Жыйырма биринчи сан

Айгүл Акимбекова
Ыймандуулукту, мээримдүүлүктү, аруулукту туу туткан, Ислам дининдеги жашоонун алтын издерине багыт берүүдө эл ишенимине ээ болгон “Мутакаллим” прогресивдүү аялдар коомдук бирикмесинин уюшканына 10 жыл толду. Бирикме бул убакыттар аралыгында Алланын ыраазычылыгы үчүн көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Бул бирикме Фронтбек кызы Жамалдын демилгеси менен 1999-жылы сентябрь айында Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийинин макулдугу жана Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, өз ишин баштаган. Негизги максаты эл арасында дин жана шариат маселелерин так, туура таркатуу. Жетимиш жыл бою атеисттик көз карашта жүргөн эл эгемендүүлүктү алгандан тарта таза жашоонун ачкычы болгон Ислам дининен кээ бир тоскоолдуктарга, сыноолорго карабастан кеңири түшүнүк алып келет. Жергебизде күндөн-күнгө динге кызыгуусу арткан мусулмандарга маанилүү темаларда семинарлар, конференциялар жана тегерек столдор өткөрүлүп турат. Диний жыйындардын максаты учурдагы аял затынын ал-абалын жакшыртуу, аялзатынын Ислам дининдеги ордун үйрөтүү, Ислам дининин тазалыгын, маани-маңызын даңазалоо менен аруулукка, ыймандуулукка үндөө болуп саналат. Аталган коомдук бирикме ар бир жасаган ишин КМДБ жана Дин иштер боюнча агенттиги менен кеңешкен соң, чогуу-чаран жүзөгө ашырууга аракет кылат. Албетте, аталган расмий мекемелер да “Мутакаллим” коомдук бирикмесинин ишин жогору баалап, ар дайым колдоо көрсөтүп турушат. Ооба, аял үйдүн куту, аруулуктун белгиси, ыймандуулуктун башаты экендиги баарыбызга маалым. Буга Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам): “Бейиш энелердин таман астында” дегени жетишээрлик.
Жергебизде дин тутуу эркиндиги берилип, ар бир инсан өз жашоо багытын тандап алуу укугуна ээ болду. Бирок Жараткан Алланын буйругу болгон жоолук маселесине келгенде кээ бир мектептерде жана жогорку окуу жайларда өз каалоосу менен жоолук салынган кыздарыбызды кемсинтүү менен жагымсыз сөздөрдү айтып, окуудан, жумуштан четтеттүүгө аракет кылынууда. Эгемендүү Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги менен чогуу балдардын укуктары да тебеленип, азаттыгына тоскоолдуктар жок эмес. Билим берүү жана Илим министри А.Мусаев 2009-жылдын 19-февралындагы буйругу менен орто мектептерге диний кийим же жоолук менен келүүгө тыюуу салган. Министирдин мындай кадамына алгачкылардан болуп “Мутакаллим” ПАКБсинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы гана мусулман кыздарыбыздын диний жана жарандык укугун, абийирин коргоого кадам таштады. Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-беренесине ылайык балдар жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндөй, ар бир бала өзүнүн көз карашында, өз кызыкчылыгын камтыган ой-пикирге ээ. Демек, жоолук салынган кыздарга эмне үчүн тыюу салынышы керек? Жоолук салынган кыздарыбыз кылмышкерби? Жоолук салынуу – бул пропаганда эмес. Бүгүн балдарыбызды динден кайтарууга аракет кылып, ыймандуулукту жек көрсөтө бербестен, Жараткандан башкага сыйынба деп, ыймандуулук эмне, мусулманчылык эмне экенин туура үйрөтүш керек. Келечек муундун ыймандуу, сабырдуу, боорукер, кайрымдуу жана билимдүү, илимдүү болушуна кам көрүп, жетиштүү шарт түзүп берүү ар бирибиздин парзыбыз. Ыймандуулуктун таасири жүздөгөн мыйзам жана тартип жоболорунан дагы кубаттуу экенин биле жүрүшүбүз керек. Акыркы күндөрдөгү жоолук салынган кыздарыбыздын мектептен четтетилип укуктары тебеленгендиги өкүнүчтүү. “Мутакаллим” ПАКБсы келип түшкөн каттардын, арыздардын негизинде жоолук маселесин чечүүгө аракет кылууда. Бир нече жолу тиешелүү өкүлчүлүктөрдү чакырып тегерек стол өткөрдү. КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун да бул демилгени колдоп, “Мусулман аялдардын укугу” деген темада тегерек стол өткөрдү. Орто Азия жана Кыргызстан Мусулмандар Конгрессинин демилгеси менен КР ЖКтин депутаттары, Билим берүү министрлиги, КМДБ, КИУнин ректору ж.б. ЖОЖдордун мугалимдери, мектеп директорлору, Дин иштер боюнча агенттиги жана диний коомдордун өкүлдөрү, укук коргоочулар тарабынан комиссия түзүлүп, бул маселени чечүүгө аракет кылышууда. Билим берүү жана илим министри жогорудагы буйрукту чыгаруу менен катачылык кетиргенин моюнга алды. Кыргызстандын Баш мыйзамына туура келбеген буйрук чыгып, мусулмандар арасында нааразылык жаратып, өлкөбүздүн жараны болгон окуучу кыздардын укугу тебеленип жатканда кеңешип бир пикирге келип маселени оң жакка чечүүгө аракеттенгендерге Алла Таалам ыраазы болсун! Бүгүнкү күндө “Мутакаллим” ПАКБсы тарабынан жоолук менен мектепке барууга уруксат алуу үчүн эки жүз миңдей (200 000) кол чогултулду.
