Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Ал-Алиим

   Алла Тааланын илиминин чексиздигин, тереңдигин даңазалаган «ал-Алиим» - Анын ысым-сыпаттарынын бири болуп эсептелет. Алла Тааланын илими үчүн кандайдыр бир белгилүү чек жок. Ал бардык нерсени Билүүчү Улуу Зат. Ал бүгүнкү күнгө чейин болгон окуяларды кандай билсе, келечекте боло турган нерселерди да ачык-айкын түрдө билет. Эч бир нерсе Анын көз жаздымында калбайт. Аяттардын биринде: «Кайыптын ачкычтары жалгыз Алла Таалада гана. Ал кургактагы жана деңиздеги жандуу-жансыздын баарын жакшы билет. Ага ар бир жалбырактын түшкөнү да белгилүү...» (Анам сүрөсү, 59-аят) деп буюрулат.

   Жандуулар, алардын ичинен адамдар Жараткан Алла Таала Өзү белгилеген чен-өлчөмдүн негизинде гана маалыматка ээ боло алышат. Андан ашыкчасын биле алышпайт. Адамдардын билгилиги чектелүү. Маселен, алар келечекке багытталган маалыматтардан толук кандуу түрдө алсыз. Ал эми Алла Тааланын илими кандайдыр бир убакытка да, кандайдыр бир жер-орундукка да көз каранды эмес.

   Алла Таала эч бир ысым-сыпатын бизге бекеринен маалымдаган эмес. Биз мусулман баласы катары Жараткан Кудуреттин ар бир ысмынан үлгү алышыбыз керек. Жараткандын бул ысмынан сабак алган пенде ар бир кадамын Жараткан Кудуреттин көзөмөлүндө тургандыгын эске алуу менен таштайт. Ал Алла Таала ар дайым ар жерде көрүп-билип тургандыгын эсинен чыгарбайт.

   Алла Таала -иш-аракетибиз мындай турсун, жүрөгүбүздөгү ой-санаанын баарын билүүчү Чексиз Улуу Зат. Бул багытта Куранда бизге: «Ырасында, Алла Таала жүрөгүңөрдөгүнү да билээрин унутпагыла!» (Бакара сүрөсү, 235-аят) делип эскертүү берилген.

Башына