Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Молдо Кылыч Шамыркан уулу

Мазмуну

            19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башталышындагы кыргыз жазма адабиятына чыйыр салган кыргыз ойчулдарынын бири - Молдо Кылыч Шамыркан уулу элдик тил байлыгын пайдаланып, көркөм адабият үлгүлөрүн жана эл тарыхын баяндаган чыгармаларды жазып калтырган.
Ал Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу» деген жерде сарбагыш уруусунун атактуу манабы Төрөгелдинин бир тууганы Шамыркандын уулу (1866-1917) болгон. Балалык чагы жана чыгармачылык өмүрү манаптардын жаатташкан кагылыш шартында карама-каршы келген идеялык түшүнүктөрдүн ортосунда өтөт. Ал медреседе эки-үч жыл окугандан кийин эле мусулман китептерин окуп, жазууга жетишип, 18-25 жаш чамасында ыр жаза баштаган. Ырларын аш тойлордо ырдаштан намыстанып, абалы ырды жазып, андан кийин элге окуп берген. Кийинчерээк комузга салып айтып жүрүп, бирок комуз менен айтуу акындыкка тоскоолдук келтирет экен деп, аспапсыз айтууга аракеттенген.
Манап тукумунан болсо да, эл бийлеп, калк ишине катышууга көңүл бөлгөн эмес. Өтө жарды болуп, азыноолак дыйканчылык менен оокат кылган.


Эртели кеч суу бойлоп басып, таза жерге отуруп, ар түрдүү өсүмдүктү байкап көрүп, айланасындагы табигаттан тажрыйба алып, курт-кумурска, канаттуулардын алдуу, алсыздарын текшерип, анан ыр кылып жазган.


«Бети кызылдуу сепкили жок, жүзү абдан толук, тегерек чоң кара көздүү, орто бойлуу, семизче, чоңураак кара мурут, ээгинде кичине чокчо сакалы бар. Кийимди өтө таза кийинип, динин таза туткан, диндар болгон»-деп эскерет, акынга жолуккан жана анын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеген алгачкы окумуштуулардын бири Белек Солтоноев. (Молдо Кылычтын кыскача тарыхы, Ала-Тоо-1989, №12, б. 136-137)


Молдо Кылыч өмүрүндө көп ырларды жазганы менен алар элге көп жеткен эмес. Ырларында бай-манаптарга, улуктарга карабастан айлана-чөйрөсүндө, турмушунда баамдаган нерселерин  бурмалабай, өзү көрүп, аң-сезими менен түшүнгөндөй ачык, туура жазган.
Б. Солтоноев акынга жолуккан кезде көп ырларын көчүрүп алган. «Арман кыз-кыз жигит», «Зар заман», «Канаттуулар», «Бүркүт тою»(манаптардын элди кыйнап, чыгым алып той бергени жөнүндө) «Чүй өзөнү», «Жинди суу»(1911-жылы Кеминге келгенде жазылган), «Алдамчы», «Зилзала», «Санат», «Кочкор Ата», «Керме-Тоо», же «Ала-Тоо», «Манап букара» сыяктуу. Булардан сырткары кийинчерээк 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүшү жөнүндө дагы жазып, аягына чыга электе каза болгон. Жогорудагы ырлардын айрымдары табылбай калып, бүгүнкү күнгө жеткен эмес.
Молдо Кылычтын башка акындардан артыкчылыгынын бири ырды такалбастан бир жазып кеткен, кайта текшерип оңдоп отурган эмес. Ырды уйкаштыгына назар салбастан, сөздүн тереңине, маанисине караган.


Акындын чыгармачылыгына кыргыз элдик оозеки адабияты менен чыгыштын классикалык адабиятынын таасири тийген.


