Жыйырма биринчи сан

Рахматулла Бекмуратов
Адам баласы сыноо үчүн жаратылгандан бери бирөөлөр жеке көйгөйлөрдөн, башкалар чөйрөнүн таасиринен ар кандай оорууга туш болуп, запкы чегип келет. Жараткан Алла ооруну бергенден кийин анын шыпаасын да берген. Башкача айтканда, өлүмдөн башка бардык оорунун шыпаасы бар. Учурда айыкпай жаткан оорулардын да шыпаасы убакыттын өтүшү менен айлана-чөйрөдөгү эле чөп-чар, же башка нерселерден табылып калышы ыктымал жана табылып жатат.
Биз бул ирет Ыйык Курандын шыпаалуулугу, ар кандай рухий жана заттык терс таасирлерге каршы эң сонун дабаа экендиги тууралуу кеп кылмакчыбыз. Албетте, адамбаласы алсыз жаратылган. Адам денесинин жетмиш пайызын суу жана ар кандай минералдык элементтер түзөт. Мына ушундан улам инсан бейаң түрдө айлана-чөйрөдөн уккан ар бир сөздөн, ар кандай иш-аракеттерден жана ар түрдүү көрүнүштөрдөн таасирленет. Табы качып калса, же маанайы чөгүп, же кандайдыр бир рухий дартка чалдыкса, андан арылуунун амалын издейт. Чыгарылган дары-дармектерди ичет, же динден кабары жок инсандар адашып көзү ачык, бүбү-бакшыга барып көрүнөт. Ооруганда көзү ачыкка көрүнүү – өтө чоң жаңылыштык, чоң күнөө. Адамдын ичкен дары-дармеги заттык өңүттөн пайда бергени менен рухий өңүттөн пайда бере албайт. Мен бул жерде дары-дармекти пайдасыз деп четке каккым келбейт. Дары да Алла Тааланын чексиз кудурети менен жаралган нерсе. Айтайын дегеним, Жараткан Алла шыпааны дары-дармекке гана эмес, Өзүнүн Дааанышман Сөзүнө (Куранга) да каткан. Ыйык Куранда акыл-ойго келгис ажайып шыпаа бар демекчимин. Ошондой эле Куран – жин-шайтандын, карамүртөз адамдардын тилегин таш каптырган кубаттуу калкан. Такай Куран окулган үйдөн жин-шайтан качат, периште байыр алат. Андыктан мусулман инсан жатканда, турганда, басканда Жараткан Алладан жакшылык тилеп, Куран окуп боюна дем салып жүргөнү жакшы.
Медицина канчалык өнүкпөсүн, бары бир Куранды ээрчип, андагы катылып жаткан илимий сырларды ачуу менен алек боло бермекчи. Медицина ошондой эле жин даарып кеткен адамды айыктырууда алсыз. Жапжакшына жүрүп эле, кокустан ичине жин кирип кетип, ар нерсени жөөлүп калган адамдар турмушта көп кездешет. Мындай дартка кабылган инсанды чын ыклас менен окулган Куран гана айыктыра алат.
Ооруган адамга дем салуунун пайдасы жана сырлары көптөгөн аят-хадистерде кездешет. Жараткан Алла муну мындайча тастыктайт: «Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк болсун үчүн жөнөттүк» (Исра сүрөсү, 82-аят).
Куранды шыпаа катары пайдаланганын Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) турмушунан да кездештире алабыз. Маселен, Хайбар казатында Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) асабаны берүү үчүн Азирети Алини (Алла ага ыраазы болсун) чакырат. Азирети Алинин көзү ооруп, жакшы көрбөй калдастап калгандыктан сахабалар аны жетелеп келишет. Алтургай бутунун учун да көрбөй калган эле. Азирети Пайгамбарыбыз Куран окуп Алини ооруган көзүнө үйлөп койот. Азирети Али Алланын уруксаты менен шыпаа табат (Бухари, Асхабун-Наби, 9; Муслим, Фадаилус-Сахаба, 32-34; Хайсами, VI, 151).
