Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Тиштердин ден соолукка тийгизген таасири

Мазмуну

 

Организмдин нормалдуу өсүшү толук кандуу тамактанууга, ал эми тамактын жакшы сиңүүсү тиштердин чайноо абалына көз каранды. Чайноо ылдыйкы жана үстүңкү жаак, булчуңдар, тиш, тил жана эрин аркылуу жараян этет.

Тиш организмдин негизги жашоо функцияларында: тамактанууда, дем алууда жана үндүн чыгышында да өздүк мааниге ээ.

Ооз көңдөйү тамак ээритүүнүн алгачкы пункту болуп эсептелет. Тиштердин жардамы менен тамак-аш биринчи механикалык жана химиялык иштетилүүдөн өткөрүлөт. Бул жактан шилекейдин бөлүнүп чыгарылышы секретордук функцияларга көз каранды. Начар чайналган, майдаланбаган тамак организмге терс таасир этип, ичегинин нормалдуу иштешинин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Үндүн чыгышында жана кептин пайда болушунда тиштер түздөн-түз катышат.

Тиш үч бөлүктөн турат: кабы, тамыры жана мойуну. Тишитин кабы бүйлөнүн үстүнөн орун алат. Ал эң бышык эмаль менен капталган. Эмальда 95-97% органикалык эмес заттар жана 3-4% гана органикалык заттар камтылат. Эмальдын органикалык эмес заты негизинен микроэлеметтерди - магний, цинк, жез, темир, фтор ж.б.  камтыган гидроксипатин менен негизделет. Эмальдын органикалык заттары белоктор, липтидтер, углеводдордон турат.

Тиштин тамырынын жана кабынын негизги бөлүгү дентинден – кальцийдин тузу менен сиңирилген сөөк затынан турат. Дентин 70% органикалык эмес заттарды камтыйт жана азыктандыруучу жипчелерден турат. 1мм2 дентинде 75000 чейин мындай майда каналдар жайгашкан.

Тиштин тамыры жаак сөөгүнүн ячейкасында орун алган, өз учурунда ал жумшагыраак цемент (46% органикалык эмес) менен капталган. Тиштин тамыры жана альвеоланын ортосунда байланыштыруучу ткань менен толтурулган кычык сыяктуу аралык бар. Бул тиштин периодонту. Периодонттун жипчелери өздөрүнүн учтары менен тамырдын цементине жана тиштин ячейкасынын сөөк тканына түйүлгөн. Жана ушундай жол менен жаактын альвеолдук бөлүгүндө тишти бекемдейт. Альвеоланын капталынан периоддонтко тиштин тканын азыктандыруучу кан тамырлар  жана нерв жипчелери өтөт. Ар бир тиштин ортосунда тамырдын үстүнөн тешик менен бүткөн, кууш каналга өткөн көңдөй бар. Кабдын көңдөйүндө эти жайгашкан тиштин тканын азыктандырган тиштин пульпасы. Тиштин пульпасы жаакты нерв тамырлары менен байланышкан, ал болсо тиштин чокусундагы көзөнөктөн өтөт.

Тиштин тамыры жана кабынын ортосунда мойун жайгашкан, ал цемент менен капталып турат, жогорку жагы бүйлөгө биригет. Ар бир жаака төмөндөгү түрдөгү тиштер чыгат: кашка тиштер, азуулар, майда азуулар, акыл азыуулар.

Адам баласынын тиши эки жолу өсүп чыгат. Алгач ирет сүт тиши чыгат, анын чыгыш мөөнөтү баланын организминин өнүгүүсүнө жана жалпы ден соолугуна байланыштуу. көбүнчө балдардын тиштери 6-8 айында чыга баштайт. Алгач кашка тиштер, кийин азуулар андан соң майда азуу тиштер чыгат.  2 – 2,5 жашка чейин балага 20 таана сүт тиштери толугу менен чыгып бүтүшү керек. Экинчи ирет  5 – 6 жашында тиштер өсө баштайт. Бул жашта сүт тиштер кыймылдап түшөт. Алгач майда азуу тиштер  андан соң кашка тиштер  кийин азуулар андан соң экинчи майда азуулар чыгат. 14 жашка чейин сүт тиштер толугу менен түпүп туруктуу тиштер чыгат. Кийинчиреек акыл азуу тиштери чыга баштайт. Болжолдоп айтканда 25 – 30 % элдин бул тиштер чыкпай калышы мүмкүн. Чоң кишилерде 28 же 32 тиши болуш керек. +стүнкү жана астынкы жаакта тиштер жаа формасында тизилген. Тиштерди бир бирине тийгизгенде жогорку жаактын тиштери алдыңкы жаактын тиштери үчтө бирин жаап туруусу керек.

