Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Биздин эл иммунитети жок кишиге окшоп калды
   

Көп жылдан бери мусулман кыргыз журтчулугу үчүн күйүп-жанып, асыресе, үй-бүлө, таалим-тарбия жаатында далайлар даай албаган калыс сөздү айтып, ийгилик коштогон иштерди жасап келген Өзбек ажы Чотонов деген инсанды билбеген кыргыз жок болсо керек. Башканы билбейм, жеке мен ак Исламга кара көө жапкысы келген эл бузар, дин бузарларга, ашынган атеисттерге, ириңдеген илимпозсөрөйлөргө тарыхты, акыйкатты көзгө сайып, кыргыздын келечегин Батышча тарбиялагысы келгендер менен талыкпай күрөшүп, ооз эки түрдө да, басма сөздөн да татыктуу жооп узатып, ыйманды элге жеткирсек деген тилек менен түмөн түйшүккө кайыл боло телестудия ачып, китептерди жазып, бир эмес эки үй-бүлөнү багып, үлгүлүү турмуш кечирип келаткан Өзбек аганы чынында мактоого татыктуу инсан деп эсептейм.

Урматтуу окурмандар! Өзүңүздөр күбө болгондой, бул санда үй-бүлө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары деген орчундуу теманы козгодук. Анда аталган маселелер тууралуу маекти назарыңыздарга сунабыз.

– Ажыке, азыркы кыргыз үй-бүлөсүнүн абалына кандай баа бересиз?

– Азыркы кыргыз үй-бүлөсү, баары дебейли, дээрлик жарымы кооптуу абалда. Ынтымак жок, чыр-чатак, уруш-талаш, ажырашуу көп. Кимдин кандай укугу, кандай милдеттери бар экендигин көпүчүлүк эл билбейт.

Мурдалары кыргыздын он, ондон ашык балдары болсо, азыр заманга шылтап, жумушка шылтап кыскарып, кыскарып олтуруп бирден-экиден перзентти араң асырап калдык. Кээ бирлерибизде ал да жок. Бүгүнкү күндө жашы кыркка чыкса да бойдок жүргөн эркектерибиз да, аялдарыбыз да толтура. Бул көрүнүштөр кыргыздын учугу кыскарып баратат дегенди туюнтат. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, ажырашуулар көбөйө берсе, бала төрөө азайа берсе, анда биздин элдин келечегин ким улайт?! Жанагындай чуулгандуу, кор турмуштан көңүлү калган аял да, эркек да көпкө чейин үй-бүлө күтпөй жеңилине качып, анын натыйжасында аягы суюктук, бузукулук күч алат.

Дагы бир кейиштүү жагдай, акча табабыз деген чолок түшүнүккө жетеленип ата-эне сыртка чыгып кетти, балдарыбызга, кыздарыбызга көңүл бурбай калдык, таалим-тарбия жетиштүү берилбей калды. Балдарды баккан тарбияга кирбейт. Тарбия деген наристе бойго бүткөндөн тарта төрөлүп, бой жетип, өз алдынча турмуш куруп кеткенге чейинки узун убакыт ичинде кынтыксыз, кыйшаюсуз жүзөгө ашырыла турган маанилүү парз.

– Феминизм боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Феминизм – бул табиятка карама-каршы иш жүргүзгөн, батыштан чыккан кыймыл. Булар эркекти сайпаначалыш кылып, аялды эркекчалыш кылып, мерезге айлантуунун үстүндө иш жүргүзүшөт. Бул бузуку аракет биздин маданиятыбызга такыр туура келбейт. Үй-бүлөдө эне мээримдүү, ата камкор, кыраакы болушу керек. Мына ушул феминизмдин кесепетинен башаламандык өкүм сүрүп, эркектерибиз, а тургай кыздарыбыз кылыктана жарым жылаңач абалда сүрөткө түшүп, анысы менен мактанып көчөлөргө жарнак-көрнөк үчүн илип калды. Кандай гана ыплас ишке барба, алар демократияга, модернизацияга шылтап, аныңды жактап, сени коргоого алып жатышат. Айрыкча мээси батыштын миң жылдык кутум программасынын модернизация деген сыпайы уусуна сугарылган өзүбүздүн эле атуулдар кыргызымдын кан-жанынан жаралган кыздарды жалаңачтап, сулуулар конкурсун өткөрүп, абийирди тепсеп жатканы өзөктү өрттөйт. Феминизм элдин уялуу, ийменүү деген асыл сезимин уулап, тамырыбызга балта чаап салды. Эркек менен эркектин бачабаз болуп, кыз менен кыздын жетелешип, (айткандан да уялат экенсиң, күлүп) лезбиянка болуп шилекей алышып жүрүшүнүн бара-бара өөн учурабай калышы биздин эл үчүн өтө өкүнүчтүү. Жакшылыкта да, жамандыкта да ичимдикти ченебей, ылгабай ичүү, жаш-кары, аял-эркек дебей тамекини тандап чегүү менен өзүбүздү өзүбүз тукум курутка түртүп жатабыз. Арак менен тамекинин зыяндуулугун айтып медицина кан какшап келет. Маселен жалаңач киндик, ачык төшкө суук да, сук да тийет. АНАН КАЙДАГЫ ДЕНИ САК УЛУТ, КАЙДАГЫ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК???

