Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Аманатка бек болуу

Мазмуну

«Ар бириңер койчуман сыяктуусуңар. Тагыраак айтканда, кол
астыңардагы бардык нерселер силерге аманат. (Кыямат күнү) алардын сурагы бар» (Бухари, Муслим )

Жоопкерчиликти так аткаруу коомдук жашоодо өтө зор мааниге ээ. Адам баласы күнүмдүк турмушун улоо үчүн коомдук жашоого аша муктаж. Азыркы учурду карап көрсөк, адамдар жоопкерчиликке кайдыгер мамиле жасап, аманатка кыянат кылуунун курманы болуп, канчалаган адамдар зыян тартып келишет.

Анткен менен аманатты өз ээсине кайтарып берүү соопко себеп болот. Аманатчыл адамдын коомдо, жамаат ичинде аброю артат. Аманатка бек туруу момун-мусулмандын эң иридеги өзгөчөлүктөрүнөн болуп эсептелет. Адеп-ахлагы жогору адам ар дайым жоопкерчиликтүү жана аманатчыл болот.

Аманатты өз ээсине кайтаруу жөнүндө Алла Таала Ыйык Куранда эмне деген, ошого көңүл бурсак. Бул тууралуу Аллу Таала: «Алла таала  аманаттарды өз ээлерине тапшырууңарды жана адамдарга карата өкүм чыгарганыңарда адилет өкүм чыгарууну буюрат. Албетте Алла силерди жакшылыкка гана чакырат. Акыйкатта, Алла – Угуучу, Көрүүчү!» (Ниса 58). Демек, аманатты өз ээсине бербей коюу же тапшырылган ишти так аткарбоо чоң күнөө болгондой эле, аны өз ээсине кайтарып берүү, тапшырылган ишти толук орундатып жоопкерчиликтүү болуу да ошончолук чоң соопко себеп болорун унутпашыбыз керек. Аяттын «Угуучу» жана «Көрүүчү» деп аякташы «силер көрбөгөн же укпаган нерсени кыла албайсыңар, эмне кылсаңар да Алла таала ар дайым көрүп билип турат» дегенди түшүндүрүшү толук ыктымал. Аманатчыл адамга ар ким урмат-сый көрсөтөөрү жалпыга маалым.

 Ошондуктан Алла таала «Эгербири-бириңергеаманаттапшырсаңар, аманаттымоюндаганкишиагабекболсун, Алладанкорксун! Күбөлүктү жашырбагыла! Ким (күбөлүктөн баш тартуу менен) аны жашырса, анда, албетте, ал күнөөкөр. Алла жасап жаткан ишиңерди билип турат» (Бакара, 283).

Ким аманатка кыянат кылса же моюнундагы жоопкерчилигин туура жана так аткарбаса, анда ал биринчиден, Аллага моюн сунбаган жана экинчиден, кул акысын жеген болот. Кул акысы дегенде эң биринчи ойго бирөөнүн бир буюумун же бир нерсесин анын уруксатысыз алып коюу же аны пайдалануу келет. Кул акысына көңүл буруу материалдык жактан да, моралдык жактан да өтө зор мааниге ээ.

Алла таала: «Эй, момундар! Аллага жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла, билип туруп силерге ишенип берилген нерселерге (аманаттарга) кыянаттык кылбагыла!» (Анфал, 27) деп бизге буйрук кылат. Бул аятта аманатка жалгыз эле мал-мүлк, акча эмес, өзүбүздүн денебиз жана убактыбыз да кирээрине ишарат жасалууда. Денебиз, убактыбыз бизге берилген өзүнчө аманат. Кыямат күнү Алла тааланын астында булардын баарына жооп беребиз. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) бул жөнүндө: «Кыямат күнү адам баласы төрт нерседен суралмайынча эч жакка кете албайт: Биринчиси мал-мүлкүнөн, экинчиси убактысынан, үчүнчүсү жаштыгынан жана ден-соолугунан, төртүнчүсү алган илим-билиминен суралат». Демек, бизге берилген аманаттардын баарынан суралабыз жана анын ар бирине өз-өзүнчө жооп беребиз.

