Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Куттуу Рамазан айы
   

Фархат Юсупов

Ар жылы мусулмандар жашоону көрккө бөлөгөн орозо кармоо бактысына ээ болушат. Рамазан айында орозо кармоо – жаамы момун-мусулмандардын милдети болуп эсептелет. Арийне, Ыйык Куранда минтип айтылган: «Рамазан айы – бул айда адамдар үчүн туура жол болуп, ушул туура жолдун жана акыйкат менен жалганды (жакшы менен жаманды) айырмалоочунун ачык-айкын далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлгөн. (Демек,) силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе), орозо кармасын! Ал эми (бул айда) кимдир-бирөө ооруп калса же сапарда болсо, (анда орозо кармай албай күндөрүн) башка күндөрдө (сакайгандан соң же сапардан кайткандан кийин) санын толтурсун (толуктасын). Алла силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. (Бул) санакты толуктагыла, силерди туура жолго салганы үчүн Алланы улуктагыла! Мүмкүн силер шүгүр келтирээрсиңер» (Бакара сүрөсү, 185-аят).

Ар бир мусулман Алланын буйруктарын аткарып, Ага ибадат кылуусу керек. Алла Таала бизге Өзүнүн чексиз казынасы менен түгөнгүс мээрими жашырылган куттуу Рамазан айында орозо кармоону буйруган. Бул айда Алла Таала адамдарга көптөгөн нээматтарды ыроолойт, күнөөлөрүн кечирет, руханий даражасын жогорулатат. Имам Раббаний ушул куттуу айга байланыштуу төмөнкүдөй сөздөрдү айткан: «Рамазан айы чындыгында улуу ай. Бул айда окулган нафил намаз, зикр, садага ж.б.у.с. амалдар сообу жагынан башка айларда жасалган парздардын сообуна тете болот. Ал эми Рамазанда аткарылган бир фарз ибадат башка айларда аткарылган фарздардын жетимишине барабар болот. А эгер кимдир бирөө ифтар (ооз ачар) маалында жок дегенде бир адамга тамак берген болсо, анын күнөөлөрү кечирилет жана тозок отунан кутулат. Ага (тамак бергендиги үчүн гана) орозо кармаган адамдын сообундай сооп берилет жана анын сообунан эч качан кемибейт».

Төмөнкү нерсени баса белгилеп айтып коюу керек: Улуу Жараткан буйругандыгы себептүү гана адамзат жана башка бардык жандыктар бул дүйнөдө жашап жатышат. Бир гана Рамазан айы мына ошол бардык жандыктар, айрыкча адамзат үчүн түгөнгүс байлыктын, ырыскынын булагы катары бааланат. Салыштырып айта турган болсок, Рамазан айы аркы дүйнөнүн мол түшүм берген түшүмдүү жери болуп эсептелет. Ошондой эле, колдон келишинче көп-көп сооп иштеп кала турган учур. Бардык чаң-топуракты жууп кетирген күзгү жамгыр сыяктуу Рамазан айы ыймандуулардын (момун мусулмандын) күнөөсүн жууйт. Бул тууралуу куттуу хадисте минтип айтылган: «Кимде-ким Аллага ыйман келтирип жана сообун Алладан гана үмүт кылып Рамазан айында орозо кармаса,, анын мурдагы күнөөлөрүнүн баары кечирилет».

Адам баласы тиги дүйнөдө жакшы жашоо үчүн бул дүйнөдө Жараткан Аллага ибадат кылып өтүүгө милдеттүү. Пендезаттын сан жеткис соопко ээ болуп, Жараткандын кечиримине, мээримине татыктуу болуусу үчүн Рамазан айында аларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр тартууланат.

Бир хадисте: «Эгерде пендер бул айдын (Рамазан айынын) кадыры менен нээматтарын билгенде, жыл бою Рамазан айынын болуусун кааламак», – деп айтылат. Куттуу Рамазан айында бир изги (салих) амалга миңдеген сооптор жазылат. Башка убакытта Курандын бир эле тамгасын окуганга он сооп жазыла турган болсо, Рамазан айында бир тамганы окуганга Алла Таала миң сооп берет. Түнкүсүн бир изги (салих) амалды аткарууга же Курандын (бир) тамгасын окууга убакыт бөлүүнүн өзүнө эле отуз миң жакшы ишти аткарганга тете сооп ыйгарылат. Улуу Жараткан Алла Таала кандай гана Мээримдүү жана Берешен!

Баарыбызга маалым болгондой, жаан-чачын көп болсо, бара-бара жылдын өзүнө тиешелүү бир убагында өзүнүн эң жогорку деңгээлине жетет. Мына ошондой эле мөмө-жемиштер менен жашылчалар өзүнүн белгилүү бир убагы келгенде бышып жетилет. Так эле ушул сыяктуу мусулмандар үчүн жылдын эң куттуу убагы – бул Рамазан айы болуп эсептелет. Мөмө-жемиштер менен жашылчалар атайын даярдалып жылытылган жайларда (теплицаларда) да өстүрүлөөрү белгилүү. Мына ошентип, жылдын бардык мезгилинде дасторкондо мөмө-жемиштер менен жашылчалардын болуусун камсыздаса болот. Рамазан айы да мына ошондой жол менен жыл бою адамдардагы асыл сыпаттарды ойготуп, сезимдерин жандандырган касиети менен таасир этип турат. Орозо кармоо бир ай менен гана чектелип калбайт. Маселен, бардык жаатта өзүбүзгө үлгү туткан Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) ар дүйшөмбү, бейшемби, ошондой эле ар бир айдын башында, ортосунда жана аягында орозо кармаган.

Рамазан айы башка айлардан айырмаланып тургандыгы себептүү ага өзгөчө көңүл буруу зарыл. Он бир ай бою өзүнүн напсисинин каалоолору менен алпурушкан кишинин ийгиликке жетүүсүнө Рамазан айы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул айда жыл бою руханий азыкка муктаждыгы бар экендигин унутта калтырган адамдар жаңыланат, кайрадан жанданат. Рамазан айы – мусулмандардын көңүлүн-оюн, бүткүл назарын Улуу Жаратканга бурат жана Алланын улуулугун, мээримдүүлүгү менен ырайымдуулугун мурдагыдан да жакшыраак аңдап түшүнүүгө жардам берет. Куттуу Рамазан айы – бир жылдын аралыгында жасалган күнөөлөрдөн арылуунун, аларды жууп кетирүүнүн жана руханий аруулануунун эң жакшы учуру болуп эсептелет.

Рамазан айы – бааарына жана бардык жерге изгилик менен такыбалуулукту жеткирет. Жазында табийгат жаңыдан жанданганы сыңары бул куттуу айда Кудайдан коркуу жана такыбалуулук сезимдери күчөйт. Бул айда ар бир мусулман колунан келишинче туура эмес, күнөө иштерден оолак болууга аракеттенет жана алардын дилинде жакшы, изги (салих) иш-аракеттерге: мисалы, кедей-кембагалдарга тамак берүү, аларга кийим берүү, бей-бечараларга жардам берүү, жамандыктарды жок кылуу ж.б.у.с. иш-аракеттерге болгон умтулуусу күчөйт. Мына ошондуктан Рамазан – ар бир адамдын жан дүйнөсүндөгү, дилиндеги бардык жакшылыктар менен изгиликтердин гүлдөгөн маалы болуп эсептелет.

Башына