Жыйырма биринчи сан

Астрахань областынын прократурасы азан чакыргандыгы үчүн шаардык мечиттин жетекчилигине штраф салды.
Астрахань областынын прократурасы түнүчүндө азан чакырып шаар тургундарынын тынчын алгандыгы үчүн шаардык мечиттин жетекчилигине административдик штраф салды. Бул боюнча прократура тарабынан протокол түзүлүп, имамга 500 рубль, ал эми мечиттин өзүнө 1000 рубль штраф салынды. Мындан кийин азанчынын үнү көчөдөгү үндөн жогору болбоого тийиш. Портал «Русская линия» www.islam.ru
Казан Ислам университетинде экономика факультети ачылганы турат
Казан Ислам университети жаңы окуу жылында дүйнөлүк экономика илими боюнча өзүнчө факультет ачууну пландаштырууда. Жаңы факультеттин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу менен бирге Ислам экономикасы боюнча билимдерин жогорулатууга укуктуу боло алышат.
Университеттин ректору Рафик Мухаммедшиндин айтымында, факультет экономиканын жалпы негиздерин камтыйт. Бул факультетке Казан шаарындагы мамлекеттик университеттердин окутуучулары чакырылган. Рафик Мухаммедшин Ислам.ру сайтына берген интервьюсунда: «Ислам экономикасы боюнча сабактар үчүнчү курстан баштап окутулмакчы. Ислам экономикасы сабагы Куала Лумпур институтунун (Малайзия) атайын окутуучулар жамааты тарабынан өтүлмөкчү. Бул боюнча келишим түзүлдү. Бул институтта Ислам экономикасы тереңдетилип окутулат» дейт. www.islam.kg