Адамзат тарыхына кылчайсак, адеп-ахлактын тайыздыгынан улам, пайгамбар көрсөткөн туура жолго түшпөй, жанагындай бачабаздыкты токтотпостон, тескерисинче жайылышына көмөк көрсөткөн коомдорду Алла Таала алаамат апаатка каптатып орду-түбү менен жок кылган. Жок кылганда да кыяматка чейин жашай турган адамзат сабак алсын деп, чапташкан абалында таштай катырып салган. Батыштын музейлеринде алар азыр сакталуу турат.

Табиятынан эркек аялга, аял эркекке эч кандай окшош эмес. Алла Таалам эркекти кара жумуш үчүн каруулуу, күчтүү кылып, дене түзүлүшүн да салмактуу, олбурлуу кылып жаратса, аялзатын адамзат урпагын улоочусу катары мээримдүү, назик, боорукер, үй-тиричилигине ылайыктуу кылып жараткан. Үйдөгү эч жерде кездешпеген бир башкача мээримдүүлүк атмосферасын жаратуу, тазалыкты сактоо аялдын гана колунан келет. Биз динден улам алыстаган сайын жаман нерселерге кириптер болуп жатабыз. Бойдон түшүү, кандын азайышы, нерв клеткаларынын чарчашы, стресс, депрессия, келбеттин бузулушу жана башка көптөгөн илдеттер аздектеле турган аялзатынын кара жумушка ашкере аралашып кеткендигинен пайда болуп, улуттук көйгөйгө айланган кербези.

– Эгемендүүлүктү алганыбыздан бери көптөгөн уюмдар түзүлүп «Демократиялык коомдо аял укуктары!» деп ураан чакырып, укук коргоо жаатында иш алып барымыш болуп жатышат. Биз билген жана билбеген көп уюмдар кимдер тарабынан каржыланып жатат деп ойлойсуз? Бул уюмдар чындап эле аял укугун коргоп жатабы же кандайдыр бир заказдарды аткарып жатабы?

– Албетте өлкөбүздөгү уюмдар, коомдор атайын даярдалган программаны аткарып жатышат. Болгондо да мусулмандардын үй-бүлөсүн бузуу, ата-бабабыз мураска калтырган асыл баалуулуктарды, пайдалуу, жакшы салт-санааларыбызды, адеп-ахлагыбызды жок кылуу, таанылгыс абалга жеткирүүгө багытталган мерчемдүү иштерди жүргүзүп жатышат. Атап айтсак, гендерлик саясат, аялдын иштөө, ээн-эркин жүрүү укугу, үй-бүлөнү пландаштыруу, кыскартуу, мектеп курагындагы өспүрүмдөргө сергек сезим деп жаман нерсени үйрөтүү, ооруудан канткенде сактанабыз деп презерватив таратып никесиз жыныстык катнашка жол ачуу сыяктуу көп иштер демократиянын шарданы менен кенен-чонон жүрүп жатат. Анан бул уюмдар аялдарга эркектердин укугун талаштырып жатат. Укуктан алдын аялзатынын мойнунда милдет деген нерсе бар. Булар милдетти унутта калтырып укукту талаштырып, улуттун үй-бүлөлүк түзүмүнө кыянаттык кылып жатышат. Мисалы, бир өлкөдө президент, премьер-министр жана анын жардамчылары болот. Президенттин милдети көп болгондуктан, баарыбыздан анын көп тармакка таасир эте турган укугу чоң. «Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет» деп айтабыз. Ошонун сыңары түйшүктүү, оор милдетине жараша үйдө атанын укугу чоң болушу керек. Атага аялы, балдары, кыздары баш ийиши керек. Ар кимиси укук талашып, өз алдынча кожоюн болууга умтулса үйдө тартип болбойт. Кыргызда илгертен аялзаты келин болуп келип, балдарды тарбиялап, күйөсүнө сүйүктүү, татыктуу жар болуп, кайнене, кайнатага кызмат кылгандан кийин, байбиче болгондо гана толук кандуу укукка ээ болот. Айрыкча Ислам динибиз аялга укукту кеңири берген. Эркек аялын кийим-кечек, тамак-аш, ижарага кармаса да үй-жай менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул жерде эркектин милдетинин ичинде аял талап кылган укуктун баары жатат. Буларды эске албастан эркекке эрегишүү туура эмес.

