Экинчи сан

Ыймандуу үй-бүлөнү кантип курабыз?
Мазмуну
Элдин турмушунда эң олуттуу иштерден болуп үй-бүлө куруу эсептелерине шек жок. Себеби ал өтө жоопкерчиликтүү, эгерде үй-бүлө тынч жана бекем болсо бул коомдун тынч болуусу деп билебиз.
Ислам мындай иштердин бардыгында, ар нерсенин сырткы көрүнүшүнө эмес, дайыма анын ички асыл маңызына маани берет. Себеби Алла Таала сырткы сүрөтүбүзгө жана тапкан байлыгыбызга карабайт, ал биздин жүрөгүбүзгө жана жасаган жакшы иштерибизге карайт. Пайгамбарыбыз (А.С.) сахабаларын ушуга тарбиялаган.
Жар тандоо
Пайгамбарыбыз (А.С.) үй-бүлөө курууда чоң байланышка ээ болгон-жакшы аялдарды издөөгө жана жакшы асыл, таза аялдарды тандап алууга үндөйт.
Бул жерде пайгамбарыбыз (А.С.) дын көздөгөн максаты, мусулмандар үй-бүлөө курууда кыраакылык менен катуу көңүл коюусу жана ата-тегинен таза аялдарды издөө, себеби көпчүлүк учурда аял кишинин адеп-ахлагы өзү чоңойгон жана тарбия көргөн чөйрөдөн көп таасирленет. Ошондой эле анын балдары дагы ал аялдын мүнөзүнөн жана адеп-ахлагынан мурастап алат. Ошондуктан, аялды тандап алууда диний чөйрөдөн тандап алуу абдын жакшы. Себеби ал өз балдарына жана кыздарына жакшы мүнөздү жана баалуу артыкчылыктарды өткөрө алат.
Бул маанини пайгамбарыбыз (А.С.) бир гана дүнүйө – бийлик деп, асыл сыпаттан, жакшы тарбиядан ажырап калгандардын артынан жүрүүдөн алдын ала катуу эскерткен, себеби ал катуу коркунуч жана эң жаман жыйынтык деп, төмөнкү сөздү айткан: «Аялдын сулуулугу үчүн үйлөнбөгүлө, эмне дегенде, анын сулуулугу, анын өзүн кууратышы ыктымал, жана дагы байлыгы үчүн үйлөнбөгүлө, эмне дегенде анын байлыгы анын өзүн соолутушу ыктымал, бирок силер кимде-ким динде болсо, ошого үйлөнгүлө, эгерде кара малай аял болсо да, ал аял динде болсо, ошол артыгыраак» деп айтты.
Аялга болгон сулуулуктун катнашы бул эгерде аял диний тарбия менен бекемделбесе түбү таза болбосо анда ал суктанган бузукулардын азгыруусуна дуушар болот жана анын мазактоосунда калат, өз намысын ага тебелетет да бузукулуктун түпкүрүнө жыгылат. Балдарын уят жана шерменделик менен булгап, үй-бүлөөсүнүн бузуларын пикирине албайт.
Исламда матиралдык байлык
Ислам материалдык байлыкка чоң баа бербеген болсо да, бирок ал нерсеге толук шалаакылык менен карабайт. Себеби жер бетиндеги адам аттуунун баары дүнүйө кумарына, көп байлыкка жана сулуу аялга нафсилери тартылып алар менен жуурулушуп турат. Аллах Таала айтат: «Жер бетиндеги кумар адамдарга кандай гана кооз көрүнөт, мында аялдар, балдар, тигинде толгон алтын –күмүштөр жана короо-короо мал менен сындуу жылкылар, ошондой эле айдалган талаалар. Ал эми Алла берген төрдө жашоо бир канча жогору же кооз»
Ал-Имран-13.
Ислам буга окшогон кумарларга кызыккан ал нерселерге болгон аракети менен тырышкан адам туурасында терс түшүнүктө эмес. Жада калса пайгамбарларыбыз Мухаммад (А.С.) га Мугийра Ибн Шаөб келип, бир аялга куда түшкөнүн билдиргенде мындай деген: «Сен аны өз көзүң менен көргүн, ошондой кылганың ортоңордогу мамиленин толук уланып туруусу үчүн жакшы болот». Пайгамбарыбыздын (А.С.) бул айткан сөздөрүнүн түпкү мааниси: сен анын сулуулугу менен келбетине карап көр, ортоңордогу сүйүү жана бири-бириңерге болгон урмат сыйдын бекем болушуна алып барат-дегенди түшүндүрөт.
