Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Сүйүктүү пайгамбарыбыз жана анын мужизалары

Мазмуну

Азирети Пайгамбарыбыздын төрөлүшү

Азирети Мухаммад (с.а.в.) б.з. 571-жылы 20- же 23-апрелде жана камарий жылсанак боюнча, раббиуль-аввалдын 12си  дүйшөмбү күнү таңга жуук Мекке шаарында жарык дүйнөгө келген. 63 жаш курагында б.з. 632-жылы Медина шаарында дүйнөдөн кайткан.

Пайгамбарыбыздын ата-теги

Пайгамбарыбыздын атасы Хишам уруусунан чыккан Абдулмутталибдин уулу Абдуллах, ал эми энеси Зухра уруусунан Вахбинин кызы Амина болгон. Анын ата-теги атасы жагынан да, энеси жагынан да Ибрахим пайгамбарга такалат. Учурунда Пайгамбарыбызга тектүүлүк жагынан эч бир уруу, тукум тең келген эмес.

Пайгамбарыбыздын аттары

Ардактуу Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бир канча ысым-сыпаттары бар. Булардан Кураны каримде аталганы «Мухаммад» жана «Ахмад» ысымдары. «Мухаммад» сөзү «мактоого татыктуу», ал эми «Ахмад» «шүгүрчүл» деген маанилерди түшүндүрөт. Пайгамбарыбыздын «Абул-Касым» (Касымдын атасы), «аль-Амиин» (чынчыл, ишеничтүү) сыяктуу лакап-аттары да болгон. Анын сыпаттарынан мынабуларды тизмелөөгө болот: Хатамуль-Анбия (пайгамбарлардын акыркысы), Хабибуллах (Алланын сүйүктүүсү), Фахр-ы каинат (Аалам ардагы, сыймыгы), Расулуллах (Алланын элчиси) ж. б.
Пайгамбарыбыздын мужизаларын (кереметтерин) пайгамбарлыктан мурунку жана кийинки деп экиге бөлсөк болот:
Ирхасат - бул төрөлө электе же төрөлүп жатканда башталып пайгамбарлык милдети келгиче жараян эткен ажайып көрүнүш. Ал пайгамбарларга пайгамбарлык милдети берилгенге чейин байкалат.
Мужиза – пайгамбарлар пайгамбарлык озуйпасын аркалаган соң өздөрүнүн чыныгы пайгамбар экендигин далилдөө үчүн, Алладан алган кабарды элге жеткирүү үчүн жиберилгендигин тастыктоо максатында көрсөткөн кереметтер. Мужиза - бул кереметтен жогору турган нерсе. Аны тек пайгамбарлар гана көрсөтөт. Ал эми керемет Алланын сүйүктүү пенделеринин колунан Алланын уруксаты менен жаралган ажайып окуя болуп эсептелет.
Пайгамбарыбыз жарык дүйнөгө келе электен мурун байкалган ирхасат-ажайып окуялар төмөнкүлөр болгон:
- Мурунку пайгамбарлардын анын келишин сүйүнчүлөөсү
- Мурунку пайгамбарларга берилген китептерде Пайгамбарыбыздын ысым-сыпаттары жөнүндө кабар берилиши
- Жөөт жана христиан дин аалымдары өз китептеринен окуп, келечекте анын келе тургандыгын кабарлоосу
- Көзү ачыктардын жиндер аркылуу кайыптан алган кабарларында анын ким экендигин, кайсыл убакта келе тургандыгын жана эмнелерди кыла тургандыгын билип, элдерге кабар берүүлөрү
- Кээ бир (бут) жасалма кудайчаларга арналып союлган курмандыктарга тил бүтүп пайгамбарыбыздын келе тургандыгын жана бүтүндөй ааламдын нурга бөлөнө турганын билдирүүсү.
- Каабаны талкалоо үчүн жолго чыккан Абраханын пил аскерлерин абабил чымчыктарынын жок кылышы жана Каабанын сакталып калышы

                Жогоруда айтылган жана ушул өңдүү таң калычтуу окуялардын болгондугу тарых китептеринде баяндалат. Мына ушул окуялардын баары Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул жарык дүйнөгө келе электен мурда болгон жана жакын аранын ичинде сөзсүз бир Элчи келе тургандыгын жана ал акыркы Пайгамбар экендигин билдирген мужизалар болгон.

Пайгамбарыбыздын төрөлүшү


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) төрөлгөн учурда ааламда төмөнкүдөй окуялар болгон.


