Жыйырма биринчи сан

Күндөрдүн биринде Имам Аазам жолдо баратып, алдынан чыккан уйга жол берип четке чыгат. Чогуу келаткан шакирттери:
– Устат, эмне үчүн уйга жол бердиңиз? – деп сурашат.
Анда Имам Аазам:
– Анын мүйүзү, ал эми менин акылым бар – деген экен.
***
Сот ууруга кайрылып:
– Кана, айтчы, дүкөнгө кантип кирдиң? – дейт.
Ууру бир саамга ойлонуп:
– Мырзам, мен бул жерге соттолгону келдимби, же кесибимдин сырын ачып берүүгөбү? – деп жооп берген экен.
***
– Эмне үчүн көрүстөнгө көп барасыз? - деген суроого Азирети Али мындай деп жооп бериптир:
– Эки себеби бар. Биринчиси, алар (көрүстөндөгүлөр) айткан сөздөрүмө каршы чыгышпайт, экинчиси, артымдан сөз агытышпайт.
***
Эл Ибн Синага кайрылып:
– Бул дүйнөдө дабаасы жок дарт барбы? – деп сурашат.
Анда ал:
– Дабаасыз дарт – бул жакшынын жаманга муктаж болгону – деп жооп кайтарган экен.
***
Бир христиан адам Ахмад Вафикке:
– Мечиттериңерди эмне үчүн арча менен аластабайсыңар? – деген суроо менен кайрылып, андан төмөнкү жоопту алган экен:
– Биздикилер такай даарат менен жүрүшөт. Мечитте жел чыгарышпайт. Ошондуктан арча күйгүзбөйбүз.
***
Күндөрдүн биринде бир бай адам Ислам аалымдарынан бирине:
– Менин миң алтыным бар. Аларды сизге берсем, эмне дейсиз? – дейт.
Анда аалым:
– Берсең, сен үчүн жакшы болот. Ал эми бербесең, мен үчүн... – деп жооп берген экен.