Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Жалган айтуу
   

Абдуррахман Хачкалы Теология илимдеринин доктору

Жалганчылыктын бардык түрү күнөө. Жалган күбөгө өтүү - бул жалганчылыктын эң ыпласы, эң зыяндуусу. Кандайдыр бир киреше үчүн же бирөөнүн көңүлү үчүн жалган күбө болуу чоң күнөө болуп эсептелет. Жалган күбөгө өткөн адам бул аракети аркылуу акыйкатты жаап, күнөөсүз адамдардын зыян тартышына себеп болуу менен өзүнүн түбөлүк акыретине доо кетирген болот. Жалган күбө болгон адам үч чоң күнөө жасаган болот: 1-калп айткан болот, 2-күнөөлүүгө жардам берип зулумдукка, адилетсиздикке кадам таштаган болот, 3-күнөөсүз адамдын жалган жалаа менен жөн жерден кордук көрүшүнө, жазаланышына себеп болот. Жалганчылыктын, жалган күбө болуунун залакасы тек муну менен гана чектелүү эмес, башка адамдарга да, жалпы коомго да тиет. Коомдо адилетсиздиктин жайылышына алып келет. Асыресе, акыйкатка күбө болуудан оолак болуу, акыйкатты айтпоо да терс көрүнүш. Мындай терс көрүнүш ыймандын, адамгерчиликтин алсыздыгынан улам жүзөгө ашат. Жалганчы Адам эки жүздүү болуп саналат.

Куранда жалганчылык жана жалган күбө болуу жөнүндө төмөнкүчө аяттар бар: «Эй, ыймандуулар! Өзүңөр, же ата-энеңер, же жакын тууганыңар үчүн зыян болсо да, Алла үчүн адилеттүүлүктү тургузуучу калыс күбө болгула! Эгер (силер күбө болуп жаткан адам) бай болсун, кедей болсун, Алла аларга (силерден да) жакын. Сезимге алдырып адилеттүүлүктөн тайбагыла! Эгер адилеттүүлүктөн тайсалдап (туура күбөгө өтпөсөңөр), же андан баш тартсаңар, арийне, Алла силердин ар бир ишиңерден толук Кабардар!» (Ниса сүрөсү, 135-аят). «Эй, момундар! Алла үчүн күбөгө бекем тургула (бирөөгө күбө болгонуңарда жалган айтпагыла!). Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилеттүү болгула! Бул Аллага каршы чыгуудан оолак болууга дагы да жакын. Аллага баш көтөрүүдөн алыс болгула! Эч калетсиз, Алла Таала жасаган ар бир ишиңерден Кабардар!» (Маида сүрөсү, 8-аят). «Алар (момун-мусулмандар) - күбөгө так, туура өткөн адамдар» (Маариж сүрөсү, 33-аят). «Алар (момундар) жалган күбө болушпайт, пайдасыз сөздөрдү сүйлөп жаткандардын жанынан наркы менен (өз кадыры менен маданияттуу түрдө) өтүп кетишет» (Фуркан сүрөсү, 72-аят).

Зайд ибну Халид (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: Алланын Элчиси (алейхиссолаату-вассалаам): «Силерге эң кайырлуу күбөгө өткөн адам жөнүндө кабар берейинби; ал эч кандай чакыруусуз, акыйкат үчүн өз ыктыяры менен күбөгө өтүүгө келген адам» деди. (Тирмизий, Шахадат, 1).

Дагы бир хадисте төмөнкү окуя маалымдалган: Ардактуу Пайгамбарыбыз: -Чоң күнөөлөр жөнүндө айтып берейинби? – деди. Сахабалар: - Ооба, айтып бериңиз, о, Алланын Элчиси - дешти. Анда Пайгамбарыбыз: - Аллага шерик кошуу, ата-энеге баш көтөрүү, адам өлтүрүү – деди да, таянып турган жеринен алдыга жылып, тизе бүгүп отуруп: - Жакшылап кулак төшөгүлө, жалган сөз жана жалган күбө болуу – деп, бул сөздү кайталай берди. Ал жердегилер «эми токтосо экен» деп ичтен тиленишти (Бухарий, Шахадат, 10).

«Пенде калп айтууну улантып, калп айтуу ниети менен жүрө берсе, бир учур келет. Бул учурда ал адамдын жүрөгүндө алгач кара чекит пайда болот. Андан соң бул чекит чоңойуп олтуруп, акырында бүт жүрөктү каптап калат. Ошентип ал Алланын алдында «жалганчы» адамдардын катарына кирет» (Муватта, Калам, 18)

Мусулман болбосо да, мусулмандарды алдоо үчүн мусулман сыяктуу көрүнгөн эки жүздүү адам «мунафык» деп айтылат. Мунафыктыктын айрым бир белгилери бар. Мына ушул белгилердин бири - бул калп айтуу.

Жалганчылар жалгандыгын жашыруу үчүн тез-тез карганып, касам ичишет. Ошондой эле алар көбүнесе такыбаа, ыкластуу болгондугун билдирүү үчүн ар кандай сөздөрдү айтышат. Керек болсо, өтө такыбаа адам сыяктуу көрүнүүгө аракет кылышат. Ыраскөй, чын ыкластуу адам деле кээде айрым бир кыйынчылыктарды баштан кечирүүгө мажбур болот. Бирок ал түз, чынчыл болгондугу үчүн иши дайыма оң болот. Алла Таала анын изги иш-аракеттерине карата дүйнөдө да, акыретте да ага жакшылыгын ыроолоп, аны чексиз ыраакымына, аруу сүйүүсүнө бөлөйт. Улуу Жараткан Алла Таала чынчылдыкка өзгөчө аяр мамиле жасаган момун-мусулмандар жөнүндө мындай дейт:

«Бүгүн чынчылдарга чынчылдыгы пайда бере турган күн. Аларга алдынан дарыялар агып туруучу бактар бар. Алар анда түбөлүк жашайт. Алла аларга ыраазы болуп, алар да Аллага ыраазы болушат. Мунун өзү – улуу, чоң жетишкендик!» (Маида сүрөсү, 119-аят).

Башына