Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Орто кылымдын караңгылыгына кайткан Европа

Мазмуну

Дүйнөдө тынчтык жана бейпилдиктин орношу адамдардын бири-бирине урмат-сый мамиледе болууларына көзкаранды. Бул жагынан Ислам дини коомдордун ортосундагы байланыштардын оң нукка салынышы үчүн сый мамилени негизги шарт катары кабыл алган. Бул тууралуу бир катар аят-хадистерди мисал катары көрсөтсөк болот.

Улуу Алла Таала Хужурат сүрөсүнүн 11-аятында: «Эй, ыман келтиргендер! Тигил коом бул коомду шылдыңдабасын!» деп коомдордун ортосундагы шылдыңдоонун, кемсинтүүнүн одоно иш экендигин айткан. Күн санап калкы өскөн бул дүйнөдө дини, тили жана расасы кайсы гана болбосун, бүткүл адамзаттын эң башкы милдети - башка маданияттарга жана ишенимдерге карата адеп кармануу. Башка диндин же маданияттын негизги принциптерин шылдыңдоо, басмырлоо, кемсинтүү жана акаарат айтуу өзүнчө жапайылык десек жаңылышпаспыз. Ырас, муну акыл-эси толук эч бир адам тана албаса керек.

Ислам дини универсалдуу дин болгондуктан адамзаттын бири-бирин туура түшүнүүүлөрүн, бири-бирине жылуу мамиледе болуп, ынтымакта жашоолорун, башка диндин же маданияттын өкүлдөрүнө карата адеп сактоолорун буюрат. Ошол эле Хужурат сүрөсүнүн 13-аятында Жараткан Алла: «Эй, адамдар! Биз силерди эркек-ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билүүңөр үчүн урууларга жана элдерге бөлдүк» деп элдердин ортосундагы айрымачылыктар душмандыктын эмес, тескерисинче, достуктун, ынтымактын, сый-урматтын булагы болушу керектигин айтат. Ислам дини башка коомдорго, маданияттарга, диндерге карата сый мамиледе болуубузду буюрат. Ошондуктан эч бир мусулман мусулман эмес коомду ишеним айрымачылыктарынан улам кемсинтпеши керек.

Ырайымдуулуктун пайгамбары катары келген азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) сөзү, жүрүм-туруму, баскан-турганы менен бүткүл адамзатка үлгү болуп, аны түркөйлүктүн, наадандыктын сормо сазынан алып чыгып, «адам» деген атка татыктуу жашоонун, сүйүүнүн, сый-урматтын жана маданий жашоонун пайдубалын түптөгөн.

Эл аралык байланыштар, массалык маалымат каражаттары жана заманбап жашоо таризи күндөн-күнгө илгерилеп оожалган бүгүнкү күнү улуу инсандын, аз. Мухаммаддын сөздөрүнө кулак төшөбөөнүн өзү эле өзүнчө касирет. Мына ушунун натыйжасы катары жакында дүйнөнү дүңгүрөткөн Азирети Пайгамбарыбызга карата карикатуралык маанайда тартылган сүрөттөр европалык басма сөз каражаттарында басылып чыкты. Бул деген сөз Пайгамбарыбызды, Ислам динин жана бүтүндөй мусулман коомчулугун шылдыңдоо, акаарат келтирүү дегенди каңкуулайт. Мунун батыштан чыгышы, ырасында, биз үчүн таң калычтуу көрүнүш деле эмес.

Орто кылымда түркөйлүк, жапайылык жана диний фанатизм күч алып, ошонусу менен атагы чыккан батыш коому, Ренессанс доорунан баштап маданият, өнөр жана философияда жаңы процессти башынан өткөргөнүн канча айтышса да, бүгүнкү күндөгү жана орто кылымдагы батыш коомун салыштырып көргөндө, биз эч нерсенин өзгөрбөгөнүн, түркөйлүк, жапайылык жана диний фанатизм мурункудай эле уланып келе жатканын байкай алабыз. Мунун эң ачык-айкын далили катары береги Данияда жарыяланган Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) карикатурасын көрсөтсөк болот. Мусулмандардын көтөрүлүшүнө, каршы чыгууларына карабастан батыш өлкөлөрү Ислам дүйнөсүнөн кечирим суроонун ордуна карикатураны сөз эркиндиги катары мүнөздөөгө аракет кылышууда. Муну крестүүлөр жортуулдарынын маданият маанайындагы уландысы катары бааласак болот

Орто кылымда жапайылыктын, түркөйлүктүн жана диний фанатизмдин борборуна айланган Европада диний фанатизмдин айынан жүз миңдеген христиандар бири-бирин кырышкан. Бүгүнкү күндө батыштын кээ бир «интеллектуал» жазуучулары ошол эле фанатизмди Пайгамбарыбызга таңуулашып, аны шылдыңдаганга чейин барган наадандарга айланышууда. Ошондой болсо да Ислам дининин ишеним негиздеринин бири - Алла жөнөткөн бардык пайгамбарларга ыйман келтирүү, ишенүү. Демек, мусулмандар азирети Исанын дагы пайгамбар экенине ишенишет.

 Себеби Ислам дининде ыйман негиздеринен бирин эле четке кагуу (м: пайгамбарлардын бирөөсүн эле пайгамбар катары кабыл албоо) динден чыгууну талап кылат. Бул Исламдын мусулмандарга үйрөткөн маданий жашоо жолу. Башка коомдордун ишенимин кемсинтүү, шылдыңдоо жамандыктан башка эч нерсе апкелбейт. Мындай аракетти ал кишинин жана ал жашаган коомдун мүнөзүн көрсөткөн документ катары жапайылыктын жышаанасы иретинде баалоого туура келет. Ой-жүгүртүү жана адеп-ахлактык нормалар жагынан күн өткөн сайын төмөндөп, орто кылымдын жийиркеничтүү түркөйлүк заманына кайткан батыш азыркы учурда, тез аранын ичинде диний жана маданий пикирлерин кайра карап чыгууларына жана башка диндерге карата фанатизмдерин жойо турган жаңы ренессанска муктаждыктары бар экендиги айдан-ачык.

Октай Четин

Башына