Экинчи сан

ПАЙГАМБАРДЫН БАЛАГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ЖАНА ТАРБИЯСЫ
Мазмуну
Үй-бүлө куруунун негизги максаты - бала чоңойтуу, тукум калтыруу. Төрөлгөн наристенин жандүйнө аруулугун сактоо милдети ата-эненин мойнуна жүктөлгөн. Бала тарбиялоодо энелик милдет менен бирге аталык да милдет зор мааниге ээ. Кыргыздын «Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт», «Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген макалдары төгүн жерден эместир. Асыресе, балага кандай мамиле жасап, тарбия берүү жаатында Азирети Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Пайгамбарыбыздын жашоосунан көптөгөн үлгүлөрдү алуу мүмкүн.
Ырасында ардактуу Пайгамбарыбыздын бардык жандуу-жансызга, жалпы адамзатка, анын ичинен балдарга карата жасаган ары кылдат, ары аяр мамилесин, сүйүүсүн калем менен да, сөз менен да толук жеткирүү оор. Исламга чейинки караңгылык доорунда сүйүүгө, мээримге, сый-урматка аша муктаж адамдар үчүн сүйүктүү Пайгамбарыбыз түнөк жайга айланган. Балдар аны кайсы жерде көрсө, чуркап келишээр эле. Пайгамбарыбыз аларга чоң адамдай маани берип, ал-акыбалын сурап, кезеги келсе тамашалашаар эле.
Куранда Алладан ыймандуу жубай, ыймандуу бала берүүсүн суранып дуба кылуу керектиги насаат кылынган. (ал-Фуркан, 25, 74)
Ислам дини баланы сүйүү, мээрим менен бапестеп багууга, ыймандуулукка, ынсаптуулукка, сабырдуулукка тарбиялоого чакырат. Анткени наристе бул дүйнөгө таптаза, күнөөсүз келгендиги үчүн балагатка чейин жасаган амал-иштери үчүн шарият астында жоопко тартылбайт. Дүйнөгө алсыз наристе болуп келгендиги үчүн чоң адамдардын жардамына муктаж жана белгилүү убакытка чейин ата-эненин камкордугу менен жашайт. Ошол себептен жасалган мамилеге жараша баланын жеке адамдык сапаттары, мүнөзү калыптанат. Бул өңүттөн ардактуу Пайгамбарыбыздын балдарга болгон мамилеси, аны тарбиялоодогу үлгү-насааттары өтө маанилүү экендигине күбө боло алабыз.
Баланы тарбиялоодон мурда алгач аны сүйүү керек. Пайгамбарыбыз бала өпкөндү кур намыс көргөн Акра бин Хабиске: «Мээрим төкпөгөнгө мээримдүүлүк болбойт» деп эскертүү берген (Бухари, Адаб, 18; Муслим, Фадаил, 65).
Баласы келгенде өөп алдына отургузган, кызы келсе, өппөгөн адамды көрүп: «Экөөнө тең карасаң болбойбу, бай болгур!» деп катуу эскерткен. (Хайсеми, VIII, 164)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз өз балдарына да терең сүйүү бапестээр эле.
Алланын Элчиси уулу Ибрахим төрөлгөндө аны колуна алып азирети Айшага:
-Карасаң, мага окшош бекен? - деп кубанычы койнуна батпай аябай сүйүнгөн. (Ибни Саад, I, 137)
Анас бин Малик үй-бүлөсүнө Алланын Элчисиндей мээримдүү мамиле жасаган адамды көрбөгөнүн айтат. Анас мындай дейт: «Пайгамбарыбыз чырактай жанган өз уулу Ибрахимди койнуна алып, өөп жыттаган кезде жаны чыгып баратканын көрүп, сай сөөгү сыздап көзүнөн жашы төгүлгөнүн көргөн Абдуррахман бин Авф (р.а.):
-Сен дагы ыйлайсыңбы, о, Алланын Элчиси? - дегенде:
- Бул жүрөктөгү мээримдүүлүктөн келген көз жаш! - деп кайгысын билдирген. Алланын Элчиси кайра өзүн кармай албай дагы көз жашы тоголонгон кезде: «Көз ыйлайт, жүрөк сыздайт, бирок биз Алла Таала ыраазы болгон сөздөн башка сөз айтпайбыз! Уулум, Алланын алдында сен бул дүйнөдөн кайтышыңа кайгырганыбызга ант ичем!» деген экен (Бухари, Жанаиз, 44; Ибни Саад, I, 138).