Алла Таала Куран-ы каримде момун-мусулмандардын сыпаттарын тизмелеп: «...алар, момундар, өздөрүнөишенилипберилгенаманаттаргажана (өзгөлөргө) бергенубадашерттеринемоюнсунуучу (аныбекемсактайтурган) адамдар ...» (Момундар, 8) деп буюрат. Андыктан аманатка бекем болуу момун–мусулмандын көзгө басар сыпаттарынын катарынан орун алат. Асыресе, аманатка кыянат кылуу мусулманга жарашпаган сапат болуп эсептелет.

Улуу жол башчыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз адамдык сапаты бийик, жоопкерчилиги жогору, мээрими чексиз, үммөтү үчүн дайыма күйүп-жанган улуу инсан болгон. Ал биз үчүн теңдеши жок эң мыкты үлгүлүү инсан. Эми бул улуу заттын айткан хадистерине, накыл кептерине жана өмүр таржымалына назар салып, анын жашоосунда аманаттын орду кандай болгондугу багытында сөзүбүздү уласак.

Пайгамбарыбыз пайгамбарлык келгенге чейин эле «Аманатчыл, ишенимдүү Мухаммад», «Чынчыл» , «Ишеничтүү» деген аттар менен таанымал болгон. Пайгамбарыбыз бул сапаттарга өзүнүн амантчылдыгы жана жоопкерчилиги аркылуу жетишкен. Ал учурда азыркыдай банк системалыры жок эле. Агезде «Мухаммадул Амиин» (ишеничтүү Мухаммад) бар эле. Меккеликтер кымбат баалуу буюмдарын Пайгамбарыбызга аманатка тапшыра турган. Жадагалса душмандары да өз аялына, бала-бакырасына ишенбеген нерселерин ага аманат кылып берер эле. Пайгамбарыбыз аларга кыянаттык кылбастан аманаттарды өз ээлерине тапшырчу. Ал амантка өтө бекем болгон. Муну пайгамбарыбыз улуу көч учурунда (мусулмандардын Меккеден Мединага көчүшү) так жана даана далилдеген. Пайгамбарыбызга берилген аманаттар бар болчу. Пайгамбарыбыз Меккеден Мединига көчүү учурунда аларды өз ээлерине кайтарып бериш үчүн Алини ордуна таштаган. Али эртеси күнү аманаттарды өз ээлерине кайтарып берген.

Пайгамбарыбыз бир хадисинде «Качан сага ишенип бир нерсе (аманат кылынган болсо) аны өз ээсине бер, сага кыянат кылган адамга сен кыянат кылба» деп айткан.

Пайгамбарыбызга пайгамбарлык келе электен мурда Каабаны сел каптап, бир капталын бузуп кеткен эле. Аны Меккедеги бардык уруулар чогулуп, ынтымакташып оңдошту. Бирок ал жердеги (Хажарул асвад) кара таш бар эле. Аны ордуна коюуга келгенде ким ордуна койот дешип жаңжал башталды. Себеби, бул ташты койуу өзүнчө сыймык эле. Алардын арасынан бир адам чыгып: «Азыр Каабанын эшигинен ким кирсе, ошонун сөзүн угабыз, ал кандай өкүм кылса, ошого баарыбыз баш ийебиз»- деди. Бул кишинин айтканына баары тең макул болушту. Дал ошол учурда эшиктен Мухаммадул Амин кирип келди. Буга бардыгы кубанышты. Себеби, ал эч качан жалган айткан эмес эле. Пайгамбарыбыз өзүнө берилген вазийпаны адилеттүү аткарыш үчүн ар бир уруудан бирден киши чакырды жана өзүнүн чапанын чечип кара ташты анын үстүнө коюп, чогула аны ордуна алпарып коюшту. Мына ушинтип ал чыр-чатакты адилеттүүлүк жана жоопкерчилик менен алдын алды. Бул да болсо аманатка бек болуунун өзүнчө үлгүсү.

Даярдаган: Шейшеналиев Фархад

Башына