Ал эми материалдык байлыктан Ислам четке каккан нерсе, бул-бир гана сулуулукка же байлыкка көңүл буруу ушундай себептер аркылуу (көпчүлүк учурда) көңүл борборундагы нерседен алыстап, аялдардан дини бузук же адеп-ахлагы начарлар эркектерге жар болуп калууда. Мына ушунтип азыркы убакта көпчүлүк адамдар сулуулук менен байлыкка баа бергендей жакшы адеп-ахлак менен туура динге баа бербей жатышат.
Ушул мааниде пайгамбарыбыз (А.С.) мындай дейт:
«Кимде- ким аялга анын даңкы үчүн үйлөнгөн болсо, анда Алла анын жакырчылыгын көбөйтөт». «Кимде-ким аялга анын сулуулгу үчүн үйлөнгөн болсо, анда Алла анын шүмшүктүгүн (жүзү каралыгын) көбөйтөт». «Кимде-ким бир аялга үйлөнүп, ага тик карабагандан башканы каалабаса жана анын алдында ала жипти аттабаса же туугандар ортосунда байланышты үзбөй турса, анда Алла аны аялы менен кошуп аялына күйөсүн кошуп берекелүү кылат».
Аялдардын жакшысы
Пайгамбарыбыз (А.С.) өз сахабаларына кайрылууда жакшы үйдүн жышаанасы болгон, жакшы тарбиядагы балдардын өсүп чыгуусуна шарт болгон жана ал нерсеге жакшы үй-бүлө негизеделе турган аял затындагы сапаттарды дайыма айтып, алар өз күйөлөрүнө сарамжалдуу, өз убадаларын аткаруусу, өз намысын сактоосу, күйөсүнүн малын дүйнөсүн коргоосу жана оокат тиричиликти жакшы алып баруусу деген.
Ошондой эле пайгамбарыбыз (А.С) аял затынын жакшы мүнөз, артыкча сыпаттарынан сырткары зарыл болгон нерселер жөнүндө мындай баян курат; «Аялдардын жакшысы – карасаң кабагыңды ачканы (сулуулугу), буйрусаң көңүлүңдү тапканы, сен жок кезде өзүн жана байлыгыңды бек тутканы».
Бул жерде пайгамбарыбыздын – «Карасаң кабагыңды ачканы» деген сөзү, анын сулуулугу, кийминин тазалыгы жана толук зыйнатталгандыгы жөнүндө маани берет. Мына ошондуктан аял киши үчүн зарыл болот, ички жана тышкы дүйнөсүндө күйөсү жактырган эң жакшы сүрөттө болууга тырышуусу. Ал эми «буйрусаң көңүлүңдү тапканы» дегенди пайгамбарыбыз (А.С) дын бул сөзү – анын жакшы жердин кызы экендигине жана жакшы тарбия көргөндүгүн баяндайт.
Мына ошондуктан аял киши үчүн зарыл болгон нерсе - дайыма күйөсүнүн ыраазычылыгын табууга шашылуусу жана макулдуулугун эрчүүсү.
Ал эми «Сен жок кезде өзүн жана байлыгыңды бек тутканы» деген пайгамбарыбыз (А.С) дын сөзү бул – анын дининин күчү жана Аллага, анын элчисине болгон ишениминин тууралыгын билдирет. Мына ошондуктан аял киши үчүн зарыл болгон нерсе – өз күйнөсүнө чын – жүрөктөн берилүүсү, ал жок кезде намысын сактоосу жана анын байлыгына бек туруусу: Бул чындык, эгерде кимде – ким ушул сыпатта болсо, эч калетсиз аялдардын жакшысы деп атоого болот.