– Өзүңүз айткандай, учурда кыргыз эли бөтөн маданиятты сиңирүүгө аракет кылып башкача бир нукта баратат. «Элүү жылда эл жаңы» деп койот эмеспи. Ушул нуктан жазбай жүрүп олтурсак, дагы элүү жылдан кийинки кыргыз үй-бүлөсүн кандай элестетесиз?

– Мен кыргыз үй-бүлөсүн эмес, кыргыз улутунун жашап, жашабашын элестете албайм. ООНдун статистикасы боюнча 2050-жылы биз жок болобуз. Мен бир нерседен шектенип турам. Бул жеке аныктамабы же азыр иштеп жаткан программалардын жыйынтыгы ушуга алып барабы? Булар эмнеге таянып биздин жок болоорубузду айтып жатышат?

– Сиз божомолду атайын даярдалган программа деп шекшинип жатасыз. Абийирсиздикте, бузукулукта бизден да алдыга кеткен өлкөлөрдүн келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Алар да жок болушабы?

– Жок болгондор жок болуп жатат. Мисалы бул жараян бизден да Россияда тездик менен баратат. Анткени бизди динибиз сактап турат. Айрыкча акыркы жылдарда намаз окуган мусулмандардын, Исламды кабыл кылган үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү, аз да болсо диний окуу жайлардагы сапаттык жылыш, түшүндүрүү иштеринин алгылыктуу жүрүп жаткандыгы үмүттү жандырды. 2035-жылы Россияда 15 000 000 эл калат деп айтылат ООНдун статистикасында. Азыр Европа элдеринде төрөө жараяны жок дегидей деңгээлде өтө аз, өлүү жараяны көп. Кабарлардан көрүп жүрөбүз, Европада төрөгөндөрдүн көпчүлүгү, көп балалуулар жалаң мусулмандар экен. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, бала төрөлбөсө, көбөйүү болбосо, өлүм көп болсо, улам барган сайын улут картая берсе, акыры барып жок болот да.

– Сиз айткан ушул кырдаалдарды алдын ала көрө билип мамлекет тарабынан чара көрүлүп жатабы?

– Бизде болгону симптом менен күрөшүү жүрүп жатат. Бул жагынан бизде эч кандай чара көрүлгөн жок. Мисалы араккечтикке, сойкулукка каршы, же үй-бүлөнү сактап калуу үчүн алдын ала мамлекет тарабынан чара көрүлгөнүн ушу кезге чейин уга элекмин. Тескерисинче, аракты, ичимдиктин түрлөрүн, айыкпас илдеттерди алып келген тамекини улуттук каналыбыз баш болуп, калган масаалык маалымат каражаттары төш болуп рекламалап жатышат. Динди болсо, тыйгандан тыйып келе жатат. Мунун баары эч кандай камкордуктун жоктугунан кабар берет. Биз кара курсактын гана камын ойлоп жашап жатабыз. Мен элүү жылдан бери ачкадан өлгөн адамды көрө элекмин, бирок улуттун жок болуп кеткенин угуп жүрөм. Эч кандай согуш болбой туруп жүз миңдеген жетимдер бар. Алардын көбүн жетимканалар асырап алган. Кароосуз калган балдардын көбү курсак үчүн күрөшүп майышып иштеп, же көчө таптап, же селсаяк болуп кеткен.

– Үй-бүлөнү бузган чоң шаарды бузган менен барабар дегенге кандай карайсыз?

– Бул эң туура, эң таамай айтылган сөз. Жадагалса, бир мамлекетти бузган менен барабар дээр элем.

– Дини, улуту үчүн күйгөн мусулман ага катары жубай тандагысы келген жигиттерге кандай кеңеш берээ элеңиз?