1. Пайгамбарыбыздын энеси азирети Амина кош бойлуу учурунда да, төрөт учурунда да эч бир кыйынчылык тарткан эмес.
2. Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.) таза сүннөттүү жана киндиги кесилген абалда төрөлгөн.
3. Анын эки далысынын ортосунда, жүрөгүнүн туш тарабында «пайгамбарлыктын мөөрү» болгон.
4. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жүзүндө нур болгон. Бул нур Адам (а.с.) атадан баш болгон пайгамбарлар аркылуу Пайгамбарыбызга өтүп чыныгы ээсин тапкан.
5. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) төрөлгөн күнү шайтан өмүрүндө болуп көрбөгөндөй ачуу кыйкырык салып катуу дүрбөлөңгө түшкөн.
6. Ошол күнү эрте менен Каабадагы бардык буттардын көмкөрөсүнөн кулап калганын көргөн Мекке калкы айран-таң калышкан.
7. Адамдар ыйык деп эсептеген «Сива» көлү солуп, айланасындагы чиркөөлөр кулаган.
8. Сириядагы он кылымдан бери суусу солуп калган «Самавий» дарыясы да ошол күнү суусу толуп, ташкындап ага баштаган.
9. Иран падышасынын атактуу кан сарайы титиреп, 14 устуну жыгылып талкаланган.
10. Зараостризим (отко сыйынуучулар) динине ишенгендердин  миң жылдан бери өчпөй келген сыйынуучу оту өчкөн.
11. Меккеде соодагерлик менен алектенген бир жөөт Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөгө келген түнү Алла элчисинин дүйнөгө келишине белги берүүчү жылдыздын чыкканын көрүп, курайштыктарга кабар берген.
12. Анын дүйнөгө келиши менен Алланын берекеси бүт ааламга толуп ташкан. Бардык ушул окуялар пайгамбарыбыздын келгендигинин алгачкы белгилери болгон. Бул жыл «молчулук» жылы деп аталган.
13. Пайгамбарыбыздын келишине Мекке калкы абдан сүйүнгөн. Жада калса Абу Лахаб дагы жээни төрөлгөндүгүн сүйүнчүлөгөн күңү Субайбаны эркиндикке чыгарган. Ибн Аббас (р. а. ) төмөнкү окуяны баяндаган:
Абу Лахабды өлгөнүнөн бир жылдан кийин түшүмдө көрдүм. Ал жаман акыбалда болчу.
- Сага (тиги дүйнөдө) кандай мамиле кылынды?- деп сурадым. Ал:
- Мухаммаддын туулганына сүйүнүп Субайба эркиндикке чыгарганым үчүн дүйшөмбү күндөрү азабым бир аз жеңилдетилет. Ал күнү эки бармагымдын ортосундагы ушул кичине тешиктен чыккан суу менен салкындап, жеңилдей түшөм, – деп жооп берди» дейт.
14. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйнөгө келген күндөн баштап шайтан-жиндер мындан кийин курайштык көзү ачыктарга кабар бере албай калышкан.
15. Бул күнү көк асман жымыңдаган сансыз жылдыздары менен сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дүйнөгө келишин кабарлап турган.

Пайгамбарыбыздын балалык чагы

1. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүт энеси Халима менен күйөсү күндүн ачуу аптабынан калкалоо үчүн болочок пайгамбардын төбөсүнөн калбай көлөкөлөп жүргөн булутка күбө болушкан. Бахира аттуу кечил да сүйүктүү Пайгамбарыбыз 12 жашында Дамаскка барганында үстүндөгү булутту байкап, анын болочок пайгамбар экендигин баамдаган.
2. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Хадижанын Майсара деген кызматчысы менен соода-сатыктан кайтып келгенде, Хадижа энебиз анын төбөсүндөгү эки булут сымал периште көргөн. Аларды Майсарага көрсөтсө, ал:
- Ал булут сапарга чыккандан бери жүрөт - деп жооп берген.
3. Халима аны үйүнө алып келгенден тартып, үйгө береке-кут кирип, мурда жээрге чөп таппаган мал-жандыктары курсактары чаначтай болуп, желиндери сүткө толуп келе баштаган. Аны көргөн адамдар таң калуудан башка эч нерсеге акылы жеткен эмес.
Жогоруда айтылган окуяларды корутундулай турган болсок, ислам булактарында айтылган булардан тышкаркы бир топ окуялар бар. Булар баардыгы болгон окуялар. Бул окуяларды айтуу менен биз пайгамбарыбыздын канчалык улуу адам болгондугуна жана чыныгы пайгамбар экендигин билебиз. Бул сырдуу окуяларды айтпасак деле пайгамбарыбыздын төрөлгөнүнөн өлүмүнө чейин кылган иштери жана айткан насааттары пайгамбарлыгына далил боло алат.

Которгон: Шакиров Мурзали

Башына