Пайгамбарыбыз небереси Хасанды ийнине көтөрүп: «Алла, мен аны сүйөмүн! Сен да аны сүйө көр!» деп аны сүйөөрүн айткан. (Бухари, Фадаилул – асхаб, 22; Муслим, Фадаилус - сахаба, 58, 59)
Намазга турган кезде неберелери аркасына жабышып алып ойносо да, унчуккан эмес. (Ибни Ханбел, II, 440) Бир күнү Пайгамбарыбыз кутба окуп жаткан учурда небереси мечитке кирип баратып мүдүрүлүп кетет. Алланын Элчиси аны көрө коюп кутбасын токтотуп, дароо небересин көздөй шашылып барып, тургузуп алып келип минбарга отургузуп коюп, андан соң кутбасын уланткан. (Тирмизи, Манакыб, 30)
Азирети Осмондун алты жашар баласы Абдулла короздун токмогунан улам катуу ооруга чалдыгып, көз жумган эле. Небереси Абдулланын жаназа намазын Алланын Элчиси өзү окуйт. Азирети Осмон өз наристесин мүрзөгө түшүргөндө, ардактуу Пайгамбарыбыз жашып, Жаратканга алакан жая:
«Оо, Жараткан Алла! Мээримдүү пенделериңе ыраакым эте көр» (Ибни Саад, III, 53-54, VIII, 36; Балазури, Аснаб, I, 545) деп жалбарган.
Кыздарын тарбиялап чоңойтуп, күйөөгө бергенден кийин да, Пайгамбарыбыз аларга өзүнүн акыл-насаатын айтып турган. Алланын Элчиси бир күнү кызы Рукиянын үйүнө барат. Атасы келгенде кызы күйөсү азирети Осмондун башына суу куюп жаткан болот. Анда Алланын Элчиси кызына ууртунан жылмайып:
«Кызым, Осмонго жылуу мамиле жаса! Анткени сахабалардын ичинен мага ахлак жагынан баарынан мурда Осмон окшош» деген экен (Хайсами, IX, 81)
Азирети Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким эки кызы болуп, аларды балагатка киргенге чейин чоңойтуп ыймандуулукка тарбияласа, кыямат күнү ал пенде менен мен мынабундай (эки манжасын бириктирип) жакын болобуз» деп айтуу менен кыз баланын тарбиясына өзгөчө басым жасаган (Муслим, Бирр, 149)
Баланы тарбиялоодо өзүнчө мааниге ээ жагдайлардын бири – бул балага ат койууга чейин кулагына азан айтуу. Алланын Элчиси буга өзү үлгү болуп берген. Ал небереси Хасан төрөлгөндө анын кулагына өзү азан айткан (Абу Давуд, Адаб, 106-107; Тирмизи, Адахи, 16). Ошондой эле балага жакшы ысым берүү тууралуу Пайгамбарыбыз минтип айткан: «Кыямат күнү силер өзүңөрдүн жана атаңардын аттары менен чакырыласыңар. Балдарыңарга жакшы ысымдардан койгула!»
Алгач баланын аруу жандүйнөсүндөгү Алла Таалага болгон сүйүү сезимин ойготуу зарыл. Алла Таала бизди сүйөөрүн, бардык адамдарга ырыскы берээрин, күнөөлөрүбүздү кечирээрин, Аны сүйгөндөр көптөгөн жакшылыктарга жетээрин түшүндүрүү ар бир мусулман ата-эненин милдети. Андан кийин Пайгамбарыбыздын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму жөнүндө айтып, аны менен жакындан тааныштыруу, сүйдүрүү абзел.
Эркек баланы балагатка жеткенге чейин сүннөткө отургузуу да ата-эненин милдети болуп эсептелет. (Бухари, Либас, 63, 64)
Айрыкча балага жаш тайынан Куран үйрөтүү боюнча Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким Куранды жаш чагынан үйрөнсө, Куран анын эт-сөөгүнө, кан-жанына сиңет» деген. (Али ал-Муттаки, I, 532)
Пайгамбарыбыз атанын балага калтыра турган эң пайдалуу мурасы катары изги адеп-ахлакты эсептейт. Бул багытта ал мындай деген: «Ата баласына изги адеп-ахлактан өткөн жакшылык калтыра албайт» (Тирмизи, Бирр, 33)
Андыктан маңдайыбызда жылдыздай жанган балдарыбызды Жараткан Алланын аманаты катары кабылдап, аларга татыктуу ыймандуулуктун тарбиясын берүүгө, болгон сүйүү-мээримибизди төгүп, Алланын ак жолуна, эл-жерине, ата-журтуна ак кызматын өтөөгө тарбиялоого жанүрөй аракет кылуубуз керек.