Тиштердин кариес оорусуна чалдыгуусу кеңири таралган. Жергиликтүү калктын 99% бул оору менен оорушат. Бул оору тиштердин катуу катмарын бузат. Бул оорунун себекерлери болуп: кош болйлуу аялдардын толук камдуу эмес тамактануусу, баланы туура эмес тамактандыруу жана жасалма тамактарды колдонуусу, бат бат ооруга чалдыгуусу, колдонулган азыктарда жана сууларда А, В1, В6. Д2 витаминдердин жетишсиздиги, организмге керек болгон микроэлементтердин жана минералдык заттардын жетишсиздиги. Белгилүү болгондой бир нече тиштин кариес оорусуна чалдыгуусу организмди алсыздандырат жана жалпы оорулардын пайда болушуна түрткү берет.

Кариестин өрчүшүндө кандайдыр бир жергиликтүү факторлорго маани берилет – шилекейдин таасири, ферменттер жана микробтордун жашоо аракеттеринин азык заттары болуп эсептелинет. көпчүлүктүн айтканына караганда жаш балдардын көп өлчөмдө таттууну колдонуусунан улам бул ооруга чалдыгат. Бирок мындай абалда анын колдонуу убактысы жана ооздо кармоо мөөнөтү абдан чоң мааниге ээ. Таттууну эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануу учурунда колдонуу өтө жаман адаттардан болуп эсептелет. Биринчиден, таттуу, ширин азыктар адамдын ток сезимин пайда кылат жана табитин качырат. Экинчиден, көп убака чейин таттуу азыктарды ооздо кармоо тиштер үчүн зыян. Кариес кандай өрчүйт? Алгач тиштин эмалы бузулат, башкача айтканда эмалдын бетинде «меловой так» пайда болот. Бул процесс учурунда эч кандай оору болбогондуктан көп деле сезилбейт. Эгерде колдонулган азыктардын курамында фосфор тузу, кльций (быштак, балык, буурчак ж.б.), витаминдерге бай азыктарды жана фосфор жана кальцийди камтыган даяр препораттарды (кальцийдин глицерофосфатын) колдонсо ооруну токтотуп калууга мүмкүн. Бул учурда курамында фтор, фосфат, стронций болгон паста менен тишти тазалоо керек.

Эгерде тиштин ооруусу өрчүй баштаса, анда микроптордун таасири менен тиштин ткандары бузула баштайт жана тиште кемтик пайда болот. Бул абалда – муздак, ысык, туздуу жана татуу мамк менен ичимдиктерден улам катуу ооруй баштайт. Мындай абалда тишке пломба салуу менен тишти бузулуусунан сактап калса болот. Эгерде убагында доктурга кайрылбаса тиштин бузулушу өрчүй берет, дентин аркылуу микроптор тиштин пульпасына барат жана анын сезгендирип – пульпит, аны убагында дарылабаса сөөктүн үстүн – периаднтит, сезгендирет. Натыйжада тиштен айрылууга алып келет.
Тишти бузулуудан сактап калуу үчүн доктурга убагында кайрылуу керек экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Тишти дарылоодон коркпош керек. Копчулук тишти дарылатуудан аябай коркушат. Учурубузда кариес ооруусун дарылоодо тиштин оорусун басаңдатуу жада калса эч кандай ооруну сездирбей дарылоого мүмкүнчүлүктөр бар.

Молдыбаев Болот жаы Сатарович
Стоматология кафедрасынын доценти КММА. Медицина илиминин кандидаты

Башына