Жыйырма биринчи сан

Бир жолу ал кичинекей кызынын жылдызчалар менен кооздолгон кымбат баалуу түстүү кагазын бүктөп жаратпай салганын көрдү. Ал кагаз менен кызы бир кутучаны ороп жаткан эле, бирок канчалык аракет кылбасын, каалаганындай жасай албады. Ал кызынын мындай кылыгына ачууланып, экинчи болбогон ишке кымбат кагаздарды колдонбогун деп урушуп койду. Эртең менен ойгонуп, көзүн ачып маңдайында турган кызын көрдү. Кызы кичинекей колдоруна атасына арналган белегин, кечеги олдоксон оролгон кутучаны кармап турган эле. Ал кече күнкү өзүнүн урушканын эстеп уялып кетти да белеги үчүн кызына ырахматын айтты. Бирок кутучаны ачканда анын кубанычтуу жүзү өзгөрө түштү, себеби, кутучанын ичи бош эле. Ошол замат кайра ачуусу келе түштү да үнүн көтөрө: «Белектин кутулары эч качан бош берилбейт, мындан кийин эсиңде болсун! Бирөөнүн үмүтүн алдабай жүр!» деди. Кызы күнөөлүү жер карап унчукпай туруп калды. Ошол учурда анын көздөрү жашылданып чыкты. Бытыйган алаканы менен чыга түшкөн жашын сүртүп туруп, акырын унчукту:
-Бирок бул бош эмес да. Билесизби, мен сизди канчалык жакшы көрөм... Мен кутучаны өзүмдүн кучак толгон сүйүүм менен толтургам... Анан кантип ал бош болсун. Мен сизге... деп бытыйган алаканы менен дагы көзүнүн жашын сүртүп алды.
Ушул учурда ал кызынын сөзү жүрөгүн чагылган сымал жарып өткөнүн сезди. Көз жашын кармап тура албады. Кызын бооруна кысып жашып кетти. Ал кызына карата өзүнүн туура эмес иш кылганына, кан-жанынан жаралган перзентин урушуп жургөнүнө өмүрүндө биринчи жолу өкүнүп турду. Ошондон кийин ал өмүрү өткөнчө кичинекей, жылдызчалуу кагазга олдоксон оролгон кутучаны жаздыгынын алдына катып жүрдү. Капаланган учурда кутучаны ачканда кызынын кучак толгон сүйүүсү анын жарпын жазып, капалыгын кайдадыр айдап жиберер эле.
Кыскача: Унутпагыла! Балдар ар дайым бизди жакшы көрөт. Алардын сөздөрүндө да, кылган иштеринде да кымындай да кара так жок. Чынында эле биздин жакын адамдарыбыздын сүйүүсү бардык материалдык байлыктан жогору турат эмеспи....