менен Куран кыямат күнү пендеге шапаат кылат» деп айтылат (Ахмад бин Ханбал, Муснад, II, 174).
Теңдешсиз ибадат
Орозо талыкпастан эмгектенүүнү, ээ болгон нерселерине ыраазы болуп, канааттанууну, чыдамкайлуулукту жана ушуга окшош жакшы адеп-ахлакты үйрөтүп, ачкачылыкта ырыскы-ниметтин кадырына жеткизе, бей-бечараларга, колунда жокторго боор оорууну, мээрим көрсөтүүнү күчөтөт. Ушундан улам орозо – коомдук турмуштагы көрө албастык, душмандык, жек көрүү, кызганыч сыяктуу элди бейкутсуздукка такаган жамандыктарды жоюудагы эң таасирдүү теңирдик фактор. Андыктан орозо – бир гана мусулмандарга эмес, бизден мурда келген үммөткө да парз кылынган ибадат. Алла Таала бул тууралуу мындай дейт: «Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле, силерге орозо парз кылынды, балким, такыба ээлери болорсуңар.» (Бакара сүрөсү, 183-184-аяттар).
Орозобузга зыян бере турган бардык жаман иш-арекеттерден узак болушубуз зарыл. Айрыкча, ачуулануудан өтө оолак болуш керек. Башка бир куттуу хадисте мындай деп айтылар: «Орозо кармаган адам жаман сөз айтпасын жана бирөө менен чатакташпасын.. Эгер бирөө сени сөксө, же сага түркөй мамиле кылса, өзүңө «Мен орозомун!» деп, сабыр кыл!» (Бухарий, Савм, 9).
Анткени Ыйык Рамазандын башка бир аты - «Сабыр айы». Орозонун арабча аталышы «савм» болушу себептүү, кээ бир тафсирчилер Куранда эскерилген бул сөздүн «сабыр кылуу» деген мааниге келерин билдиришкен. Бул мааниде савм, т.а., «орозо» «напсини тизгиндөө, тырышуу жана кыйындыктарга чыдоо» дегенди билдирет.
Орозо – бул, напсилик арзуу-каалоолорду жойгон, материалдуулуктун туткунунан куткарып, «сабыр» деп аталган эң жогорку адеп-ахлакка ээ кылган бир ибадат. Ошондуктан Азирети Пайгамбарыбыз: «Орозо – сабырдын жартысы.» деген (Тирмизий, Даават, 86).
Ар бир мүчөбүз менен орозо кармайлы
Рамазан айында күндүн белгилүү убагында адал кылынган айрым нерселерден узак болуунун өзү эле арам жана шектүү нерселерден канчалык деңгээлде качышыбыз керек экендигин таасым чагылдырып турат. Кармалган орозонун кабыл болушу үчүн курсактын ачкалыгынан да тил, көз, кулак жана башка мүчөлөрдү күнөөдөн сактоого милдеттүүбүз.
Алланын элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Орозо – орозо кармаганга (туура эмес нерселер себептүү жексен болмоюнча) калкан болот.»
Анда андан минтип сурашат:
– Орозо эмне менен жексен болот?
– Жалган жана ушак-айың кеп менен! - деп жооп берет Пайгамбарыбыз. (Насаий, Сыям, 43)
Анткени жалган жана ушак айткандар күндүзү адал тамактардан напсилерин токтотуп, орозо кармашат, бирок жалган жана ушак-айың себептүү рухий түрдө адам этин жеп, арам тамак менен ооз ачкан болушат. Ушинтип сыртынан орозо туткан болуп, рухий түрдө ушак айтуудан улам оозун ачып алгандар тууралуу Азирети Суфьян Саври такыбалык чен-өлчөмдөр боюнча:
«Ушак айткандын орозосу бузулат.» - деген.
Башка бир хадисте мындай деп айтылат:
«Жалган айткан жана алдамчылык менен иш жүргүзүүнү таштабаган адамдын орозосуна Алла муктаж эмес» (Бухарий, Савм, 8).
Орозонун үзүр-сообу Жараткан Алланын даргөйүндө катылуу. Кудсий хадисте: «Орозо кармаган адам Менин ыраазылыгым үчүн тамак жебей, суу ичпейт, жыныстык кумарын тизгиндейт. Орозо түздөн-түз Менин ыраазылыгым үчүн кармалган ибадат. Ар бир жакшылыктын үзүрү он эсе көп сооп, а орозонун үзүрүн Өзүм берем» (Бухарий, Савм, 3).
Бир чети орозо кармаган адамдын адеп-ахлагы кандай болушу керектигин, бир чети орозо кармоонун үзүрү тууралуу төмөнкү аятта мындай деп айтылат:
«Ырасында, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармаган аялдар, уяттуу жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер менен уяттуу жерлерин (арамдан) сактаган аялдар, Алланы көп зикир кылган эркектер менен аялдар жокпу (араңарда)? Алла Таала аларга үлкөн сый даярдаган» (Ахзаб сүрөсү, 35-аят).
Кадыр түн
Кадыр түн – көптөгөн үммөттөрдүн ичинен Мухаммад Пайгамбарга гана өзгөчө сый катары ыроолонгон эң бай рухий казыналардын бири. Анын касиеттүүлүгү, улуулугу жана маанилүүлүгү өзүнчө бир сүрөдө жана бир нече хадистерде ачык маалымдалган. Алла Таала бул түндүн шаң-шарапатын мындайча даңазалайт:
«Акыйкатта Биз аны Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн – миң айдан да артык (ай). (Ал түндө) Алланын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух (Жабраил) жер бетине түшүшөт. Ал (кадыр түн) таң атканча тынчтык-амандык» (Кадыр сүрөсү, 1-5-аяттар).