Мына ушул сымал аялдар, бул дүйнө жана акырет жакшылыктарына шашылган момун адамдын жолунан чыккан кендердин эң баалуусу. Ибни Аббас (Алла а.ы.б.) айтат: «Жана алтын менен күмүштү кенч кылып жыйгандар» деген аят түшкөндө Умар (р.а) анын артынан ээрчип Соубан аттуу сахаба (Алла а.ы.б) пайгамбарыбызды көздөй жөнөштү. Пайгамбарыбызга келип мындай дешти: «Оо Алланын элчиси, бул аят сахабаларыңызга оор келдиго! Анда пайгамбарыбыз (а.с) – мындай деди: «Андан эмнени кенч кылып жыйнаганы жакшыраак болору жөнүндө кабар берейинби?» «Бул карасаң кабагыңды ачкан, буйрусаң көңүлүңдү тапкан, андан алыс кетсең намысын бек туткан таза аял» - деди.
Саубан деген кишиден башкача риваят менен айтылган хадисинде аятылат; Умар Ибн Аль- Хаттаб пайгамбарыбызга келип байлыктын кандайын байлык туткан дурус болорун сураганда, пайгамбарыбыз (А.С.) ага айтты: «Аллага шүгүр келтирген жүрөктү, аны көп эстеген тилди жана кимиңердин акырет ишиңер үчүн жардам берген аялыңар болсо, ошону эң жакшы байлык деп туткула» деди.
Үйлөнүүдөгү кызыктырылуучу себептер
Пайгамбарыбыз (А.С) өз хадистеринде, адамдар көктөн көксөгөн жакшы аял издөөдө бек тута турган башкы материалдык жана руханий себептерди айтып, өткөн, алардын бири: «Аялга төрт нерсеси үчүн үйлөнүлөт, байлыгы үчүн, атагы үчүн, сулуулугу жана дини үчүн, сен дини барын алганга шашыл»деген.
Мына ушинтип пайгамбарыбыз (А.С) байлык, атак, сулуулук, сымал аялдагы кызыктырылуучу мүнөздөрдү эскертип өтүп, алардын арасынан дини барын алууга үндөдү. Андай кадам таштоону утук деп эсептеди, себеби ошондой аял менен адам жыргалга батып, жашоодо жай алаарын, андан жакшы балдар чыгаарын айтты. Андан соң пайгамбарыбыз (А.С) дин туткан аялдарга туура эмес мамиле кылгандарга жана анын байлыгы менен сулуулугу мага жетет деп, диндүүсүнөн баш тарткандарга катуу коркунучтуу «Колдоруңа чаң бастырат» деген сөзүн кошуп өттү. Бул деген сөз, жарыкчылык дүйнөдө да, акыретте да жоготууга учуратат деген маанини берет.
Жогоруда айтып өткөн сөздөрдүн баарын бекемдөө максатында пайгамбарыбыз (А.С) мындай дейт; «Дүйнө бул толугу менен ырахат жана ал ырахаттын эң жакшысы- таза аял». Бул деген сөз – дүйнө бул убактылуу болуп өтүп кетүүчү ырахат, анын ичиндеги эң жакшы ырахат таза аял. Себеби ал жолдошун бул дүйнөдө бактылуу кылат жана өз жолдошунун акырет иштерине жардамчы болот.
Ата–теги алыстарга үйлөнүүнүн артыкчылыгы
Ислам негизи күчтүү, таянычтары күчтүү үй-бүлө курууга бекем болууда, үйлөнүүдөгү кызыктыруучу себептерин баяндап, ислам үммөтүн курууда чоң таасири бар экендигин айта кетет.
Ошол себептердин эң негиздүүлөрүнөн болуп, тегинин тазалыгы жана дининин күчтүүлүгү теңдеш келип калган учурда, ата-теги жакындын ата-энеси менен таанышуу жана жакындары, урук-тууган, уруусу менен байланышууда орундалбаган нерселер, ата-теги алыс кыз менен жакшыраак орундалып, бекем болот.
Бул уруу, улут, коом ортосундагы тынчтыкка, тыгыз байланышка алып келет. Дагы ошондой артыкчылыктардан болуп, адатынча бири-биринин ата-тегинен алыс жубайлардын ортосундагы мамиле бекемирээк болот. Бул өзү күчтүү тукум пайда болушуна, акылдуу бала төрөлүшүнө жана үй-бүлө бактылуу болуп, узакка бекем болуусуна шарт түзөт. Арабтарда белгилүү болгондой эле, жакын туугандардын ортосундагы кыз берип, кыз алышуу зээни төмөн, денеси бошоң балдардын төрөлүүсүнө алып келет. Ал эми ата-теги алыска үйлөнүү чымыр денелүү, акылы ачык балдардын төрөлүүсүнө чоң шарт. Ким эле өз тукумун бошоң, алсыз – жарамсыз болушун кааласын.
