Экинчи сан

«Ак Башатка» ак бата
Мазмуну
Сен али азыр торолуп,
Толо элексиң бир жашка.
Алла Таала колдосо,
Чыгарсың мүмкүн жүз жашка.
Жаңы келип жарыкка,
Жаңы кадам таштадың.
Ыйыгы болуп элиңдин,
Ыплас жолду баспагын.
Тайторудай арыштап,
Шаңдуу чыксын таскагың.
Ар кандай балээ кырсыктан,
Алла өзү сактасын.
Рухий азык болду деп,
Элиң сени мактасын.
Адабият аймагын,
Камтый бергин «Ак Башат».
Маданият каймагын,
Калпый бергин «Ак Башат».
Жылдыздай жанып калкыңа,
Жаркый бергин «Ак Башат».
Сага чыккан хадистер,
Жүрөктөргө нур чачсын.
Алланын сүйгөн элчиси,
Мухаммед сөзүн тыңдашсын.
Жалпы журтка нур берип,
Жаркырап тийген күнү бол!
Адамзат үчүн пайдалуу,
Аалымдардын үнү бол!
Адамдардын таптаза,
Адеби бол «Ак Башат.»
Акындардын эң бир курч,
Калеми бол «Ак Башат».
Калайык-калкың дайыма,
Кеп-кеңеш сенден сурашып.
Таалим-тарбия ыроолоп,
Жаштарга болгун гүл азык.
Шарияттын жолунда,
Таза болгун «Ак Башат.»
Динсиздерге түбөлүк,
Жаза болгун «Ак Башат.»
Жарык берип элиңе,
Жаркырап күйгөн чырак бол.
Чаңкоолорду кандырган,
Мөлтүр таза булак бол.
Анда эмесе : Оомийн,
Ааламга жетсин добушуң.
Оргуй бергин «Ак Башат»,
Өзүң басар жол узун.
Редакциялык жамаатка узак өмүр, чың ден-сооолук, чыгармачылык ийгилик каалап – силердин сүйүктүү «Ак Башаттан» суусун кандырган катардагы бир окурманыңар Амантай Кенжекулов.
Ж. Абад обл. Токтогул р-ну, К. Чодошов атындагы ж. б. б. мектебинин мугалими, КРнын Эл Агартуу Отличниги