“Мутакаллим” ПАКБсы талыкпаган аркеттерден улам аздыр-көптүр ийгиликтерге да жетишип, Алланын ыраазычылыгы үчүн кызмат кылып келүүдө. Аталган коомдун демилгеси менен мусулман аялдары паспортко жоолук менен түшүүгө уруксат алышты. Ошентсе да, бул маалыматтан кабарлары жок, кээ бир паспорт берүү бөлүмдөрүнө Адилет министрлигинин 2007–жылдын август айында чыккан 140 буйрукту тааныштырууга туура келет. Кыргызстан элинин 80 пайызы мусулмандар болгондуктан Конституцияда мусулмандардын кызыкчылыгы каралып, мусулмандардын укугу корголуусу зарыл. Жоолук салынган кыздарыбызды мектепке киргизбей жатса, анда эмнеге жарым-жылаңач сойкуларга эч ким эч нерсе айта албайт. “Жоолук салынуу, узун кийинүү кыргыз элинде болгон эмес, арабдарга таандык, кыргыз кыздары арабдарды туурап кийинип алды” дегендер четтен чыгып атат. Ал эми кыздарыбыздын учурдагы болуп көрбөгөндөй жылаңачтануусуна унчугушпайт. Денени көрсөтпөстөн анын тазалыгын сактоого аракет кылуу, уяттуулук жана ыймандуулук сезимдери интеллекти күчтүү бардык коомдордун жалпы сапаты болуп саналат. Жоолук салынуу же хижаб кийүү артта калуу же билимсиздикти туюнтпайт. КИУнин проректору С. Доолов агай айткандай: “Исламдагы аял затынын кийими керек болсо баардык шарттарга, замандын талабына жооп берет. Мисалы Курманжан датка энебиз өз кийими менен эл башкарып, Россия, Кытай, Англия баш болгон өнүккөн өлкөлөр менен байланыш курган. Хижаб кийген аял - бул Алладан да, адамдардан да уялган чыныгы ыймандуу аял заты. Жоолук маселеси Конституцияда катталбаса да, депутаттар мыйзам катары бекитип бербесе деле аруу, таза, ыймандуу аялзаты аны шариаттын мыйзамына таянып кийе берет. Анткени хижаб, жоолук жөнүндөгү мыйзамды мындан он төрт кылым мурда Жараткан Алла өзү бекиткен”.
Учурда бир гана кыргыз жергесинде эмес көптөгөн чет мамлекеттерде да аталган коомдун жасаган иш-аракеттери жогору бааланып, кызматташууга даяр экендиктерин билдирип жатышат. Жакында Малайзия өлкөсүнүн мамлекеттик теле-радио компаниясынан келген продюссерлер, “Мутакаллим” ПАКБсынын аялдар жамааты менен жакындан таанышып, “Мусулман аялдарынын адеп-ахлагы” деген темадагы конференцияга күбө болушту. Абдан ыраазы болуп, мындан ары байланышты үзбөй кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
“Дүйнөнү сулуулуктан мурда кайрымдуулук жана ыймандуулук сактап калат” деген улуу сөзгө таянган “Мутакаллим” ПАКБсы 2003-жылдан бери Степной айлындагы аялдар түрмөсү менен иштешип жатат. Ар түрдүү жолдордо, ак жолдон тая басып, аянычтуу тагдырга туш болгон асылзат айымдарды аруулукка үндөп жатышат. Тактап айтканда, ал жердеги аялдарга жумасына бир жолу Куран, шариат жана араб тили боюнча сабак өтүлөт. Сабак өтүү менен чектелбестен, кийим-кечек, тамак-аш, диний адабияттарды киргизип жана башка колдон келген жардамдарды берип келатат. Түрмөдө бир бөлмөнү иретке келтирип, аялдар үчүн намаз окуучу жай уюштуруп берүүгө жетишти. Учурда сабак алган аялдар ыйык Курандан бир нече бөлүм жатташкан. Рамазан айында, Курман Айттарда аларга ооз ачырып, ысык тамак берилип келет.
Ислам дини аялдарга, мурда эч качан берилбеген жарандык жана коомдук укуктарды берген. Исламга чейинки мезгилде кыздарды тирүүлөй көмүү адаттагы иш болгон. Ислам дини буга кескин тыюу салган жана мындай мыкаачылыкты оор күнөө катары эсептеген. Мусулман аялзаты диний милдеттерди аткарууга, билим алууга, ошондой эле өз мүдөөлөрүн, көз караштарын коргоого укуктуу. Аялзаты күйөөсүнө, ата-энесине жана коом алдындагы милдеттерин туура өтөп, туура пайдаланышы керек. Алар эркектердин ролун же үй-бүлөгө мүнөздүү болгон касиеттерди өзгөртүү үчүн укукту аша чаап пайдаланбашы керек. Ислам дининде окуу жана билим алуу инсандын эң негизги укуктарынын бири. Андыктан илим алуу ар бир мусулман аялдын да, эркектин да милдети. Курандын биринчи түшүрүлгөн аятында окууга түздөн-түз көрсөтмө берилген. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) чыныгы аалымдарды өзүнүн мураскери, жолдоочусу деп эсептеген. Эркектер менен аялдар адам катары бирдей болуп жаралган, алардын бири-биринен бир гана айырмасы бар. Ал жынысына эмес, такыбалыгына байланыштуу.