Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

БАЙЫРКЫ ОШ ШААРЫ

Мазмуну

Ош шаары Кыргызстандын байыркы ири шаарларынын бири. Ал Ош областынын борбору болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк чыгыш чет жакасында, Кичи Алай тоосунун түндүк этегиндеги Ош-Кара-Суу түздүгүндө деңиз деңгээлинен 700-1000 м бийиктикте жайгашкан.


Ош шаары Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири, анын тарыхы так эмес. Уламыштар анын пайда болушун Александр Македонский, ал турсун Сулайман пайгамбар менен байланыштырат. Археологиялык изилдөөлөр бул жердеги элдер биздин эрага чейинки 1000 жылдыкта отурукташкандыгын далилдеген. Ири шаар катары жазма даректерде 9-10 кылымдарда айтылат. Ошол учурда Ош шаары чоңдугу боюнча Ферганада  үчүнчү шаар болгон. Ушул шаар аркылуу Орто Азиядан Кытай менен Индияга соода жолу өткөн.


Ош шаары байыркы доорлордо Улуу Жибек жолундагы кербендер токтоп, дем алып кетүүчү маанилүү борбор болгон. Азыркы учурда Ош шаарында 3 жогорку окуу жайы, 3 оору кана, 4 төрөт үйү бар. Ошондой эле «Токтогул», «Навои» ж.б. эс алуу парктары Кыргыз, Өзбек театрлары бар.
Шаарыбызды көрктөндүрүү боюнча колдон келишинче аракеттер жасалууда.


Сулайман – Тоо


Ар бир адамды таң калтыруучу нерсе бул тоо шаардын ортосунан орун алгандыгында. Сулайман-тоосу Ак-Буура дарыясынын сол жээгинен орун алган, анын мурдагы аты «Бара Кухи» болгон. Анын узундугу 3 км, ал эми туурасы 1,5 – 2 км болуп, деңиз денгээлинен бийиктиги 1176 м. Салыштырмалуу бийиктиги 300-750 м.


Жергиликтүү элдер, студенттер жана четтен келген элдер Сулайман тоосуна чыгышып, эс алып, көңүлдөрүн ачып кетишет.

Башына