Жыйырма биринчи сан

Чубак Жалилов
– Негизги жамаат окуп болгон соң кечигип келген адамдар намазды жамаат менен окушабы же ар кимиси өз алдынча окушу керекпи?
– Бул маселе жанагы аялдамалардагы, көчө бойлорундагы, же аба майданы сыяктуу жерлердеги намазканаларга тиешелүү эмес. Бул атайын дин башкармалыгы тарабынан имам дайындалган, азан айтылган шаар жана айыл ичиндеги расмий катталган мечиттерге гана тиешелүү. Кечигип келген жамааттын окуган намазынын макрух болуп калбашы үчүн эске алына турган үч шарт бар: 1- Азан айтылбашы керек. 2- Экинчи жамааттын имамы михрапта турбашы керек. 3- Такбир (коомат) айтылбашы керек. Экинчи болуп жамаат менен окуган мусулмандар мына ушул үч шартты же анын экөөсүн сактаган чакта кадыресе жамаат сыяктуу жыйырма жети соопко эгедер болот Кудайым буйруса. Экөөсүн дегеним, бизде көбүнчө коомат айтып жүрөбүз. Алар экинчи жамаат экендигин билип туруп азан айтып, имам михрапка туруп алса, анда намаз макрух болуп саналат. Эми экинчи имам эмне үчүн михрапка турбаш керек? - деген суроо жаралбай койбойт. Шарият буйругандай, сырттан кирип келген адам намаз окуп жаткан мусулмандардын имамдын михрабда туруп-турбашынан биринчи же экинчи жамаат экендигин билиши керек.
Ушул экинчи жамаат маселесинде түшүнбөстүктү жаратып, талаш туудурган дагы бир жагдай бар. Айрым инсандар биринчи жамааттын имамын акыйдасы бузук, же күнөөкөр, же мазхабы бөлөк деген ишеним менен келип, атайын өзүнчө жамаат түзүп окуса, анда бардык шарттар жараксыз болуп эсептелет. Себеби Ыйык Куранда буйрулгандай, мусулмандарды бөлүп-жаруу, фитна чыгаруу адам өлтүргөн менен барабар чоң күнөө. Булар жогорудагы шарттарды сактап намаз окуган чакта деле жаман ниетте болгондугу үчүн тек гана карызынан кутулганы болбосо, намаздын сообу жок болуп калышы ыктымал.
– Учурда айрым мусулман боордошторубузга «олуялык» маселеси бүдөмүк болуп жатыптыр. Мына ушул багытта эмне дээр элеңиз? Ислам дининин олуялыкка көз карашы кандай?
-«Олуя» сөзү арап тилиндеги «авлия» деген сөздөн келип чыккан. «Авлия» сөзү арапчада «дос, жакын» деген маанилерди туюнткан «вали» сөзүнүн көптүк түрү. Ал эми Ислам коомчулугунда «авлия» сөзү «Ыйык Куран жана сүннөт менен жуурулуша жашоо аркылуу Алла Тааланын сүйүктүү пендесине» айланган адамдарга карата айтылат. Олуя – бул айрым адамдар түшүнгөндөй, көзү ачык, же бакшы эмес.
Исламда олуялык бул бар нерсе. Олуялык – бул чындык, акыйкат нерсе. Анын кереметтери да чындык. Муну четке каккан адам Ислам дининен четтеп калат. Бүгүнкү күнү көп адамдар «керемет» дегенде терс бурулуп басып кетип жүрүшөт. Андай болсо сахабалардын кереметтерин да четке кагуу керек болот. Эмне үчүн акылга сыйбайт? -дешет. Эмне акылга сыйбаган нерсенин баары акыйкат эмес бекен? Ал Жараткан Алланын чексиз кудуретиндеги нерсе. Адам баласынын акылы чектелүү. Ал чектелүү акылы менен Жараткандын чексиз кудуретин аңдашы мүмкүн эмес. Керемет окуялар Алла Тааланын уруксааты менен гана жүзөгө ашат. Аны олуя пенделер өзүнүн жеке эрк-каалоосу менен гана жүзөгө ашырышы мүмкүн эмес. Мунун далилин Ыйык Курандын Өзүнөн эле тапсак болот. Анда «Ким ыйман келтирип, жакшылык иштерди жасаса, ал Алланын досу (сүйүктүү олуя пендеси) болду» деп келет. Эң чоң керемет – бул мусулман баласынын шарият жолу менен түз жүргөндүгү болуп эсептелет.