Бул нерсенин аял тандап алууда колдонуу адамдар ортосунда таанышуу чегин чоңойтуп, үй-бүлө ортосундагы бир туугандыкты бекемдеп, элдер улуттар жана уруулар ортосундагы биримдикти чыңдап турарын Алла Таала төмөнкү аятта мындай деп билдирет: «…аялдан кылып жараттык, ошондой эле силер бири-бириңер менен таанышып жакын болуп жүрүш үчүн элдер жана уруулар кылып койдук».
Мында ачык баяндалган башкы максат эркек менен аядын баш кошуп жашоосунун өзү бул элдердин жана уруулардын таанышып жакын болуусу экөөнүн ортосундагы материалдык айрмачылыкты четке кагып, анын улутуна, тилине, түсүнө карабастан экөөнүн бирдей улуу адам деп бийик көтөрөт.
Сүйө билген жана төрөй билгенден издегин
Үй-бүлө курууга багыт берүүдө – Ислам, аялдын сүйө билгенин жана төрөттөн калбаганын издөөнү сунуш кылат. Сүйө билген аял бул өз жолдошун урмат, сый менен ороп алат, дайыма анын буйругунан чыкпай ыраазычылыгын издейт. Ал эми төрөткө жарамдуу аял, бул ден-соолугу чың, ар кандай илдеттен алыс энелик кызматтын толук өткөргөн, кудурети жетерлик аял. Мындай аялды табуу үчүн, анын энесине карап издесе болот.
Күндөрдүн биринде бир сахаба пайгамбарыбызга келип: Мен кандай аялга үйлөнсөм туура болот деп сурады. Пайгамбарыбыз (А.С) мындай деди: «Сүйө билгенге жана төрөй билгенге үйлөнгүлө, албетте мен силердин көптүгүңөр менен башка үммөттөрдөн айрымаланам».
Үй-бүлө курууда жубан эмес, кызга үйлөнүүнүн артыкчылыгы
Үй-бүлө курууга берген багыттоосуна Ислам жубанга эмес кызга үйлөнүүгө багыт көрсөтүп, артыкчылыгын баяндоо менен эгерде күйөө бала экинчи жолу үйлөнүп жаткан болсо жана анын энелик камкордука муктаж жаш балдары болсо (бул биринчи аялы кайсы бир себеп менен каза таап же талак алып калган учурда) бул учурда жубан алуу жакшыраак болот деп белгилеген. Себеби анын үй жумушун башкарууда, күйөсүнүн мал-жанын тутканга жана баланы тарбиялоого көбүрөөк тажрыйбасы бар.
Ислам жаштарды кызга үйлөнүүгө үндөөсүндө тазалыгы, жаратылышы дал келген нерсени сунуштайт. Эмне дегенде кыз биринчи жакын адамына ыктуу келет. Ал эми жубан болсо кээ бирки учурда, экинчи күйөөсүнөн, биринчи күйөөсүнөн көргөн кайсы бир нерселерди таппайт.
Бул нерсе андан алыстоого алып келет. Албетте кээ бирки эркектерди байкалган нерсе –бул, канчалык аялы жардам көрсөтүп, жакшылап күтүп алып, аракет кылса деле бары бир анын кылганы башка бирөө үчүн кылынгандай болгону байкалып турат. Бул нерсе күйөсүнүн аялына болгон сүйүүсүнө, ашыктыгына тескери таасирин тийгизет.
Анда Аиша энебиз (Алла а.ы.б.) ушундай мааниде болгон мисалга пайгамбарыбыз (А.С) менен болгон, маегинде мындай деп ишарат берет: «Оо Алланын элчиси, эгерде бир өрөөнгө түшсөңүз ал жерде мөмөсү үзүлгөн бир дарак көрсөңүз, экинчи жерден мөмөсү үзүлбөгөн дарак көрсөңүз, кайсынысынан жейт элеңиз? - деп, сураганда пайгамбарыбыз айтты: «Мөмөсү үзүлбөгөндөн» -деп. Албетте бул жерде Аиша энебиз (Алла а.ы.б.) пайгамбарыбызга (А.С.) өзүнүн кээ бирки артыкчылыктарын айткысы келген.