– Мусулман болгон соң, Пайгамбарыбыздын хидисине ылайык, эң биринчиден ыйманына, динге болгон ыкластуулугуна, адамгерчилигине, анан тааныган бирөө болсо, албетте, мүнөзүнө карагыла демекчимин. Сырткы сулуулукка арбалып акыл-эсти жоготуп койбоого чакырам. Азыркы учурда жигиттердин да, кыздардын да сулуулукка, анан байлыкка карап жубай тандаганы, баш кошуп жатканы чоң жаңылыштык. Мен аялзатынын ички дүйнөсү сулуу, жасаган иштери натыйжалуу, таза, тыкан болушу керек деп эсептейм. Сүйүүнү издеп жүрө бербеш керек, ак никенин шарапаты менен толкуну күчтүү сүйүү өзүнөн өзү пайда болот. Сүйүү үчүн эмес, мен адеп-ахлагы, адамгерчилиги мыкты, тазалыкты сүйгөн кызга үйлөнүп, чогуу ибадат кылып Алланын ыраазылыгын табайын, ата-энеме кызмат кылайын, ыймандуу перзенттерди калтырайын деген алгы максат менен үйлөнүш керек. Сулуу аял алып, аны эл алдында ээрчитип жүрөйүн деген көйрөң түшүнүктөн арылуу керек. Өзүн мусулман деп эсептеген жубайлар Исламдагы баалуулуктарды үйрөнүшү керек. Мен акылдуумун деп акылга ишенүү – бул түркөйлүк. Динсиз жашоодо ошол акылдуусунгандар көп адашып, кашыктап жыйганын чөмүчтөп чачып ичкиликке, баңгиликке берилип кеткенин турмуш өзү көрсөтүп жатат. Алла Таала «Алланын жибин (динин) бекем кармагыла!» деп жөн жерден буйруган эмес да. Алла Таала бизди жараткандан кийин жакшылык атпайды динге камтып, Исламды бизге ыроологон. Биз Жараткандын буйругуна моюн сунуп, Анын динин жашоодо жашай билсек, ошондо гана мен жогоруда айтып кеткен коркунучтардан арылабыз, мындайча айтканда, Алла тарабынан кепилдикке алынабыз.

– Алакандай болгон жергебизде кыргыздан башка дунган, чечен, даргин, уйгур деген мусулман элдер жашап келет. Бир жерде жашап, бир сууну ичип жатканыбыз менен ортодо чоң айырма бар. Алардын үй-бүлөсүнүн бекемдиги, турмушунун тыңдыгынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?

– Мунун сыры Ислам дининде. Өлкөбүздүн мыйзамдарына биздей эле баш ийип, биздей эле саясий экономикалык шартта жашаганы менен алардын жашоо ыңгайы Исламга негизделгендиктен ошол деңгээлге жетишти. Мусулманчылыктын шарапаты менен буларда ууру-кески, зинакорлук, араккечтик деген нерсе жокко эсе. Ата-энеси багылуу, карысы нарктуу, улуусу урматтуу.Үй-бүлөсүнүн саны да кыргыз үй-бүлөсүнө караганда көбүрөөк. Мен тааныгандардан жетиден, ондон, он бештен балдары бар. А биздикилерди төрөбөйсүңөрбү десең, экономиканы шылтоолойт. Мен айтаар элем, эмономиканын эч кандай тиешеси жок. Бул жерде ыйман керек. Төрөй турган аял согуш жүрүп жаткан Чеченстанда, Палестинада деле төрөп жатат. Ушу кезде аталган өлкөлөрдө төрөө үч эсеге көбөйдү деп жазып жатышат маалымат булактары. Кудайдан коркпогон аялды миллион доллар берсең да төрөтө албайсың. Мына азыр Россиянын өкмөтү чоң суммадагы акча беребиз, ай сайын жетиштүү пасобие менен камсыз кылып турабыз деп улам айтып келе жатат, жыйынтык жок, орус улутунун саны азайгандан азайып бара жатат.

Өзүбүзгө келсек, биздин эл иммунитети жетишсиз кишинин кейпин кийип калды. Жамандык атпай бизге тез эле жугуп, тез эле сиңип кетип жатат. Себеби бизде ыпластыктан, бузукулуктан, паракорчулуктан жана башка жаман иштерден коргой турган дин деген иммунитет жок болуп жатат. Бир-эки балабыз бар, алар да тарбиясыз, ата-энени укпайт. Байларыбыз абдан бай, төрт-беш үйү, эки же бир баласы бар. Негизи булардын баары «жашоого эмне үчүн келдик?» деген суроонун акыйкат жообун билбегендиктин, Кудайдан корпогондуктун, динсиздиктин кесепети.

– Атайы убактыңызды бөлүп кеңири маек куруп бергениңиз үчүн Алла ыраазы болсун, чыгармачылыгыңызды өркүндөтүп, кайратыңыздан жазбай дин Ислам үчүн, улутуңуз үчүн күйүп-жана бериңиз! Алла сизге албан ийгиликтерди ыроолосун!

Башына