Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Мазмуну

  • Пайгамбарыбыздын эң маанилүү тарбия усулу – үлгү болуу
  • Кыргызстанда диний билим берүүнүн проблемалары
  • Пайгамбарыбыз аз. Мухаммедке (с.а.в) таандык даражалар
  • Молдо Кылыч Шамыркан уулу
  • Сүйүктүү пайгамбарыбыз жана анын мужизалары
  • "Нооруз" тарыхы
  • Даараттын сырлары
  • Адамзат үчүн акыркы жол башчы – аз. Мухаммед (с.а.в)
  • Аз. Осмон (Зиннуурейн)
  • Исламда аял укуктарынын каралышы
  • Ата – энеме, Апалар
  • Ислам дининин зинага көз карашы
  • Жибирейил хадисинде билим берүү менен байланыштуу ойлор
  • Судан
  • Ыймандуу үй булөнү кантип курабыз?
  • Аз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бала тарбиясы
  • Байыркы Ош шаары
  • "Ак Башатка" ак бата
  • Орто кылымдын караңгылыгына кайткан Европа
  • Аманатка бек болуу
  • Ислам тарбиясы
  • Тиштердин ден соолукка тийгизген таасири
  • Жаным курман!
  • Көйгөйлүү суроолор

    Башына

    АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ АРДАКТУУ ОКУРМАНДАР!

    Журналыбыздын экинчи санында кайрадан сиздер менен бирге болуудан өтө толкундарып турабыз. Журналдын биринчи саны тууралуу ой пикир жана сунуштарыныздар бизди кубантууда. Убакытыңыздарды бөлүп журналыбызды окугандыгыңыздар үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Силердин Ак Башат журналына көрсөткөн кызыгууңар биздин чыгармачылык демибизге дем кошуп жана биздин алдыга койгон максаттарыбызды орундатууга чоң түрткү берүүдө.

    Сүйүктүү окурмандарыбыз!
    Апрель айы Аз. Мухаммед (с.а.в.) бул жарык дүйнөгө келген айы. Ошондуктан баардык ислам дүйнөсү бул айда пайгамбарыбыздын туулган күнүнө байланыштуу ар түрдүү майрамдык иш аракеттерди уюштурууда. Биз да бул салтты улантып журналыбыздын эң алдынкы рубрикаларын пайгамбарыбыз тууралуу макалаларга орун бердик. Өткөн айларда Данияда жана Европанын кээ бир аймактарында пайгамбарыбызды шылдыңдоо максатында тартылган карикатуралар басылып чыккандан кийинки кризис азыркыга чейин уланууда. Тилекке каршы бул окуя көптөгөн мусулмандардын толкундоосуна түрткү берди. Бул орой мамиле кылгандар, бир гана ислам дүйнөсүнө тийиштүү гана эмес мусулмандардын ишениминде орун алагн жана урматтап сыйлаган башка пайгамбарларга да карикатура чыгарарын жарыялашкан эле. Тилеке каршы мындай копол сүрөттөрдү искусствонун бир тармагы катары жана ой пикир эркиндиги деп жыйынтык чыгаргандар бар. Кандай гана динге таандык болбосун мындай пикир жана иш аракеттердин туура эместигин ошону мене бирге адамдын ишенимине урмат көрсөтпөстүк деп кабыл алышууда.
    Урматту окурманар!
    Карикатура окуясы, Батыш мамлекеттери менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы унутулуп бара жаткан чыр чатактарды кайрадан жандандыруу провокациясы деп ойлойбуз. Мунун эң алгачкы максаты мусулмандарды толкундоого алып келүү ошондой эле Батыш жана мусулман мамлекеттери ортосунда орнотулган тынчтык жана достук мамилелерин жоюу болуп саналат.

    Баштыш өлкөлөрүндөгү айрым топтор жана агымдар көптөгөн жылдар боюу ислам динин жамандоону негиз тутуп, өз иш аракеттерин улантууда. Кээ бир мусулман мамлекеттери бул окуядан улам бойкот жарыялоо менен бирге батыш өкүлчүлүгү жайгашкан имараттарды өртөөгө чейин барышкан, мындай көрүнүш биздин түшүнүгүбүздөгү Ислам жана мусулман түшүнүгүнө өтө чоң зыян тийгизүүдө.

    Чындыгында ар бирибиздин оюбузда бул карикатурага каршы кандай мамиле кылышм керек деген суроо туулат. Биздин эң биринчи аткара турган ишибиз бул Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) көрсөткөн достук жана ынтымак жолунда жүрүү. Аз. Пайгамбар тууралуу китептерди, брошюраларды, макалаларды жана конференция, семинарларды уюштуруп элге танытуубуз зарыл. Ушундай себептерден улам 15 апрель 2006 – жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана Кыргызстандагы Туркия элчилиги тарабынан уюштурулган Кутту Жумалык аттуу кечени уюштуруп жатканын сиздерге малымдоону чечтик.

    Журналыбыздын алгачкы сандарында бизге интервью берген Манас университетинин гуманитардык институтунун жетекчиси профессор Салижан Жигитибиз бул дүйнөдөн кош айтты. Агайыбыздын жаткан жери жайлуу топуракы торко болсун.

    Башына