Эмне дегенде пайгамбарыбыз (А.С.) андан башка бир да кыз аялга үйлөнгөн эмес эле. Пайгамбарыбыз (А.С.) үй-бүлө курууда кыздын артыкчылыктарын төмөнкү хадисинде ачык айтып өтөт: «Силер кыздарга үйлөнүшүңөр керек, албетте алар таттуу оозду болушат, бала көтөрүүгө (ичине) кудурети жетээрлик болуп шумпайлануусу аз болот жана азга ыраазы болот». Сырткы маанисине кошумча, таттуу ооздулугу анын тилинин жаман сөздөрдөн алыстыгы, ширин сөөздүүлүгүнө ишарат берет. Албетте бул тартынчаактык жана уялчаак болуу кыздагы табигый нерсе.
Ал эми бала көтөрүүгө даяр деген бул - боюна бүтсө толук көтөрүп кете алыштыгы жана төрөөгө даяр экендигине ишаарат берет. Эмне дегенде бул нерселер башынан өткөн эмес. Шумпайлануусу дегени - Кыздын алдамчылыгы аз болот-кытмырчылык жалганчылык сымал мүнөздөр. Бул да анын табиятынан себеби анын максаты таза жана пикири жөнөкөй, бул анын турмуш тажырыйбасынын аздыгы жана шумпайлыкты билбегендигинен. Ал эми анын аз нерсеге ыраазы болуусу: бул анын жаңыдан турмуш куруу себебинен тамак-аш, кийим кечектин азына ыраазы болуусу. Бул да кыздагы табигый нерсе. Эмне дегенде анын уяты дароо эле ашыкча нерселерди талап кылуудан тосуп турат. Себеби ал турмушка чыкканга чейин мындай нерселерге көнгөн эмес. Жаңыдан турмуш кургандыктан карасанатайлыгы жана ачкөздүгү жокболот жана болгон нерсеге тез көнүшөт. Ошондой эле күйөсүнүн кудурети жетпеген нерсени алып бер деп аны зордобойт.
Үй-бүлө куруудагы тирөөч
Ошентип ар бир нерсенин тирөөчү болот. Үй-бүлөнүн тирөөчү такыба мусулман аял, ал бар учурда башка нерсенин кереги жок, а эгер ал жок болсо ансыз эч нерсе татыбайт: Ал жүрөктөрдү бириктирүүчү, мүнөздөрдү тарбиялоочу, напсини тазалоочу, милдеттерди эскертип эске салып туруучу жумуштарды, жеңилдетүүчү жаман иштерди тосуп туруучу жана ал жакшылык иштерге түрткү берүүчү. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз (А.С.) айткан «Дин тутканын алганга шашыл» деп.
Эгерде аялда такыбачылык болсо, ал өзүнүн күйөсүнүн жана балдырынын милдеттерин билет жана күйөсүнө дайыма зордоосуз зыйнаттанып турат. Үй-бүлөнүн иштеринде дайыма күйөсүнө мойун сунат өз күйөөсүнүн алдындагы актыгын күйөөсү бар болсо да жок болсо да сактайт. Анын байлыгына бек болот.
Исламды кабыл алган белгилүү момундардын аялдары күйөлөрү менен бирге белгилүү сахабалрдан болушпады беле. Мындай жүрөгү тынчтык менен ыйманга жык толуп, улуу Ислам тарбиясында мусулман аялы терең таасирге ээ. Алар Алланын сөзүн бийик көтөрүүдөгү күрөштө эркектер менен тең бөлүштү, оор турмуштарда алар менен бир катарда турушуп, кээде жаракат алгандады даарылап муктаж болгондорго суу ташып жеткирип турушту. Дин мыйзамдары толукталды. Анан аялдарга Хижаб кийүү парз болунду да, аял заты өзүнө ылайык жерге коюлду. Алла жолунда урушуп кыйынчылык көрсөткөн согуш тарткылыгы алынып салынды . Анын ордун Алла алар үчүн өкүмү жок согуш Ажылык жана Умра менен алмаштырды.
