Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Ислам тарбиясы

Мазмуну

            Кыш. Өзөктөн өткөн суук. Жылуу кийинген адамдар шаардын көчөсүндө тынбастан ары бери өтүшүүдө. Тээ ары бурчта бир бала турат. Үстүндө жука кийим. Анысы кирдеген, жамалган. Сууктан тиши тишине тийип титирейт. Ары-бери өткөндөрдүн сумкасына көз салат. Аңгыча сумка көтөргөн бир кары аялдын артынан ээрчип калды. Жанынан өтүп бара жатып жөөлөмүш болду да, акырын сумкага кол салды. Акча салынган капчыкты сууруп чыгып, эчтемени билбеген адамдай болуп ары басып кетти. Кийинчирээк баягы аял бирдеме сатып алмакчы болуп сумкасына кол салды, бирок эч нерсе таба албады. Акчасын чөнтөкчүлөргө алдырып жибергенин түшүнүп сүйлөнө баштады, көзү жашылданып «Азыр гана пенсиямды алып келе жаттым эле» дейт каргылданып. Көңүл бурган эч ким жок. Тиги бала дагы эле көрүнгөн сумкага көз салып, дагы эле өз ишинде. Бул жакшы ишпи же жаманбы, айтор, оюнда эч нерсе жок.

 

            Мына учурдун тарбиясы. Азыркы замандын, турмуштун жаштарга берген тарбиясы. Булардын мындай иштерге барып жатканына ким күнөөлү деген бүдөмүк суроо туулат. Буга, албетте, учурдагы жашоо шартына шылтообуз айдан-ачык. Чын да. «Турмушуң бөрү болсо, бөрү бол»  деген ушул эмеспи, бирок ушул жерде да бир суроо бар. Турмуш адамды башкарабы же адам турмуштубу? Адам турмушту башкарат дейин десең, эмнеге ушуга чейин жакшы нукка бурулбады. Анда тескерисинче эмеспи. Турмуш күнөлүү турбайбы. Кызык, күлөсүңбү же ыйлайсыңбы буга. А менин күлкүм келет. Себеби адам баласы акылдуу жан эмеспи. Бардык нерсеге акылы жетет. Ошол акылы менен айга жана башка планеталарга чейин барып жатышпайбы. Анан эмне үчүн ошол акылы менен жашоону туура, жакшы, башкача айтканда кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгилге алмаштыра албайт. Демек, бул жерде башка бир нерсе жетишпей жатат. Ал эмне? Ойлонуп көрсөк баары бар. Байлык, бийлик, жумуш жана башка толгон- токой адамдын көңүлүн көтөрүүчү нерселер. Булар деле жетишпей жатпайбы. Жок, жок... Дагы бир нерсе калды. Ал эмне?.. Таптым. Ал тарбия эмеспи. Ооба, ошол. Мына таптым.


Тарбия – коомдун өзөгү. Анын негизинде жаш муундар, дегеле, адамзат жашоодо өзүн-өзү алып жүрүүсүн, адамдар менен болгон мамилени, жакшы менен жаманды, эң негизгиси бул бир келген жашоодо таза, туура, ыймандуу болуп өтүүнү үйрөнүшөт. Туура, таалим-тарбия көрүп, ыймандуу болуп чоңойгон пенденин жаны анын руханий дүйнөсүнүн жан чырагына айланат. Тарбия жеке эле үй-бүлө жана мектепте гана үйрөтүлүүчү нерсе болбостон бардык жерде эч үзгүлтүксүз ишке ашып туруучу эң зарыл нерсе.


Биздин ата-абаларыбыз тээ илгертен бери эле Ислам динин тутунуп келишкен. Балдарына ушундай тарбия беришкен. Эч бир ата-эне баласын көчөгө таштап кеткен эмес. Тескерисинче, адашып өз үйбүлөсүн жоготкон балдар болсо, аларды асырап алган. Ошондой эле балдар да, ата-энелерине кайрымдуу болушкан. Эч качан кыздар намысын акчага сатышкан эмес. Себеби, бул жерде бир уруу элдин абийири, намысы жаткан.


