Экинчи сан

Кыргызстанда диний билим берүүнүн проблемалары
Мазмуну
Бакыт Мурзараимов
Теология илимдеринин доктору
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кыргыз жарандарынын диний жана маданий баалуулуктары кайрадан жандана баштаганы талашсыз. Бул багытта кайрадан изденүүлөр башталып унутулуп калган адаттарыбыз калыбына келтириле баштады. Муну менен биргеликте элибиздин диний ишенимдери атеисттик доордо толук бойдон унутулуп калбаганы белгилүү болуп, элдин кайрадан динге кайтуусу жана диний жөрөлгөлөрдү орундата баштаганы маалым.
Кыргыз Республикасы демократиялык жолду тандап алгандан кийин конституцияда расмий түрдө динди мамлекеттик саясаттан бөлүп салды. Бул бөлүнүүнүн оң жана терс таасирлери коомдо даана байкалып калды. Мамлекет диний билим берүүнү өз көзөмөлүнө албагандыктан адамдар динди мыйзамсыз жолдор аркылуу үйрөнө баштады. Кээ бир кишилер батыштан келген ар кандай диний секталарга кирип динди үйрөнүүгө аракет кылган болсо, кээ бири динди туура эмес жолдон сабатсыз дин кызматкерлеринен үйрөндү. Кээ бири акыйкат дин деген ишеним менен йегова, баптизм, ваххабизм, ахмадийлик жана «Хизбут Тахрир» сыяктуу агымдарга кирип мамлекеттик коопсуздукка шек келтире башташты.
Албетте, мунун баары өлкөбүздөгү диний баш аламандыкты көргөзүп турат. Мындай баш аламандыктарды жөнгө салуу үчүн мамлекет диний билим берүүнү өз көзөмөлүнө алып, өзүнүн жарандарына кайсыл динди кайсыл багытта жана кандай программа менен үйрөтүүнүн жол жобосун иштеп чыгуусу, жеке пикиримче, бул баш аламандыктарды жөнгө салмак.
Моюнга алчу нерсе, бул багытта 1992-93-жылдары мектептерге ыйман сабагын киргизүү боюнча бир топ аракеттер жасалды. Бирок ыйман сабагынын программасы жана бул сабакты кимдер окутары боюнча бир пикирге келинген жок. Кийинчерээк ыйман сабагынын программасы динди да өз ичине камтыйт экен деген сөздөр бул сабактын алынып салынышын жана анын ордуна адеп сабагынын киргизилишин шарттады. Кандай болсо да «ыйман» менен «адеп» динсиз болууга мүмкүн эмес экендигин моюнга алышыбыз керек. Анткени ыйман менен адеп диндин ичиндеги бир гана бөлүк болуп эсептелет.
Кээ бир мектептерде мектептин мүдүрүнүн демилгеси менен ыйман же адеп деген сабак киргизилип, аны кыргыз тили мугалимдери же тарых мугалими окутуп келатат. Кээ бир мектептерде бул сабакты физика, математика сабагынын мугалимдери окутуп келаткандыгы да айтылып жүрөт.
Дин кызматкерлери бул сабакты молдокелерибиз окутсун деген пикирди айтышты. Бирок молдокелерибиздин бул иш боюнча ийгиликке жетишкенин айтуу кыйын. Анткени алардын педагогикалык жана психологиялык тажрыйбасы жок болгондуктан сабактар мечит усулуна айланып кеткени ачуу чындык.
Соңку жылдары мектептерде адеп жана ыйман сабактарында ат жабдыктары сыяктуу нерселер окутула баштады. Маалым болгондой шаардык мектептерде бул сабакты окуткан мугалимдер өздөрү да бул жөнүндө толук билбегендиги белгилүү. Азыркы мектептерде окутулуп жаткан ыйман же адеп сабагынын программасынан чыгарылган тыянак боюнча, биз адеп жана ыйман дегенде ат жабдыктарын же кээ бир каада-салттарыбызды түшүнгөнүбүз билинип калды.
