Экинчи сан

Адамзат үчүн акыркы жол башчы - азирети Мухаммад (с.а.в.)
Мазмуну
Жан-жаныбарлардан акылы менен айырмаланган адам баласы эч убакта жолбашчысыз акылын туура пайдалана албай келген. Адам баласы акылын туура колдонбогон учурда бардык жандуу-жансызга зыяны тийип, ал эле эмес бир тууганынын этин жегенден кайра тартпаган жырткычка айланган. Ошондуктан Алла таала адам баласы бузулуп, жаратуучусун тааныбай калган учурда, аларды туура жолго салуу үчүн өзүнүн пайгамбарларын жиберип турган.
Адамдардын арасынан тандалып алынган пайгамбарлар аркылуу жиберилген бардык диндердеги принциптер окшош болгон. Башкача айтканда, бардыгы Кудай тааланын бар экендигин жана жалгыз экендигин даңазалап, даңктап жана Кудайга моюн сунуп, кулдук кылууга үндөп келишкен.
Бул пайгамбарлардын эң акыркысы азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз болуп эсептелет. Өзүнөн кийин пайгамбар келбей турган бул улуу зат Алла таала тарабынан тарбияланган. Мындай жогорку тарбиянын касиети, жер бетиндеги бардык адамдарга мисал болуучу пайгамбар болушунан келип чыгат. Асыресе, батыштын белгилүү илимпоздору Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарды «дүйнөнүн эң мыкты адамы» деп атоого мажбур болушууда.
«Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбар адамзатка эмне алып келди?» деген суроолор туулушу мүмкүн. Буга кыскача төмөнкүчө жооп берүүгө болот:
1. Жараткан Кудайды унутуп, ташка, тоого жана башка жандууларга сыйынган элге Алла тааланын барлыгы жана бирлиги жөнүндөгү ишеничти алып келди.
2. Ал ыйманды коргой турган, ошондой эле коомдун же болбосо ар бир адамдын жүрүш-турушун башкарган, адамдын напсисин тыюуга жардам берген ибадаттарды, кулдук кылууну үйрөттү.
3. Акылга сыйбай турган даражада бузулуп бара жаткан адамдардын бири-бири менен болгон мамилесин кайрадан калыбына келтирүүчү жана андан ары өнүгүүсүнө жол көрсөтүүчү мыйзамдарды (Ыйык Кураны Карим жана Хадис) алып келди.
4. Адамдын бул дүйнөдө бактылуу жашоосу жана акыретке даярдануусу үчүн зарыл принциптерди орнотту. Азыркы мезгилде коомдогу терс көрүнүштөрдүн болуп жатышы, анын ичинен элдик жана руханий маданиятыбызга зыянын тийгизип жаткан сүткордук, алдамчылык, коррупция жана уурулук сыяктуу иштер исламда чоң күнөө жана анын бул дүйнөдө да, акыретте да жазасы аябагандай оор экендиги анык.
Жалпысынан айтканда, Алла тааланын адамдарга жиберген акыркы пайгамбары азирети Мухаммад Алланын акыркы дини болгон Исламды элге жеткирүү, асыресе, бул дүйнөдө жана акыретте бакыт-таалайга алып баруучу жолду көрсөтүү үчүн жиберилген. Ошондуктан мусулмандардын башка диндердеги адамдардан айырмачылыгы - Алла тааланын жалгыз экендигине ишениши, Алла тааланын акыркы пайгамбары болгон Мухаммад пайгамбардын алып келген мыйзамдарына баш ийиши жана Пайгамбарыбыздын жашоосун өзүнө үлгү кылып жашашы.
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз бул дүйнө менен кош айтышкандан бери 14 кылым өттү. Ал эми анын Алла Тааладан алып, бизге мурас кылып таштап кеткен мыйзамдары азыркы күнгө чейин өзгөрүлбөй келди. Ал кыяматка чейин адамдар тарабынан түзүлгөн мыйзамдарга негиз болуп кала бермекчи. Улуу адамдардын улуулугун даңазалай алган, баркын билген адамдардын өзү улуу, өзү бийик. Анткени тарыхтагы канчалаган аалымдардын, өкүмдарлардын бардыгынын кылган иштери руханий, көркөм дөөлөттөрдү баалап-барктаган илим, билим, көркөм өнөр адамдары тарабынан тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, бүгүнкү күнгө чейин жашап келүүдө.
БОРОНБАЕВ. С.