Экинчи сан

"Нооруз" тарыхы
Мазмуну
«Нооруз» деген эмне?
«Нооруз» сөзү байыркы фарс тилинин «Науризи» деген сөзүнөн келип чыккан. Ал «Нау»-жаңы, «Рузи»-күн (жыл) деген маанилерди түшүндүрөт. Демек, Ноорузду «Жыл ажыраш» деп түшүнүүгө болот. Бирок анын жаз майрамы деген да түшүнүктөрү бар.
«Нооруз» майрамы б.з.чейинки 7-6-кылымдарда жашаган Зороастризм дининин пайгамбарынын (Заратуштура) диндик көз караш системасы менен тыгыз байланыштуу. Бул диндин негиз салуучусу Зороастра Байыркы Кытайдын жана Байыркы Индиянын улуу ойчулдары Лао-Цзы, Будда, Конфуций менен замандаш болгон. Ал Авеста окуусун негиздеген.
Нооруздун мекени Иран болуп жана анда аткарылуучу диний жөрөлгөлөрдү ислам дини пайда болгонго чейинки палестиналык еврейлерден жана башка алыскы өлкөлөрдүн элдеринин салт-санааларынан жана анын калдыктарынан да кездештирүүгө болот. Алар Ноорузду майрамдоого 20 күн калганда ушул жылы келечекте мол түшүм болсун үчүн карапа идиштерде арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Ноорузду майрамдоо алдында (1-2 күн калганда) короолордо же дөңсөө жерлерде алоолонгон оттор жагылып, андан баары секирип, арамдыктан тазаланышкан. Отту айланта малдарды да айдашкан. «Сенин кызыл нуруң мага келсин, менин сары оорум сага кетсин» дешкен.
Анткени алар караңгылык менен жарыктыктын символу катары отту эсептешкен. Зороастра окуусу карама-каршылыктан, б.а. түн-күн, жакшы-жаман, ачуу-таттуу, ак-кара ж.б. бири-бири менен келишпөөчүлүктөрдөн турат. Оттон кийин кырсык, капа-кайгы ушуну менен кетсин деп терезеден, үйдүн үстүнөн суу толтурулган карапа идиштерди ыргытышкан.
Нооруздун бул күндөрүндө өткөн жылы дүйнөдөн өткөн жакынына азаа күтүү аяктап, таарынычтык, кек сактоо өндүү нерселер унутулат. Бай да, кедей да бирдей аш бышырат. Оюн-зоок баарына бирдей болуп, аны 12 күн катары менен майрамдашкан. 13- күнү «шайтан-шапааттарды» кууп чыгуу б. а. сырттагы күнү делинип, үйлөрдү аластоого арналган. Ноорузду майрамдоого негизинен суу боюнда тамактануу, анда оюн-зоокторду өткөрүү диний ырым-жырымдардын өзөгү болуп эсептелген.
Жогоруда сөз кылган ар кандай нерселерди өндүрүүдөн кийин аларды чогу бир казанга кайнатып көжө кайнатышкан. Ал кыргыздарда сүмөлүк деп аталган.
Демек, ноорузду Ислам дининин майрамы катары түшүнбөө керек. Ал Исламга чейинки элдик майрам болуп эсептелет.
Арын Эрматов