Жапан окумуштуусу Масару Эмотонун изилдөөлөрү Куран-и Каримдин шыпаалуулугун илимий өңүттөн даана тастыктап, аныктап чыккан. Анын бул изилдөөсүнүн илим чөйрөсүндөгү таасири абдан терең. Эмото эки окшош идиштеги сууну тоңдуруу жолу менен анын кристаллга изилдөө жүргүзүп көрөт. Биринчи идиштеги сууга сүйкүмдүү, жылуу, жагымдуу сөздөрдү шыбырап аны тоңдуруп көрүп, көргөн көздү таң калтырган табигый кооздукту байкайт. Ал эми экинчи идиштеги сууга жаман маанидеги, акаарат туюндурган жана «шайтан» деген сөздү шыбырап, аны да тоңдурат. Жыйынтыкта суунун кристаллы ар кайсы жеринен жарака кетип, табигый өзгөчөлүгүн жоготуп койгонун көрөт. Биринчи тоңдурулган суу бетинен көркөм, жагымдуу обон ыргагы сымал, экинчисинен болсо жандүйнөнү ичиркенте турган кунарсыз ритмдердин элесин берген абалды байкай алган. Бул илимий изилдөө башта айтканыбыздай, адамдын жандүйнөсү жакшы-жаман сөздөрдөн оң же терс өңүттө таасирленээрине ишарат кылат. Демек, жакшы-жаман жагдайлардан жансыз нерселер таасирленип жаткандан кийин Алланын Ыйык Сөзүнүн деми пенденин оорусуна шыпаа болоору бышык.
Имам Суютий белгилегендей, бейтапка дем салууда үч нерсеге көңүл буру зарыл:
1-Алланын ысмы, сөзү жана сыпаттары менен дем салуу.
2-Курандын тили менен (арапча) дем салуу.
3-Дем салган да, дем салдырган да шыпааны Жараткан Алладан гана үмүт кылышы керек.
Ар бир момун-мусулман мына ушул үчүнчү беренеге өзгөчө көңүл бурушу керек. Башта айтканыбыздай, ооруну да, шыпааны да Алла Өзү берет. Инсандын окуганы, салган деми жөн гана себепчи.
Анан да дем салган инсан такыбаа, ахлагы, жүрүм-туруму сүннөткө төп келген, бою-башы таза болушу керек. Асыресе, ыклассыз окулган намаздын кабыл болбогону сыңары дем салган тараптын ыкласы жок болсо, пайда да жок. Мусулман инсан дем салуудан эч кандай материалдык кызыкчылыкты көздөмөк тургай ойлобошу керек. Бул шыпаанын таасирин азайта турган жаңылыш нерсе.
Учурда молдокелер Курандын ар кайсы жеринен, ар кайсы сүрөлөрдү окуп, ар кандай тартипте дем салып жүрүшөт. Ошол тартиптердин көпчүлүгү хадистерден алынса, айрымдары шыпаа маанисин туюнткан аяттарды ирээти менен окуп, натыйжада оорулуу адам шыпаа таап келет. Маселен бир сүрөнүн 7 жолу окулушунда көптөгөн көмүскө сырлар бар. Ал эле эмес ажылык парзды аткарганда Каабаны жети жолу айланабыз, Сафа менен Марванын аралыгында 7 жолу басабыз. Айрыкча Орто Азияда «чил Ясин», Ясин сүрөсүн 40 жолу окуп дем салуу кеңири таралган. Негизинен бул ыкма Азирети Пайгамбарыбыздан же сахабалардан калган сүннөт болбогону менен Алланын Кудурети жар болуп тажрыйбада катуу илдеттер, жин оорулары айыкканын көрүп жүрөбүз. Бирок хадистерде Ясин сүрөсүнүн касиеттүүлүгү, шыпаалуулугу тууралуу маалыматтар көп.