Өлкөбүздө диний билим берген окуу жайлары бар. Алардын катарына 45 медресе, 6 институт жана борборубуздагы Ислам Университети кирет. Бул окуу жайларында диний билим берилгени жакшы болгону менен өкүнүчтүүсү алардын эч бириси расмий эмес. Башкача айтканда, мамлекетибиз аларды тааныбайт. Бул окуу жайын бүтүргөн студенттер ушул окуу жайынан алган диплому менен мамлекеттик мекемелерге жумушка орношо албайт.
Диний билим берүү боюнча расмий эки гана жогорку окуу жайы бар. Алар Ош Мамлекеттик Университетинин базасында ачылган теология факультети жана Арашан Гуманитардык Институтун базасында ачылган теология факультети. Алардын окуу программасы юстиция министрлиги жана билим берүү министрлиги тарабынан расмий түрдө бекитилген. Бул эки окуу жайында жогорку деңгээлдеги дин адистери даярдалат. Аталган факультеттерде дин илимдери менен кошо светтик илимдер да окутулат. Бул окуу жайды бүтүргөн студенттердин дин тармагында магистратура жана докторантура кылуу мүмкүнчүлүгү да бар. Бирок азырынча бул окуу жайды аяктаган кадрлар дин тармагында аздык кылып жатат.
Жогорку окуу жайларында диндер жөнүндө сабактар окутулат. Бирок бул сабактарда диндер философиялык багытта гана каралат. Диндердин тарыхы жана алардын келип чыгышы боюнча окутулган предметтер жокко эсе. Жеке оюмча, гуманитардык факультеттерге диндердин тарыхы боюнча сабактардын киргизилиши учурдун талабы болсо керек. Анткени бардык элдердин маданияты, үрп-адаты, мүнөзү жана ой-жүгүртүүсү динге негизделген. Муну менен биз башка элдерди таануу менен бирге атуулдарыбызды ыймандуулукка да чакырышыбыз мүмкүн.
Азыркы учурда дүйнө саясатында эң орчундуу маселеге айланган динди туура жана так абалда илимий негиз менен орто мектептерден баштап жогорку окуу жайларына чейин «диндердин тарыхы» деген ат менен киргизүү дурус болмок. Антпесе динге кызыккан же динди үйрөнгүсү келген атуулдарыбыз ар кандай диний конфессияларга кайрылып, түрдүү идеологияларды үйрөнүп, натыйжада бири-бирине каршы келген эки же андан көп жамаат пайда болууда. Бир эле элдин бир нече динге бөлүнүшү элибиздин эки тарап болуп бөлүнүшүнө, өз ара келишпестигине жана ар кандай жанжалдарга себеп болуп, мамлекетибиздин коопсуздугуна залакасын тийгизээри баарына белгилүү. Буга мисал катары Батыштан келген ар кандай диний секталардын мүчөлөрү менен мусулмандардын ортосундагы чыккан чыр-чатакатарды жана «Хизбут тахрирлер» сыяктуу өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз зыянын тийгизип жаткан агымдарды көрсөтүүгө болот.
Мындай баш аламандыктарды жөнгө салуу жана өлкөнүн коопсуздугун сактап калуу үчүн сөзсүз түрдө мамлекет диний билим берүүнү өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү программаны иштеп чугуусу керек.
Диний билим берүү боюнча өнүккөн өлкөлөр өз позициясын мурда эле аныктап бүткөн. Мисалы, Англиядагы мектепке чейинки жана башталгыч класстардын окуучулары Англия өкмөтүнүн жана англикан чиркөөсүнүн жүргүзгөн саясаты менен «англикан чиркөөсүнүн» идеологиясы боюнча тарбияланышат. Ал эми жогорку окуу жайларында тигил же бул агымдын идеологиясы үндөлбөстөн нукура христиан дини расмий түрдө окутулат. Башкача айтканда, Англия өкмөтү светтик өлкө болгонуна карабастан өз атуулдарынын кайсыл динди тутунушу боюнча кайдыгер эмес. Англия өкмөтү өкмөт катары өз атуулдарына динди үйрөтүү боюнча багыт берген жана аны өз көзөмөлүнө алган.
Германиядагы мектептерде ар бир он баланын бири мусулман же мусулман болуп кетиши мүмкүн деген божомол эске алынып, дин сабагынын программасы иштелип чыккан. Кээ бир мектептеринде сабактар Кудайга сыйынуу менен башталат.