Жыйырма биринчи сан

Сабырбек Боронбаев
Ыйман – бул нур. Ал мусулмандын жашоосуна жарыгын чачат. Момун-мусулман анын шооласынан жашоонун ырахатын татат. Анын жарыгында жүрүм-туруму жакшырат. Анын шарапаты менен баар таап, түгөнгүс ийгиликтерге жетет. Адамгерчилик, адеп-ахлак ыйман жолунда туруктуу туура нукка түшөт.
Каапырлык – бул түпсүз, караңгы чуңкур. Караңгылык бүт нерсени оп тартып туңгуюкка кептейт.
Исламды кабыл алып, Алла Элчисине моюн сунган кутман сахабалар сөөктөн өткөн оор кордукка, заалымдыкка, кыйноо-кыстоого карабай ыймандан эч качан тайган эмес. Ыйман нуру инсандын жандүйнөсүнө уялагандан тарта боорукерлик, камкордук жана жан аябас жароокерлик сезимдери да оожалган. Бактылуулук кылымы бул сындуу мисалдардын доору болуп кыяматка чейин кала бермекчи.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Ар бир пайгамбардын ынак досу бар. Менин ынак досум - Зубайр» деп айткан.
Зубайр бир Аввам он беш жашында Азирети Абу Бакр (Алла ага ыраазы болсун) себеп болуп, мусулман болгон. Исламды кабыл алгандыгы үчүн Курайш каапырлары ага түрдүү кордуктарды көрсөткөн. Жадагалса өзүнүн каапыр абасы күндөрдүн биринде абасы аны мойнун толгоп келип кийизге оройт да, алоолонто жагылган отко кактайт. Оттун ысык табы кийизден өткөн сайын Зубайрдын териси шылынып түшкүдөй абалга келет. Анын тыбырчылап жатканынан пайдаланган каапыр абасы: – Мухаммаддын динин да, Кудайын да тандым, чандым! - деп айт деп кыстоого алат. Ошондой азап үстүндө жүрөккө ширелишип калган ыймандан ырахат алып, Аллага гана тобокел кылган кайран сахаба: – Сөөгүмдү күлгө айлантсаң да, ыймандан кайтпайм! Убара болбо! - дейт. Аны каапырлыкка кайтара албасына көзү жеткен абасы өжөрлүгүнө тан бере кийизди чечип койо берет.
Бой жеткен соң Азирети Зубайр эр жүрөк баатыр болуп чыга келет. Дин Исламды коргоо үчүн эң алгачкылардан болуп кылыч көтөргөн каарман катары Жараткан Алланын мактоосуна арзыган. Алла жолунда көптөгөн казаттарга катышкан. Ал сунуш кылынган акимчилилик, казылык сыяктуу мамлекеттик жогорку кызматтардын эч бирин алган эмес. Анткени анын көкүрөгүндө Алланын динине кызмат кылам деген улуу максат бар эле. Мал-дүнүйөсүнүн дээрлик баарын калктын жакыр катмарына кайрым кылып, Алла жолундагы казаттарга жардам катары кошкон.
Азирети Алинин (Алла ага ыраазы болсун): «Алла Элчиси: «Бейиште менин эки коңшум бар. Алар Талха менен Зубайр» деп айтканын өз кулагым менен уккам» деп айтканы бар.
Тирүүлүктө бейишке бараары сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири болгон Зубайр (Алла ага ыраазы болсун) Жамал окуясында 64 жашында шейит кетет. Анын жаназа намазын Азирети Али окуп, сыйнатын кылып жерге беришет. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун...