Жыйырма биринчи сан

    

Журналдын жыйырма биринчи саны

Мазмуну

Салахуддин Сакиб бин Сиражуддин
   

Неждет Тосун Теология илимдеринин доктору

Салахуддин Сакиб «Макулаат Сакибий» аттуу китебинин башында өзүнүн тегин төмөнкүчө эскерген: Салахуддин Сакиб бин хазрети Ишан Мавлавий Мухаммад Сиражуддин бин хазрети Кутбу Заман Хал Мухаммад Уший бин Аашык-у Заман хазрети Назар Хувайда Чимйааний. Бул эскерүүдөн Салахуддин Сакиб Накшибандия тарикатынын устаттарынан атактуу Хувайда устаттын чебереси болгондугу байкалууда. Хувайданын (1780-жылы көз жумган) уулу Хал Мухаммад (1854-жылы көз жумган), Хал Мухаммаддын уулу Мавлавий Сиражуддин (1877-ж.к.ж). Ал эми Сиражуддиндин Семер Бану (1891-ж.к.ж), Салахуддин Сакиб (1910-ж.к.ж.) жана Аманжан Максум (1961-ж.к.ж.) аттуу балдары болгон.

Салахуддин Сакиб 1843-жылы Ош шаарында төрөлгөн. 27 жаш курагында Накшибандия тарикатына кирген Салахуддин Сакиб 36 жашында чоң атасынын халифасы (орун басары) Ишан Кожодон жана атасынан элди Ислам динине чакырууга уруксатнаама (ижазат) алган. Кырк эки жашында чоң атасынын бардык шакирттери болжолдуу түрдө 1000 киши Салахуддин Саакибдин шакирти болгон.1892-жылдан 1902-жылга чейин он жыл Чыгыш Түркстанда (Хотен жана Яркендде) жашаган. Анын Чыгыш Түркстанда жашап жүргөн жылдары Фергана өрөөнүндөгү орус өкмөтүнүн үстөмдүгүнө каршы элдик кыймылдар күчөгөн жана ошондой эле «басмачы» деген ат менен жаманатты көрсөтүлгөн эл-жери, ата-журту, дини үчүн күйүп-жанган эр-азаматтарга каршы орустардын кысымы күч алган кезге туш келет. Кийин ал туулуп-өскөн жери Ош шаарына кайткан. 1907-жылы чоң атасынын атасы Хувайда жазган «Дииваан» аттуу китебин Ташкент шаарынан бастырып чыгарган. Салахуддин Сакиб 1910-жылы 13-ноябрь күнү Ошто көз жумган.

Салахуддин Сакибдин Камаруддин, Маматжан Максум (Мухаммад Жан Маасум) жана Разиддин Максум Салахуддинов (Риязуддин Маасум) аттуу үч уулу болгон.

Камаруддин 1926-жылы орустарга каршы башталган кыймыл натыйжасыз болгон соң Фергана өрөөнүнөн Чыгыш Түркстанга баш калкалап, беш жыл Каргалык деген жерде, андан кийин Яркендде жашаган. Чыгыш Түркстанда атасынын халифасы катары кызмат кылып, 1938-жылы одүйнө салган. Камаруддин устат көз жумган соң ордуна шакирттеринен Шейх Аййуб Каары (Зияуддин Яркендий) келген. Аййуб Каары 1945-жылы Яркендде Чоң Медресе салдырып, аалым катары да, суфий катары да кызмат кылган. Тасаввуф жөнүндө, айрыкча Накшибандия тарикаты тууралуу «Манбаул-Асраар» (Яркенд, 1941-ж) аттуу чагатай тилинде китеп жазган Аййуб Каары 1952-жылы Яркендде көз жумган. Анын ордуна өткөн Муса хан коммунисттик Кытай режимине каршы күрөшсө да, ийгиликке жетише алган эмес. Бул тасаввуф жолунун акыркы учурлардагы атактуу устаттарынан бири 1987-жылы көз жумган Турфанлы Шах Мардан болгон.

Салахуддин Сакиб ыйман жөнүндөгү ырларын бир жыйнакта топтогон. Жазма булактарда бул жыйнак алгач туугандарынын колунда болгондугу, андан кийин жазуучу Тохтасын Жалалов тарабынан Ташкентке алынып келгендиги маалымдалат. Мындан тышкары Салахуддиндин чагатай тилинде жазылган «Мамулаат Сакибий» жана «Макулаат Сакибий» деген дагы эки китеби болгон.

Мамулаат Сакибий: бул китеп тасаввуфтун теориялык да, практикалык да өңүттөрүнө кайрылат. Китептин башында Хувайданын ата-теги, андан кийин суфийлердин милдеттери, иш-амалдары, нафил ибадаттардын артыкчылыгы, илимдин, таалим-тарбиянын маанилүүлүгү, дубалардын өзгөчөлүктөрү жана алардын кабыл болушунун шарттары, шакирттердин дасторкондо отургандагы адеби сыяктуу темалар орун алат. Акыркы бөлүмүндө Салахуддин Сакибийдин акыл-насаттары жазылган. Маселелерди чечмелеп-түшүндүрүү учурунда аят-хадистер менен катар Замахшарий, Мавляна Жалаладдин Румий, Саадий, Хафыз, Жаами, Насафий, Биидил жана Хувайда сыяктуу олуя-аалымдардын эмгектеринен да пайдаланган. Китеп 1916-жылы Ташкент шаарында жарык көргөн.

Макулаат Сакибий: Салахуддин Сакибдин Накшибандия тарикатынын усул-ыкмалары менен бирге Ислам укугуна байланышкан айрым бир маселелер жөнүндө чагатай тилинде жазган китеби. Бул китеп он эки бөлүмдөн туруп, «Тарика-и Халия Мавлавия» деп да аталат. Бул жерде «Халия» сөзү автордун чоң атасы Хал Мухаммадга, ал эми «Мавлявия» сөзү атасы Мавлавий Мухаммад Сиражуддинге ишарат кылынган. Чоң атасы Хал Мухаммад өз учурунда Накшибандия тарикатынын эң көрүнүктүү устаттарынан бири болгон.

Башына