Экинчи сан

Көйгөйлүү суроолор
Мазмуну
1-Дүйнөдө болуп жаткан табигый кырсыктардын ислам дини боюнча мүнөздөлүшү кандай? Мусулман адам бул окуяларды кандай кабыл алуусу керек?
Алла таала адамдардан ааламды изилдөөсүн жана андагы укмуштуу сырларды көрүүлөрүн талап кылат. Жаратылыш мыйзамдары тууралуу Куранда көптөгөн аяттар бар. Алардын кээ бирлери төмөндөгүлөр: «Күн да, ай да (анык) эсеп-өлчөм менен (аракетте болот...) (Рахман- 55/5), «Ал бардык нерсени жаратып, иретке келтирген. Ал ар бир нерсе үчүн ылайыктуу жолду белгилеп, ал нерсени ошол жолго багыттап койгон» (Аалаа сүрөсү, 87/3-4). Табияттагы мыйзамдар жана андагы болуп жаткан окуялар илимий тема катары каралып, илимдин негизинде изилденип келет. Алардын тууралыгы илимий теориялардын тууралыгына байланыштуу. Бул табигый окуялардын илимий тарабы. Табияттын мындай ырааттуулук менен жараян этиши Алла тааланын бар экендигинин далили.
Табигый кырсыктар туурасында жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр менен бирге хикмат (катылуу сырлар) өңүтүн дагы карап чыгуубуз керек. Маселенин метафизикалык өңүтүн түзгөн бул түшүндүрмөлөр, тактап айтканда, ааламдын башталышы жана соңу тууралуу түшүндүрмөлөр, тээ илгертен бери философиянын негизги темаларынан болуп келген. Ислам дини боюнча бардык нерсени Алла таала жараткан жана бардык нерсе кыямат күнү соңуна чыкканда акырет жашоосу башталат. Бул жагынан окуялардын хикмат өңүтү да бар. Жаратылыш кубулуштарын илимий түшүндүрмөлөр менен бирге хикмат өңүтүн да талдап чыгуубуз керек. Куранда көптөгөн коомдор пайгамбарларды четке кагып, бузуку ишенимдерин уланткандыктары үчүн жер жүзүнөн жок болгондуктары баяндалат. Мисалы, Аад коому, Самуд коому, Фараон жана анын жан-жөкөрлөрү, Айка эли сыяктуу. Учурдагы археологиялык казуулардын натыйжаларында жок болгон коомдордун издеринин табылышы да буларды тастыктайт. Куран ал коомдордун издеринен ибарат алуубузга чакырат. Айрыкча бузулган коомдор өзүнөн-өзү жок болорун жана алар дагы жогоруда айтылган коомдордогудай акыбетке учураарын эскертет. Ошондой эле Куран коомдорду кылган күнөөлөрү үчүн дароо жок кылбагандыгын, аларга белгилүү убакыт берилгендигин баяндайт. «Эгер Алла таала аларды кылган ар бир эле күнөөлөрү үчүн дароо жазалай бергенде жер жүзүндө бир да жандуу калмак эмес. Бирок Ал аларды белгилүү мөөнөттөн кийин жазалайт. Анан качан ошол мөөнөт келген соң алардын, ар бирине кылып өткөн бардык жаман-жакшы иштеринин сыйлык-жазаларын берет. Анткени Алла пенделерин көрүп туруучу» (Фаатыр-35/45).
Учурубузда да болуп жаткан табигый кырсыктар адамдар үчүн апаатка айланып бара жаткандай. Мусулмандар бул табигый кырсыктардын апаатка айланып кетпөөсүн Алаа Тааладан суранып дуба кылуулары абзел. Табигый кырсыктар апкелген зыяндарды колубуздан келишинче азайтуу жана кырсыкка учураган боордошторубузга жардам берүү - бардыгыбыздын милдетибиз.
Бул кырсыктардын мүнөздөлүшүнө келсек, табигый апаттар бул дүйнөгө жана кыяматка байланыштуу жактары боюнча мүнөздөлүшү зарыл. Бир нерсенин жакшы же жаман болгондугун мүнөздөп жатканда анын жашообузда алган ордун гана эске алып койбостон, кыяматтагы натыйжасын дагы унутпообуз керек. Ар эки тарапты тең бирдей мүнөздөө керек. Болуп жаткан окуяларга ар тараптуу карасак болот. Бирок мусулман үчүн жакшылыктын же жамандыктын эң маанилүү чен-өлчөмү окуянын кыяматтагы акыбети, башкача айтканда, соопко же жазага жол ачуусунда.
