Жыйырма биринчи сан

Омор Сооронов акын
Апам жөнүндө ак сөз
Апаң болсо ат тизгинин бура жүр,Аз да болсо алдында анын тура жүр!?
Айланганын, жалбарганын жакшылап,
Жүрөгүңө уя салып уга жүр?!
Мен апамды ойлоп алып өлбөстөй,
Көр турмушту койсом кайра өнбөстөй,
Көчөттөрүн көрктөнтөм деп бир жылдап
Жүрө бергем апама көз көргөзбөй.
Бата кылып баалуу көргөн түшкө эчен
«Балам бүгүн келеби?» деп күтчү экен.
А мен болсом аны эстебей, балам деп
Иштен үйгө чуркачу элем түштө эчен.
Апа өмүрүн кармап калган боо сымак
Айрылуудан койбоптурмун чочулап.
Анын сөзүн укмак турсун акыры
Араң жетип салып калдым топурак.
Апаң болсо кездешүүгө чыгынгын,
Анын аппак мээримине жылынгын.
Анан арман кылып жүрбө менчилеп
Көзү өткөн соң кереги эмне ырыңдын...
Дагы эне жөнүндө
Мүмкүн жашсың, а мүмкүн карыдырсың,Мүмкүн шойком, а мүмкүн каалыдырсың.
Шайырдырсың элдерди шаттандырган,
Мүмкүн жеткен Кудайдын каарыдырсың.
Кантсе дагы адамдык салтын карма,
Энең бардыр, жок болсо болгон анда.
Эне сыйла, энеңдин теңин сыйла
Антпеймин деп ызатың төгүп алба.
Бала болсоң бакыйып жетилесиң,
Жигит болсоң жаш өтүп, кетилесиң.
Сени тартып балдарың бейжай болсо,
Картайганда кандайча кечиресиң.
Чөп кордосоң чөп келип көзгө түшөт
Чүрпөлөрүң өзүңдөн таалим күтөт.
Кашык салсаң кашыгың кайра сага
Кадыр-баркка айланып келет күчөп.
Эне сыйлоо эң ыйык парзың дечи,
Ата сыйлоо айныгыс карзың дечи,
Кемпир, чалга айланчу тизмелерде
Тирүү жүрсөң сен дагы барсың дечи.