Ал улуттук адабияттын түптөлүшүнө өз салымын кошкон учкул ой-чабыты менен көзү көргөн окуяларды, кыргыз элинин абалын, бай-манаптар менен молдо-кожолордун суктугун, төбөлдөрдүн алык-салыгын, өз ата-тегинин канкордугун ачып, Кыргыз элинин Россиянын карамагындагы турмушун, падышалык бийликтин экономикалык жана жер бөлүштүрүү боюнча адилетсиз саясатын ашкерелеген.
Залкар акындын Казандан чыккан «Зилзала» поэмасы, элибиздин тарыхында жаңылык болду.  Поэма 20-кылымдын башындагы чоң Кеминдеги жер титирөөнүн запкысын баяндайт. Ал эми «Буудайык», «Бүркүт тою», «Чүй баяны» өңдүү дастан поэмаларында идеясы, көркөмдүгү кайталангыс, поэтикалык мүнөздөмөлөр чагылдырылат. Канаттуулардын образы аркылуу экономикалык теңсиздик  таасирдүү берилет.


Биздин кылымдын 20-жылдарына чейин Молдо Кылычтын бардык чыгармалары эл оозунда кеңири айтылып, жогору бааланып, басмадан чыккан китеби кыргыз тилиндеги жалгыз оригинал катары мектептерде окутулган. Акындын «канаттуулар» деген казалы жөнүндө М. Ауэзов: «Мындай сонун чыгарма менен кандай адабият болсо да сыймыктана алат» деген.


Кыргыз искусствосуна жаңы багыт ачкан, жердин көркүн, жан-жаныбарларга чейин панорамасын тарткан акыйкат акындын чыгармалары «Буржуазиялык-улутчул идеологияны даңазалайт» деген куру шылтоо менен күнөөлөнүп, жарык көрбөй келген.  1988-жылы 29-декабрда Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитети Молдо Кылыч Шамыркан уулунун чыгармачылык мурастары жөнүндө атайы токтом кабыл алып, өткөндөн калган мурастарды туура баалоо, элге жеткирүү кайра куруу, айкындыктын аркасында жандана баштады.

                        ЗИЛЗАЛА

Абал сөзүм бисмилла
Айта берсек сөз мында
Кеп чыгардым жаңыдан
Келгин-өрдөк, биз-турна,
Китептерде бир болжол
Коркунуч болоор жүз жылда
Нур Мукамбет Пайгамбар
Үмүткөрбүз көп жандар.
Ойлоп кара артыңды 
Ак сакалдуу каргандар
Көрүп келдиң далайды
Узак жашап баргандар.
Сонун иштер көбөйдү
Сөзгө кулак салгандар
Илгеркилер бир борум
Өз эркинче болгон.
Зар заманга сүйлөдүм
Борумдардын болжолун.
Алла Таала, ар ишти
Өзүң түзөп оңдогун.
Бу замана түрлөндү
Жер силкинип термелди.
Кылкылдаган асман-жер
Бузулуп кетээр өңдөндү
Санаага келбес иш болду
Сакта Кудай бендеңди
Тоо бузулуп таш кулап,
Жер жарылып, жар урап
Ит бүткөндүн баарысы
Улуп уңшуп чуркурап
Жан алуучу келердей
Чочуп турдук зыркырап.
Кудай өзү сактасын,
Асман жерлер бузулуп
Кетеби деп быркырап
Матоодо төө бышкырып
Ат кишенеп кошкуруп,
Таш короолор калдырап,
Эчки-койдун баарысы
Үркүп чыкты чүчкүрүп
Байлаган жиби үзүлүп
Өкүмү күчтүү Кудайдын
Өткөрө чоң иш болду.
Өлүмдү эске түшүрүп
Алланын иши ушундай
Аманат бенде курусун
Акыл жетпес караса
Кудуреттин жумушун
Жер дүйнөнү туйлатып,
Көрдүңбү мындай кылышын
Добуш тартып дүрүлдөп,
өлүмдөн башка ойлобой,
Акылың кетти бириндеп
А, кудайлап жалбарып,
Алда кандай болоор деп,
Уктаган балдар ойгонду
Ыйлабай өзү сооронду.
Алда кандай жорук деп
Эси чыгып жаш балдар,
Булар дагы ойлонду.
Жан-жаныбар макулук
Чочубастан койбоду.
Туурда куштар талпынып,
Ат кошкуруп алкынып.
Адам кантип коркпосун
Акыл башта бар туруп
Мына мындай өңдөнгөн
Мындай жорук ким көргөн
Билгенге айткан бул сөзүм
Битина жорук бендеден.
Адетте болбос мынчалык
Жер кыймылдап термелген.
............................

Башына