Жыйырма биринчи сан

Даярдаган: Садык Гавай
ПЕС ООРУУСУНУН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕБИ ТУУРАЛУУ
Анас (Алла ага ыраазы болсун): “Аллахтын Элчиси (саллаллаху ‘алейхи васаллам) мындай деген болчу: “Мүрзөнүн үстүнө заара ушатпагыла! Анткени ал пес оорусунун пайда болушуна жана анын жайылып кетишине себеп болот” дейт. (Насаий, Рамуз).
БАШ ООРУНУН ДАРЫСЫ
Салма (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: “Ким Аллахтын Элчисине (саллаллаху ‘алейхи васаллам) баш ооруганын айтып келсе, алардын ар бирине кан алдырууга, ал эми ким бутунун ооруганын айтып келсе, ага кына сүртүүгө кеңеш берчү”. (Абу Дауд, Ибн Маажа).
УЙДУН СҮТҮНҮН ПАЙДАЛУУЛУГУ ТУУРАЛУУ
Абдулла бин Жаафар (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: “Бир жолу Алиге (Алла ага ыраазы болсун) бир адам келди да, аны ар дайым эс-тутуму уят кылып жатканына даттанат. Ага Али минтип жооп берет: “Уйдун сүтүн тез-тез ичип тур! Анткени ал жүрөктүн жана мээнин иштөөсүн жакшыртат жана эс-тутумду бекемдейт. Мен Аллахтын Элчисинин (саллаллаху ‘алейхи васаллам): “Мен силерге уйдун сүтүн тез-тез ичип турууга кеңеш берем. Анткени бул жандык чөптөрдүн бардык түрлөрү менен азыктангандыктан анын сүтүндө көптөгөн оорулардын шыпаасы бар,– дегенин уккам”. (Ж. Сагир, Рамуз, Ибн Каййим).
АШКАБАКТЫ ТАМАКТА КОЛДОНУУНУН ПАЙДАСЫ ТУУРАЛУУ
Аиша (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: “Бир жолу Аллахтын Элчиси (саллаллаху ‘алейхи васаллам) мага минтип айтты: “Сорпо даярдаганыңда ашкабактан көбүрөөк сал! Анткени аны тамакта пайдалануу маанайды көтөрүп, чарчоону жоготот”. (Ибн Каййим, Насаий).