Мусулмандардын башына түшкөн ар түрдүү кырсыктар алардын күнөөлөрүн жууп, соопторун көбөйтө тургандыгын баяндаган хадистер бар. Асыресе, хадистерде мындай апааттарда өлгөндөр шейит боло тургандыгы да сүйүнчүлөнгөн (Бухари-Азан 32; Муслим-Имаре 164; Тирмизи-Женаиз, 65). Бул жалган дүйнө өңүтүнөн алып караганда булар канчалык жаман көрүнсө дагы, булар акыр-кыяматта мусулмандар үчүн жакшылыктын себеби болот. Ошондуктан мусулман адам мындай апааттардын алдында өзүн жоготпой, окуянын жаман тарабын эмес жакшы тарабын көрүүгө аракет кылышы дурус. Ал түбөлүктүү жашоо жана бактылуулук акыретте гана экендигин билет.
Төлгөчүлөргө баруу жана аларга ишенүү туурабы?
Төлгөчүлүк – бул келечекти жана билинбеген кайып нерселерди айтуу. Адамдардын сырдуу нерселерге болгон кызыгууларын туура эмес жолго колдонуу. Куранда жана хадистерде төлгөчүлүккө жана алардын айткандарына ишенүүгө тыюуу салынган (Бакара сүрөсү, 102; Маида сүрөсү, 3).
Төлгөчүлүк Алла ишенимине карама-каршы келип, адамды туура жолдон чыгарат. Адам баласынын маселелерин, проблемаларын чечүүдө туура жолдорго кайрылуусуна тоскоол болот жана күнүмдүк жашоонун чегинен чыгарып, психологиялык жактан оорулуу кылат. Кайыпты билүү, келечек тууралуу айтуу, Алладан башкасынан жардам үмтөтүү сыяктуу нерселер аяттар менен хадистерде бузукулук катары мүнөздөлгөн жана тыюу салынган. Мусулман пенде мындай туура эмес нерселерге кайрылбайт. Ошондой эле сыйкыр жана көзү ачыктык дагы чоң күнөө болуп саналат (Бакара сүрөсү 2/102). Хадисте адамды тозокко жетелеген жети чоң күнөөнүн бири – сыйкыр. Урматтуу мусулмандар, жамандык менен жакшылык бир гана Алладан болот.
Өз жанын кыйган адамдарга жаназа намазы окулабы?
Исламда чоң күнөөлөрдүн бири – адам өлтүрүү. Өз жанын кыюу дагы ушуга кирет. Өз жанын кыюу Алла тааланын тагдырына жана жашоо ырыскысына шүгүр келтирбөөчүлүк болуп эсептелет. Мусулман адам бул жашоо сыноо экендигин билиши керек. Башына түшкөн нерселерди бул дүйнө жана акыр-кыямат жагынан туура мүнөздөй алуусу зарыл. Аллага ишенген адам эч качан андан үмүтүн үзбөйт.
Өз жанын кыйган адам чоң күнөө кылса дагы, сөөгү жуулуп, кепинделип, жаназасы окулат. Бул Абу Ханифанын (Имам Аазам) жана Имам Мухаммаддын көз карашы. Имам Аазам мазхабындагы аалымдар дагы ушул көз карашка таянып фатва (өкүм) чыгарып, ага амал кылышкан.
Маркумду үч күнгө чейин кармоо жана мал союу туурабы?
Азирети Пайгамбарыбыз: «Маркумду коюуда шашылгыла!» (Бухари, Жанаиз, 52) деп, маркумду кармоого тыюу салган. Анын ушул буйругу менен сахабалар кээде Пайгамбарыбызга кабар бербестен маркумду көмүшкөн. Ислам аалымдарынын көз карашы да ушундай. Биз маркумду үч күн кармоо менен маркумга жардам бергендин ордуна, анын арбагын кыйнайбыз. Маркумдун денеси жылуу кезинде жерге жашырбастан, аны сасытып, ичин көптүрүп, эзилтип туруп көмүү, албетте, туура эмес. Денеси сасып кеткендиктен, аны жууган адамдар дагы жакшы жууй албайт. Эч бир адам мындай абалда көмүлүүнү жана көмүүнү каалабайт болуш керек. Бардыгыбыз бул нерсенин туура эмес экендигин кабыл кылабыз, бирок аны иш жүзүндө аткарууга аракет кылбай келебиз. Эгер аракет кылып аткарсак, Алла таала анын акыбетин кайтарары бышык.
Өлгөн адамдын жакындары тарабынан тамак берилүүсү туура эмес. Булардын бардыгын тууган-туушкан, коңшулары аткарышы керек. Мал союу шариятта милдет эмес.
Маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын маркум үчүн Аллага дуба кылуулары, Куран окуп сообун багыштоолору, кембегалдарга садага берип, жетимдерди тойгузуп, сообун маркумга багыштоолору жакшы иш болуп эсептелет. Бирок буларды адам өлөрү менен эмес, материалдык абалына жараша, курулай мактанычтан алыс болуп, Алла ыраазычылыгы үчүн кылуу керек. Куранда мусулмандарга өзүнүн жакындарына гана дуба кылбастан бардык адамдар үчүн дуба кылуулары буюрулган.