Жыйырма биринчи сан

Интернет барактарынан даярдаган Жамалбеков Али
Биздин «Кызыктар дүйнөсү» рубрикабыздын бул санындагы коноктору биз билип да, билбей да жүргөн жаныбарлар болмокчу. Алардын бизге белгисиз айрым сырларын ачуу менен бирге ушул убакка чейин аныгын биле албай келген айрым суроолорго жооп ала алабыз.Мисалы, чөп жечү жаныбарларды жырткыч жаныбарлардан айырмалаган эң жөнөкөй нерсе алардын көзү башынын эки капталында болгондугу болуп эсептелет. Себеби, жырткычтардын көздөрү маңдайында болгондугу, алдындагы «жемин» алыстан акмалап, жакшылап көрүүлөрү үчүн болсо, чөп жечү жаныбарлардын көздөрү капталында жайгашып, арт жагынан аңдып келген жырткычтарды да байкап турууга абдан сонун ыңгайланышкан. Мына ушундай жана башка кызыктуу маалыматтар сиздердин маалымат казынаңыздарды байытып, пайдалуу болот го деген ишеничтебиз.
- 1. Чөлдөгү кумдуу бороондордон сактануусу үчүн Жараткан төөлөрдү үч катар кирпик «сыйлаган».
- 2. Ошондой эле эки өркөчү болгонуна карабастан төөнүн омурткалары жылкылардыкындай эле түз болот.
- 3. Кирпинин жүрөгү орточо эсеп менен мүнөтүнө 300 жолу согот.
- 4. Эшектин көзү бир убакта төрт бутун тең көрө ала тургандай абалда жайгашкан.
- 5. Дельфиндер уктаганда дайыма бир көзү ачык болот
- 6. Тооктун эң узак убакытка учканы болжол менен 13 секундага созулат.
- 7. Денесине салыштырмалуу эң чоң мээнин ээси болгон жандык – кумурска болуп эсептелет.
- 8. Жер жүзүндө жашаган жандуу жандыктардын 70 пайызы бактериялар болуп эсептелет.
- 9. Төрт тизелүү болгон жападан жалгыз жаныбар – пил.
- 10. Ургаачы иттер эркектерине караганда «ажаан» келет да көбүрөөк тиштейт.
- 11. Ар жылы аарынын чакканынан жыландын чакканына караганда көп адамдар өлөт.
- 12. Акуланын рак оорусуна карата иммунитети бар.
- 13. Кара жөргөмүштүн ургаачысы күнүнө 20га чейин өзүнүн туугандарын (башка жөргөмүштөрдү) жеп кое алат.
- 14. Жеминин жетишсиздигинен тасма курту өзүнүн денесинин 95 пайызын жеп кое алат... бирок, эч нерсе болбогондой жашай берет.
- 15. Нил дарыясынын жээгинде жыл сайын 1000дей адам ар кандай кокустуктан улам крокодилдин жемине айланат.
- 16. Төө куштун жумурткасын сууга бышыруу үчүн 4 саат убакыт кетет.
- 17. Арстандардын үйүрүндө «тамак» табуу милдети 9/10у ургаачыларынын мойнундагы милдет болуп эсептелет.
- 18. Куштардын эргежээли болгон колибри баса албайт тура...
- 19. суусуз жашай көпкө жашай ала тургандыгы менен рекорд койгон жаныбар төө эмес келемиш чычкан экен.
- 20. Крот бир түндүн ичинде узундугу 76 м. келген туннел казып коюга жөндөмдүү.
- 21. Жаныбарлардын ичинен Шимпанзе гана өзүн өзү күзгүдөн тааный алат.