Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбызга таандык даражалар

Мазмуну

Абдуррахман Хачкалы

Азирети Пайгамбардын куттуу жумалыгынын жакындашына карата бул макалабызда Алла таала тарабынан ага берилген өзгөчө даражалары жөнүндө кыскача маалымат берүүнү чечтик.

Алла таала Куранда төмөнкүчө буюрат: «Алла пайгамбарлардын кээ бирин кээ биринен артыгыраак кылып, алардын айрымдары менен сүйлөштү. Ошондой эле айрымдарын (айрымдарынан) жогору даражага көтөрдү» (Бакара, 253). Алла Таала Пайгамбарыбызга да жогору даражаларды жана сапаттарды тартуулаган. Куранда бул багытта: «...Алла сага Китеп жана даанышмандыкты түшүрдү. Сага билбеген нерселериңди  билдирди. Алланын сага болгон берешен жоомарттыгы чексиз» (Ниса-113)  деп айтылат. Ислам аалымдары Пайгамрыбызга берилген даражалар боюнча ат көтөргүс эмгектерди жаратышкан. Ал эми биз 13-кылымдын ислам аалымы  аль-Из  бин Абдиссаламдын ( ө.ж 1262) «Бидаятус-сууль  фии  тафдиилир-росууль»  аттуу   эмгегинен    пайдаланып,  пайгамбарыбызга тийешелүү даражаларды  кыскача маалымат бермекчибиз.
Алла таала пайгамбарыбызды көптөгөн жактан абзел кылган.  Алардын кээ бирлери төмөндөгүлөр:

1. Ал ааламга ырайымдуулуктун пайгамбары катары жөнөтүлгөн. «Биз сени бардык ааламдарга ырайымдуулуктун жибердик» (Анбия-107)  деген аят анын бул касиетин көрсөтүп турат. Азирети пайгамбар бүтүн адамзатка эки дүйнөнүн туура жолун көрсөткөн. Эки дүйнөгө керектүү нерселерди насыят кылып табыштап, зыяндуу нерселерден оолак болууга чакырган. Эгер кимде-ким анын пайгамбарлыгын кабыл алып, динине моюн сунса, анда ал адам бул дүйнөдө чыныгы инсандык бактылуулукка жана акыр-кыяматта чоң ийгиликке жетет. Ал инсандык жашоонун жолун көрсөткөн жана анын эмгеги жеткен ар ким туура жолду тапкан.

2. Аз. Мухаммад (с.а.в.) бардык адамдарга пайгамбар болуп жиберилген. Бул даража пайгамбарлар арасында бир гана ага ыйгарылган. Бөлөк пайгамбарлар болсо, белгилүү коомдорго гана жиберилген.

3. Пайгамбарыбыздын мужизалары бөлөк пайгамбарлардын мужизаларынан  жогору. Мисалы, манжаларынын арасынан суунун атылып чыгуусу. Таштан суу чыгаруудан да, сууну манжалардын арасынан  чыгуусу, адаттан тышкаркы көрүнүш. Анткени, таш  өзүнөн суу чыгарган нерселердин түрүнө кирет.

4. Бөлөк пайгамбарлардын мужизаларынын убакыты чектелүү болгон. Пайгамбарыбыздын Куран мужизасы болсо, акыр-кыяматка чейин уланат. Куран –пайгамбарыбыздын доорундагы адамдардан баштап, кыяматка чейинки бүткүл адамдарга мужиза жана жол көрсөтүүчү. Куран сыяктуу китепти адамдар менен жиндер биргелешсе да, чыгара алышпайт. Бүгүнкү күнгө чейин моюн сунбагандар бул нерсени иш жүзүнө ашыра алышкан эмес жана ашыра да алышпайт.

5. Бөлөк пайгамбарларга түшүрүлгөн китептер бурмаланып, бузулуп кеткен. Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн Куран китеби нагызын сактап келген. Ал бузулган эмес жана эч качан бузулбайт. Аятта мындай деп айтылат: « Албетте, Куранды биз түшүрдүк жана кадиксиз анын сактоочулары да бизбиз»  (Хижр-9) 

6. Пайгамбарыбыз  бүткүл адамдардын падышасы. Бул боюнча бир хадисинде мындай дейт:  «Мен адамдардын падышасымын. Бирок муну мактаныч үчүн айткан жокмун.» Хадистин бөлөк риваятында: « Мен кыямат күнү адамдардын падышасымын. Кабырдан биринчи болуп мен чыгам, эң биринчи мага шапаат акысы берилет жана эң биринчи мен шапаат кыламын» - деп айткан. Хадистин аяк жагында Пайгамбарыбыз «муну мактаныч үчүн айткан жокмун»  деп кээ бир караңгы адамдардын туура эмес түшүнүп алуусуна бут тоскон.

7. Алла таала Куранда Пайгамбарыбыздын өмүрүнө ант ичкен: «Эй, Мухаммад, жашоо-өмүрүңө ант! Алар өз мастыктарына тентиреп жүргөндө кокустан таң убагында аларды коркунучтуу кыйкырык кармады.» (Хижр-72)  Бул, Алла Тааланын алдында анын барктуулугун жана бийиктигин айгинелейт. Мындай даража бөлөктөргө буюрулган эмес.

8. Алла таала анын мурунку жана кийинки каталарынын бардыгын кечирген. Бул даража да Аз. Пайгамбарга гана таандык.

9. Кыямат күнү Аз. Ибрахим баш болуп, бүткүл адамдар пайгамбарыбызга корголоп бекинишет.

10. Пайгамбарыбыз мындай деген: « Бейиште «Васила» деген  даража бар. Ага бир гана киши жетет. Ал киши менмин деген үмүттөмүн. Ким менин ошол даражага жетүүмө дуба кылса, мен ага шапаат кылам»

11. Пайгамбарыбыз мындай деген: «Кыямат күнү  Ливаауль-хамд туусу (тегерегине бүткүл адамдар чогула турган) менин колумда болот»  Мусулмандардын күнөөсүн жууп, жүрөгүн тазарта турган Кавсар суусу да ага берилген.

12. Алла таала пайгамбарыбыздын шапаат дубасын акыр-кыяматка сактаган. Бөлөк пайгамбарлар мындай өзгөчө дубасын бул дүйнөдө колдонгон.

13. Бүткүл жер жүзү ага жана үммөтүнө мечит кылынып берилген.

14. Алла таала анын үммөтүн эң жакшы  үммөт кылган.

15. Аз. Пайгамбардын үммөтүнүн ыйманы же ибадаты эч качан бузулбайт. Бул бир гана анын үммөтүнө таандык. Бөлөк пайгамбарлардын үммөттөрү туура жолдон чыгып кетишкен. Учурдагы Иудаизм жана Христиан диндери Алла тааланын ыйман менен ибадатка  койгон мыйзамдарын бузушкан. Ал эми Ислам дини Куранды, пайгамбарыбыздын айткандары менен көрсөткөндөрүн оозеки жана жазуу түрүндө сактап келүүдө.  

Которгон: Бакыт Коңурбаев

Башына