Экинчи сан

Жаным курман
Мазмуну
Ак жолду акыйкатты баштап кеткен,
Чыркырап чындык үчүн азап чеккен,
Улуу зат пайгамбарым Мухаммадка,
Он төрт кылым узактардан салам берем.
Тээ көктөн кут түшкөндөй бул көңүлгө,
Жазууну самап турам ал жөнүндө.
Канча жаз, канча айтпа асылыдыгы,
Сыйбастыр баш көтөрбөс бир өмүргө.
Жазайын мейли анда көөдөн үнүн.
Арнайын дилден чыккан ырдан гүлүм,.
Оболу таазим кылам пайгамбарга,
Урматтуум куттуу болсун туулган күнүң!
Жылдыздуу дидарыңды көзү көргөн,
Жылаажын үнүңдү угуп жашын төккөн,
Дүйнөнүн эң бактылуу адамдары
Дал ошол сен жашаган доордо өткөн.
Мен дагы сыймыктанам сени менен,
Жолуңа кулдук урам, сыйым терең,
Өткөнчө бүт өмүрүм ак жолуңдан,
Сапарын жаңылтпастан жашаса дейм.
Түбөлүктүү жашоого үрөөн септиң,
Акылга мол казынасың, накыл кептин.
Чаалыкпас эркиң менен кайраттана,
Көздөгөн максатыңа таамай жеттиң.
Наадантыктын сазына батып турган,
Адамзаттын бүт дилин Көккө бурган,
Сенин жолуң, өрнөктүү өмүрүңө,
Атам энем, бүт байлыгым, жаным курман!
Калбеков Акылбек