Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Даараттын сырлары

Мазмуну

 

Бакыт Коңурбаев

            Ар бир адам жараткан Алла тааланын алдында материалдык жана руханий жактан таза болууга тийиш. Анткени Пайгамбарыбыздын айтуусу боюнча: «Тазалык ыймандын жартысы», «Алла таала таза жана тазалыкты сүйөт». Адам денесин гана тазалап койбостон, ички дүйнөсүн дагы таза тутуусу зарыл. Ал эми денени жана ички дүйнөнү тазалаган нерсе – даарат болуп эсептелет.

 

Даараттын сырлары

Уулу Ислам дини Алла тааланын алдына чыгуудан мурун дененин белгилүү мүчөлөрүн жуушту (даарат алууну) буюрган. Бирок динибиздин бул максаты - көзгө көрүнгөн кирлерди гана тазалап коюу эмес. Даарат аркылуу адам күнөөлөрдөн да тазаланып, Алла таалага тообо кылат. Бул даарат алуунун эң иридеги максаттарынын бири.
Дааратта мүчөлөрдүн кезектелишинде эле бир топ сырлар жатат. Эң чоң жана эң көп күнөө кыла турган мүчө биринчи жуулат. Андан кийин кылган күнөөлөрүнө жараша кийинки мүчөлөргө кезек келет.

Бөлөк мүчөлөр сыяктуу башыбызга суу төгүп жуубайбыз. Анткени башыбыз бөлөк мүчөлөр сыяктуу тез кирдебейт. Ошентсе да башыбыз даарат сыяктуу руханий тазалануудан кур калбашы керек. Себеби, ал ар түрдүү жамандыкты ойлонуп, анын планын түзүп, бөлөк мүчөлөргө буйрук берип турат. Башыбыз бөлөк мүчөлөр сыяктуу сыртынан тез кирдебесе да, руханий жактан тез кирдейт. Ошондуктан буларды адамга эстетип, алардан арылып туруунун каражаты катары Алла таала башыбызга масх тартууну буйрук кылган.

жардам берген мүчө бут болуп эсептелет. Пландардын бардыгы түзүлгөндөн кийин акыркы болуп жамандыкка бут кадам шилтейт.
Эми даараттын медициналык жактан пайдаларына келсек. Негизи клеткалардын жакшы өсүүсү үчүн кан айлануу системасы өз калыбында иштеши жана кан тамырлар ийкемдүү болушу керек. Бул багытта даараттын жардамы өтө зор мааниге ээ. Денеге ар түрдүү температурадагы суунун тийүүсү менен кан тамырлар ийкемдүү абалга келгендиктен организмдеги кандын жүгүрүүсү бир калыпка келет. Ал эми тамырдын ийкемдүү боло турган жерлери дааратта жуула турган мүчөлөрдө жайгашкан. Айрыкча ооз, мурун жана моюнга суунун тийүүсү мээ системасындагы кандын айлануусуна зор пайдасы бар. Даарат кандын составындагы микробдорго каршы күрөшкөн лейкоциттерди күчтөндүрөт.
Денедеги баардык клеткалардын тегерегинде жайгашкан электр тогу бар. Азыркы учурдагы кеңири таралган синтетика кийимдерди кийүүнүн натыйжасында денедеги электр тогу талап кылынган нормадан ашып кетүүдө. Бул абал нерв системасына терс таасирин тийгизип, адамдын психологиялык жактан тез чарчоосуна, ачуулуу болуусуна жана кан тамырынын ийкемдүүлүгү жоголгондуктан терини тез бырыш басышына жол ачат. Ал эми денедеги бул ашыкча электр тогун чыгарып, аны жөнгө салууда даараттын касиети өтө чоң.

Даараттын сүннөттөрү жана алынышы

Баштын төрттөн бир бөлүгүн сууланган алакан менен нымдоо.
Сөөмөй менен кулактын ичин, баш бармак менен кулактын аркасын тазалоо, калган үч манжанын сырт тарабы менен моюнду сүртүү.

 

Даараттын адеп-тартиби

 

Дааратты бузган абалдар

  1. Аркадан же алдыдан заара, заң, кан жана уруктуктун (сперм) чыгышы.
  2. Желдин чыгышы.
  3. Денеден кан, ириң ж.б. суюктуктун чыгуусу.
  4. Ооз толтура кусуу.
  5. Уктоо, эстен тануу
  6. Жыныстык катнашуу.
  7. Намазда күлүү.
  8. Маасыга масх тартуу убагынын бүтүшү.

 

Башына