Жыйырма биринчи сан

Нурлан Багышов
«Бидат» сөзүнө кең жана тар мааниде аныктамалар берилген. Кең маанисинде азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз көз жумган соң пайда болгон динге байланышы бар жаңы нерселер дегенди түшүндүрөт. Азирети Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде: «Ислам дининде жакшы чыйыр ачкан адамга мунун (т.а., жакшы иш баштагандыгы үчүн) сообу болот. Бул чыйырды жолдогондордун сообунан ага (чыйырды ачкан адамга) да берилет. Бирок алардын сообунан ийненин көзүндөй да кемибейт. Ошондой эле ким Ислам динине таңуулап жаман жол ачса, ал адамга күнөөсү жазылат. Бул жолду жолдогондордун күнөөсүнөн ал (жол ачкан адам) да өз үлүшүн алат. Бирок алардын да күнөөсүнөн ийненин көзүндөй да кемибейт» - дейт (Муслим, Зекет, 69; Насаий, Зекет, 64; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 4, 357, 359). Азирети Умар халифалыгынын учурунда Рамазан айында таравих намазынын жамаат менен окулуп жатканын көрүп:
«Бул кандай гана жакшы бидат (жаңылык)!» деген (Бухарий, Таравих, 1; ал-Муватта, Рамазан, 3).
Мына ушул далилдерди эске алган көпчүлүк аалымдар бидатты «жакшы бидат» жана «жаман бидат» деп экиге бөлүп карашкан. Жакшы бидатка таравих намазын жамаат менен окуу, мечиттерге жанаша мунара тургузуу, медресе салуу сыяктуу мисалдарды келтирсек болот. Ал эми бак-дарактарга чүпүрөк байлоо, күмбөздөргө барып шам жагуу сыяктуу нерселер жаман бидатка мисал боло алат.
Кээ бир аалымдар бидатты важиб, мустахаб, мубах, макрух жана харам сыяктуу өңүттөргө бөлүп карашкан. Азирети Пайгамбарыбыздын учурунда Ислам илимдери мечитте бериле турган. Убакыттын өтүшү менен бул илимдердин алкагы кеңейип, китептер көбөйгөн. Мына ушундай шартта бул илимдерди системалуу түрдө берүү –мектеп-медреселерде алдаканча ылайыктуу болгондуктан мындай медреселердин ачылышы важиб (зарыл) бидатка кирген. Ошондой эле Ислам дини жөнүндө туура эмес маалыматтар менен элдин башын айландырып, Исламдан алыстатууга аракет кылган адамдарга каршы жооп берүү максатында макала, же китеп жазуу да важиб бидат болуп эсептелген. Азан үнүнүн алыска жетиши жана аны уккан мусулман адамдын мечитке келиши үчүн азандын бийик жерден окулушуна зарылчылык жаралып мечиттердин жанына мунаралар салынган. Мунара азирети Пайгамбарыбыздын учурунда болбогондугу үчүн бидат, бирок мусулмандарга пайдалуу болгондуктан жакшы (мустахаб) бидатка кирет.
Экинчи топтогу аалымдар «бидат» түшүнүгүн тар мааниде алып карап, аны азирети Пайгамбарыбыздан кийин пайда болгон динге тиешелүү жана Ислам дининин өзөгүнө доо кетирген нерселерге карата аныкташкан. Бул аалымдар бидатты терс өңүтү менен гана чектеген. Алар азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын: «Кийин пайда болгон нерселердин баары бидат! Ал эми бидаттардын бардыгы жаңылыш (адамды чоң жоготууга учуратат)!» (Муслим, Жума, 43) деген хадисине таянышкан. Биринчи топтогу көпчүлүк аалымдар бул хадисте айтылган нерселер бидаттын терс өңүтүнө кирээрин айтышкан. Тагыраак айтканда, азирети Пайгамбарыбыздан кийин пайда болгон Ислам динине ылайык келбеген бидаттардын баарысы жаңылыш болуп эсептелээрин белгилешкен. Бул аалымдардын мунара, медресе, таравих намазынын жамаат менен окулушу сыяктуу жакшы бидат деген нерселерин экинчи топтогу аалымдар «бидат» дешкен эмес. Демек, бул жерден аалымдардын ортосунда сөз жагынан айырма болсо да, ырасында баардыгы жыйынтыгы жагынан бир болуп, бир нерсени айтып жатышкандыгын байкасак болот.
Азирети Пайгамбарыбыздан кийин пайда болгон динге байланышсыз нерселер бидатка эч кандай тиешеси жок. Маселен, тамактануу учурунда кашык-вилка колдонуу сыяктуу. Тилекке каршы, кээ бир адамдардын «бидат» түшүнүгүн туура эмес аңдап, бул багытта ашкереликке жол беришкендиги ачуу чындык. Жазма булактарда бир адамдын азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын учурунда болбогондугу үчүн эленген ундан жасалган нанды «бидат» катары кабыл алып, аны жебей койгондугу айтылат.
Ырас, терс өңүттүү бидаттардан ар бир мусулман баласы алыс болушу кажет. Ал эми бул багытта ашкереликке жол берип, жакшы бидаттарга да каршы чыгуу туура эмес. Мусулман болгон элдер Ислам динине карама-каршы келген аң-түшүнүктөрүнөн, үрп-адаттарынан арылышы керек. Ошону менен бирге Исламдын өзөгүнө доо кетирбеген каада-салттарын карманышы алардын табигый укуктарына кирет. Мусулман элдердин Исламга каршы келбеген үрп-адат, каада-салттарына каршы чыгуу ал элдерди сыйлабагандыкка жатат. Ошондуктан «бидат» маселесин жакшы түшүнүү абзел.