Мына жогоруда айтып өткөн нерселер аркылуу мусулман аялы, өз балдарын баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоодо көп эмгектерди жана алардын акылына жакшылык иш үчүн курмандыкка баруу үрөөнүн отургузду. Мына ошентип Алла жолунда акыйкат күрөшкө чыга турган, арстан жүрөк коргоочулар чыкты. Алар Алла жолунда эч кандай кысымдан, коркушкан жок, мына ошол себептен, акыйкат чакырыгы жана ыйман кадыр-баркына жетти. Таза аял- таза үй-бүлө, таза үй-бүлө – таза коом, таза коом – бул бактылуу жашоо.
Хусейин Мухаммад Юсуфтун «Мусулман үй-бүлөсүн куруу»
китебинен кыскартып даярдаган Асан ажы САИПОВ
Фахруддин ар- Разинин « тафсиирул кабиир» атуу эмгегинде Курандын Куран менен чечмелениши
Куранды туура түшүнүүдө керектүү болгон булактардын негизгиси дагы эле Курандын өзү болуп саналат. Анткени Курандагы кээ бир аяттардын мааниси башка аяттар аркылуу айкындалып такталып турат.
Эгерде бир сүрөдөгү аяттын маанисинде айтыла турган маселе жалпыланып айтылган болсо ошол эле Курандын башка сүрөсүндө бул аяттын мааниси тереңдетилип берилген. Тафсир илиминде мындай ыкма Курандын Куран менен чечмелениши деп аталып Куранды түшүнүүдөгү эң негизги усул катары колдонулуп келген жана колдонулууда. Айрыкча бул усул Курандагы аяттардын маанисин бири-бирине тескерилетпестен өз ара байланыш куруу менен Курандагы аяттар мааниси жагынан бирин-бири толуктап чечмелеп ыйык китептин бир бүтүн экендигин аңдап билүүгө көмөк берет.
Мына ушундай тафсир ыкмасын башка муфассирлерге (Куранды чечмелөөчүлөргө) караганда көбүрөөк колдонгондордун бири имам Фахруддин ар- Рази болгон.
Ал жөнүндө учкай маалымат бере кетсек. Фахруддин ар-Рази 12- кылымда жашаган сунний аалымдардын бири болгон. Эгерде риваят ( аяттарды чечмелөөдө негизинен ривааяттарга басым жасоо) тафсиринде эмгеги синген өрнөк имам ибни Жарир ат- Табари болсо ал эми дирааят ( аяттарды чечмелөөдө ривааяттар менен бирге акыл, мантык жана дүйнөлүк илимдерди колдонууга да көңүл буруу) тафсиринде Имам Фахруддин ар- Разинин сиңирген эмгеги эбегейсиз зор болгон. Анын тафсир китебинин асыл ысмы отуз эки томдук « Мефаатихул Гайб» экендиги белгилүү. Бирок бул ысмы менен биргеликте анын бул эмгегин урматтоо ирээтинде илим чөйрөсү анын китебине « Тафсиирул Кабиир» ( Улуу тафсир) лакабын берген жана күнүбүзгө дейре ушул наам менен таанылып келген.
Рази да жогоруда сөз кылганыбыздай Курандын Куран менен чечмеленишине маани берген. Курандагы бир сүрөдө өткөн аяттын маанисин түшүнүп талкуулоодо чечмелөөчү катары башка аятты алып келип байланыш кура билүү акыл мантыкка байланыштуу экендигин эске алганыбызда Курандын Куран менен чечмлениши ыкмасы да дирааят тармагына тийиштүү экендигине күбө болобуз. Ошондуктан Куран аяттарын бир бирине муфассир ( чечмелөөчү) кылууда тафсирчилер илимий денгээли Курандагы ар бир аятты аңдай билүүсү жана ошондой эле акыл эстик көрөнгөсүнө жараша айырмаланган. Ал эми Разинин бул тармак боюнча кандай экендигин « Улуу тафсир» ылакабы берилген отуз эки томдук китебинен жана бул китеби дин илиминде күнүбүзгө чейин таасирүү экендигинен баамдасак болгудай.