Ислам дини – адеп-ахлактуулуктун, ыймандуулуктун, таза жашоонун жана тынчтыктын дини. Ушулардын негизинде өзүн тарбиялоо процесси бар. Азыркы кездеги көптөгөн илимпоз, педагогдор тарбия берүүдө диний тарбияга көп көңүл бурушпайт. Аны эски, цивилизациялык эместей көрүшөт. Ошонун натыйжасында азыркы мезгилде адамдар көптөгөн жаман, ыпылас жолдорго түшүүдө.
Ислам дининде баланы тарбиялоо ал төрөлө электен мурун эле башталууга тийиш. Баланын келечекте жакшы адам болуусун каалаган ата-эне мурунтан кам көрүүсү зарыл. Мисалы, спирттик ичимдиктерден алыс болуу. Ансыз деле медицинада спирттик ичимдиктердин болочок балага зыян келтире тургандыгы ачык-айкын аныкталган. Ислам дининде да мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Кийинкиси, дайыма таза жүрүү. Бул дагы Ислам дининде талап кылынган нерсе. Тазалык албетте, келечектеги балага өзүнүн оң таасирин тийгизет.


Баланы адал азык, тактап айтканда, өз эмгек, маңдай тер менен багуу. Илгери жакшы эле бир үйбүлөнүн баласы ууру болуп чоңойгон экен. Атасы өз маңдай тери, адал жол менен акча таап үйбүлөсүн баккандыктан кантип эле менин балам мындай болсун деп ойлонот. Ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры аялынан сурайт. Ошондо аялы ал боюнда бар кезинде коңшусунун алмасынан сурабай бирди жеп койгондугун айтат. Күйөөсү дароо коңшусуна барып, болгон окуяны айтып ал алманын карызынан кутулуу үчүн ага акча сунат. Коңшусу карызынан кечет. Ошондон кийин баягы бала уурулугун токтотот. Мына сурабай жеген бир гана алманын таасири. Ошондуктан адал азык, адал киреше адамдын келечеги үчүн зор мааниге ээ.


Исламдын эң иридеги парзы – бул ыйман. Жаштарды ыймандуу, адеп-ахлактуу болууга тарбиялоо келечекте алардын эң жакшы инсан болууга алып келери шексиз. Ыймандуулук жана адептүүлүк адамдын коом менен болгон карым-катнашында, жүрүш турушунда дегеле жашоонун бардык кырдаалдарында сөзсүз пайдасын тийгизет.


Дин Исламдагы боорукерлик, кичи пейилдүүлүк жана мээрүмдүүлүк тарбиялары адамдарга эң керектүү сапаттардан болуп эсептелет. Мындай сапаттарга ээ болгон адам эч качан бирөөгө жамандык кылбайт. Тескерисинче, жеңилин жерден алып, оорун колдон көтөрүп дегендей ар дайым адамдардан өз жардамын аябайт. Азыркы мезгилде ата-энесин, баласын таштап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөрдү ыймандуулуктун, боорукерликтин, мээримдүүлүктүн негизинде гана алдын алууга мүмкүн.


Булардан тышкары Исламда дагы көптөгөн асыл сапаттар бар. Ошондуктан өз өлкөбүздүн, элибиздин, ата-мекенибиздин, балдарыбыздын келечегин ойлосок, ыймандуулуктун тарбиясынан эч качан коркпошубуз да, алыстабашыбыз керек. «Ата-энелер үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн мурас жок» деп айткан Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам). Пайгамбарыбыз айткандай колубуздан келишинче балдарыбызга жакшы тарбия берип, алардын жашоодо өз ордун тапкан мыкты адам кылып чоңойтуу ар бир ата-эненин милдети. Балдар – мамлекетибиздин, элибиздин, ата-мекенибиздин келечеги. Демек, балдарыбызды ыймандуулукка тарбиялоо – келечегибиздин жарык болушу дегендик.

Себетов Жаркынбай

Башына