Бул берекелүү мээрим жана кечирим айында биз бөтөнчө маани бере турган нерсе – кадыр түндү сергек тосуу.
Кадыр түн – Курандын түшүшү менен нурданган, Жабрайил жана башка периштелердин катышуусу менен руханий атмосферага бөлөнгөн. Момундарга көрүнбөгөн нурдуу периштелер тарабынан салам берилген бул түн – Алланын пенделерине береке-кут толгон мээрими, ырайымы.
Кадыр түн – Азирети Пайгамбарыбыздан (саллаллоху алейхи васаллам) руханиятка, кечиримге бай бөтөнчө бир түн. Кадыр түндүн бул бөтөнчө артыкчылыгы себептүү Алла Элчиси саллаллаху алейхи васаллам) аны Рамазан айынын ар бир түнүнөн издеген. Арийне, Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген: «Кадыр түндү анын ыйыктыгына, пазилетине ишенип, сообун жалгыз Алладан гана күтүп, ибадат менен өткөргөн кишинин (пенде акысынан башка) бардык күнөөлөрү кечирилет» (Бухарий, Муслим).
Азирети Аишанын: – Пайгамбарым! Кадыр түндүн кайсы түндө катылуу экенин билсем, кантип дуба кылайын? – деген суроосуна Алла Элчиси мындай деп жооп берген: «Оо, Жараткан Алла Таалам! Сен чыныгы Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң. Менин күнөөлөрүмдү кечир!» деп дуба кыл! – дейт.
Айт майрамы
Рамазан айы такыбаалыктын мектеби болсо, айт анын рухий күбөлүгү. Ошондуктан Орозо айт менен Курман айттарды дем алыш күнү катары майрамдап өткөрүү зарыл. Акыйкатта майрам Алла Тааланы эстеп зикир кылуу, шүгүрчүлүк билдирүү максатында курмандык чалынып, тууган-урук менен болгон байланышты чыңай турган күн.
Майрам – чоң-кичине, оору-соо, бай-кедейлердин орток кубанычы. Булардын бардыгынын ыраазы болушу майрамдын чыныгы маанисинде тосулушу аркылуу жүзөгө ашат. Андыктан майрам Жараткан үчүн бүткүл макулуктарды сүйүүгө, аларды аяп, назик мамиле кылууга жана кам көрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Кимде-ким бул күндөрдө Алланын ыраазылыгы үчүн адамдарды кубантса, ал адамды Алла Өзү кубантат.
Майрам күн кордук-ыза көргөндөрдү, багар-көрөрү жокторду жана кыйналгандарды кубантуу менен башталышы зарыл. Ыйык хадиске ылайык ал жардамга, мээримге баарынан көбүрөөк муктаж болгон маркумдарыбыздын рухтарына Куран окуу менен башталганы эп. Муну менен маркумдар менен тирүүлөрдүн кусалары жазылып, тирүүлөр маркумдардын алдындагы карыздарын өтөшөт. Биз азыр маркумдарды эскергенибиздей эле, бир күнү биз да дал ушундай тирүүлөр тарабынан эскериле турганыбызды унутпай жүргөнүбүз биз үчүн абдан маанилүү. Биздин ата-бабаларыбыз жашоонун акыбетин аңдап, андан ибарат алыш үчүн, көрүстөндөрдү көбүнчө жолдун боюна курушкан. Балдарыбыз – биздин келечегибиз. Майрам күндөрү аларга көңүл бөлүп, тиешелүү милдеттерибизди аткаруубуз эртеңки күндүн пайдубалын бекемирээк түптөө дегенди билдирет.
Айт майрамы Кудайы сынактан ийгиликтүү өткөн пендезаттын акыреттеги сүйүнүчүн чагылдырган бул дүйнөдөгү көрүнүшү. Бахлул Дана мындай деген: «Жаңы жана кооз кийимдерди кийгендер үчүн эмес, анык майрам Кудайдын азабынан, түбөлүктүү азап-кайгыдан куткарылган пенделер үчүн. Майрам жал-куйругу төгүлгөн, кебети келишкен унааларга мингендер үчүн эмес, анык майрам көнүмүш адатын, кемчилик-катасын таштап, ак жолго түшүп чыныгы мусулманга айлангандар үчүн...»
Жыйынтыктап айтканда, куттуу Рамазан айынын ар бир таңын сергек окулган тахажжуд намазы, ой чабыт, зикир жана Куран окуу, күдүздү ыклас менен окулган ибадат, парз, сүннөт, нафил, таравих жана башка сооптуу амалдарды аткаруу менен өткөрүшүбүз абзел. Талыкпай, көп-көп Алла Тааладан кечирим сурайлы. Эл-журтка амандык, ыймандуулук, мусулман коомчулугуна ынтымак, биримдик, молчулук, өнүгүү тилеп, Жаратканга жалбаралы. Кайыр садаканы көп берип, муңдууларды, жетимдерди кубанталы.
Оо, Жараткан Алла Таалам! Түбөлүктүү акыретке карай баратабыз. Ыйманыбызды саламат кыл. Акыретте ыйманыбыз өзүбүзгө тийген күн болсун, пайгамбарларга жана салих инсандарга дос кылып, иралды Өз ырайымың менен, аткарган амалдарыбыздын сообу менен анык бак-таалайга жеткир! Оомийн!