Разинин Курандын Куран менен тафсирлешине кээ бир мисалдар менен түшүндүрсөк төмөнкүлөр:
Момундардын сапаттарынан болгон « ыйман келтирип, саалих (жакшы) иштерди аткаргандар...» ( Юнус, 9) маанисиндеги « жакшы иштерди аткаргандар» аятына «бардык тулку бойуну Аллага кызмат кылууга жумшагандар» деген маани берген. Бул аятка мындай маани берүүгө далил катары муфассир ( чечмелөөчү) төмөнкү аяттарды далил катары айткан:
« Эй акыл ээлери, силер ( алардын акыбалдарынан) үлгү алгыла» ( Хашр, 2) аяты Разинин көз карашы боюнча ар бир адам акыл ой жүгүртүүсү менен Аллага кызмат кылуу керектигин эскертүүдө. Ал эми « Алар пайгамбарга түшүрүлгөн Куранды уккан учурда» ( Мааида, 83) маанисини туюнткан аят аркылуу жакшы иштерди аткаргандар кулактары менен дайыма пайгамбарга түшүрүлгөн Куранды кунт коюп уккандар экендигинен кабар берип турат. Ошондой эле « Эй ыйман келтиргендер Алланы зикир кылгыла ( эстегиле)» ( Ахзаб, 41) аяты жакшы иштерди жасоо тили менен да Алланы эстеп туруу экендиги билдирүүдө.
Рази бул аяттарды жогоруда айтылган « жакшы иштерди аткаргандар» аятыны «бардык тулку бою аазалары менен да Алланы зикир кылгандар» маанисинде түшүнүү керектигин далилдөө үчүн мисал кылып көрсөткөн. Мына ушундай ыкманы тафсир илиминде Курандын Куран менен чечмелениши деп билебиз.
Разинин Куранды өзүн өзү менен чечмелешине дагы бир мисал бере кетсек Юнус сүрөсүнүн 7- аятында баяндалган « Бизге жолугууну самабаган, дүйнө жашоосуна ыраазы болгондор» маанисини туюнткан аяттагы
« ражаа» ( самоо,үмүт кылуу) сөзүнү Рази ибн Аббас ( өлүм тарыхы 68 х.) жана Мукатил ибн Сулайман ( ө.т. 150 х.) дын көз карашы катарында « ал- хавф» ( коркуу) деген маани менен түшүндүргөн. Буга далил ирээтинде пайгамбарга айтылган « Сен жалаң гана ошол ( кыямат)тан корко турган кишилерди эскертүүчүсүң» ( Ван- Наазиат, 45) жана « Алар кыяматтан корккондор» ( Анбия, 49) маанисини туюнткан аяттарды көрсөткөн. Себеби бул аяттарда өткөн «ар-ражаа» коркуу маанисинде келген.
Дагы бир өрнөк, Бакара сүрөсүнүн 221- аятында «Аллага шерик кошкон аялдарга үйлөнбөгүлө» аятына байланыштуу эки көз караш айтылган:
1. Бул аят бир гана бутпарас аялдарга үйлөнүүгө тыю салганга далил боло алат.
2. Бутпарастар менен кошо жалпы эле мушриктер (Кудайга шерик кошкондор) жана ошондой эле ахли китеп (Алладан пайгамбарлары аркылуу китеп берилгендер) булар да Кудай тарабынан келген ыйык китептерин өзгөртүшүп Кудайга шерик кошкондуктан үйлөнүүгө болбойт.
Рази бул көз караштардын экинчисине кошула албастыгын билдирген. Анын көз карашы боюнча ахли китептер менен үйлөнүүгө болот. Буга далил катарында « Силерден мурун Китеп берилген кишилерден болгон, өздөрүн арамдан сактаган аялдар да адал» ( Мааида, 5) маанисини туюнткан аятты көрсөткөн.
Сөз соңунда айта кетчү нерсе Ислам дининин ыйык китеби Куранды окуп түшүнүүдө андагы айтылган аяттардан өкүм чыгарууда Курандын жалпысын эске алуу зарыл экендигин баамдап, аяттарды бөлүп жарбастан өз ара байланыштырып маани чыгаруу Курандын талабы экендиги талашсыз.