Экинчи сан

Судан мамлекети
Мазмуну
Мамлекеттин аты: Судан мамлекети
Борбор шаары: Хартум
Маанилүү шаарлары: Омдурман, Порт Судан, Вади Менади, ал-Убайд, Кадариф, Ньяла, Жуба, Атбара, Кассала.
Расмий тили: Араб тили
Дини: Ислам
Акча бирдиги: Судан фунту
Аянты: 2.505.813 км2
Калкынын саны: 28 миллион (1999 -жыл)
Этникалык түзүлүшү: Судандагы эң чоң этникалык топ Судан арабдары болуп эсептелет. Алар болжолдуу түрдө калктын 50%ын түзөт. Судан арабдары араб тилинде сүйлөп, 99%ы мусулман. Экинчи ири этникалык топ Динкалар. Алар калктын 11.5%ын түзөт. Жалпысынан түштүк чөлкөмдө жашаган Динкалар жергиликтүү диндерди жана христиан динин тутунушат. Мындан тышкары Суданда жашаган этникалык топтор төмөнкүчө: Бежалар (6.5%), Нубалар (6%), Нубийлер (5%), Хаусалар (4%), Азанделер (2.7%), Берилер (2.5%), Фурлар (2%), Фуланилер (1.5%), Масалиттер(1.1%), Такалилер (0.9%), Тамалар (0.5%). Ошондой эле саны 0.5%га жетпеген бир катар этникалык майда топтор да бар.
Судан - Африка материгинде жайгашкан мамлекет. Түндүктөн Египет, чыгыштан Эфиопия, түштүктөн Уганда жана Заир, батыштан Борбордук Африка Республикасы, Чад жана Ливия менен чектешет; түндүк-чыгышынан Кызыл деңиз чулгайт. Судан территориясынын көлөмү боюнча Африка материгинде эң чоң мамлекет болуп эсептелет.
Илгери Нубия деп аталган Түндүк Судан чөлкөмүндө алгачкылардан болуп негр расасындагы уруулар отурукташкан. Алар 18-кылымга чейин египеттик уруулардын карамагында болушкан.
Судан 1825-1843-жылдар аралыгында Осмон империясы тарабынан башкарылган. 1863-жылга чейин Египеттин акими Исмаил Пашанын кол алдында болгон. 1882-1899-жылдары судандыктар өзүн «Махдий» деп жарыялаган адамдын артынан ээрчип анын жетегине өтүшкөн. Махдийдин мамлекети 1899-жылы Англиянын Египеттеги колониясы тарабынан басып алынган.
Судан мамлекети көз карандысыздыгын 1956-жылы алган.
1989-жылы кан төкпөстөн төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Улуттук-боштондук революциялык комитеттин төрагасы генерал-майор Умар аль-Башир азыркы убакка чейин президенттин милдетин аткарууда.
Судан 2.504.000 км2 чамасындагы аянтты ээлеп, Африка материгинин эң чоң мамлекети болуп эсептелет. Борбор шаары Хартумда 476.218 киши жашайт. Ал Судандын эң чоң шаары.
Өлкөнүн батыш, түштүк жана чыгыш тарабын кээ бирлери 3000 метрге чейин жеткен тоолор жана бөксө тоолор менен курчалып турат. Түштүк-батышта Нил дарыясы менен Конго дарыясынын ортосун дал ушул тоолор бөлүп турат. Нил Судандын эң маанилүү табигый байлыгы. Дарыя өлкөнү дал ортосунан жарып өтүп, түштүктөн түндүккө карай агат. Алгач Ак Нил жана Көк Нил деген ат менен эки дарыя Хартумга чейин агып келип, ал жерде кошулган соң чоң Нилди пайда кылат.
Түндүк-чыгыш Судан чөлкөмүндө карстуу бөксө тоолору жайгашкан. Батышта, Дарфур чөлкөмүндө, деңиз деңгээлинен 3070 м. бийиктикте болгон Марра чокусу орун алган. Өлкөнүн орто бөлүгүндө граниттик бөксө тоолордон турган Нуба тоолору жайгашкан. Угандага чектеш жердеги Донготона жана Тматонг тоолору толугу менен тропикалык жыш токойлор менен капталган. Өлкөнүн эң бийик Киньети чокусу ушул жерде орун алып, деңиз деңгээлинен 3187 м. бийиктикте жайгашкан. Судандын 24% чөлкөмүн чөл ээлейт.
Судандын аба ырайы тропикалык түзүлүшкө ээ. Ал түндүктөн келген кургак аба массасы менен түштүктөн келген нымдуу аба массасынын таасиринде жүрөт. Түндүктөн келген аба массасы кышкысын суук, жайында ашкере ысык болот. Ошондуктан түндүгү өтө кургакчыл жана ысык; жылдык орточо температурасы 47С. Түштүгүнө Атлантика жана Инд океандарынан пайда болгон аба массалары көп жаан-чачын алып келет. Ал жакта жылдык орточо жаан-чачын 1200мм тегерегинде болот. Түндүгүндө, өзгөчө чөлдөрдө жаан-чачын дээрлик жаабайт.
Судандын түндүк тарабы кумдуу жана таштак чөлдөрдөн турат. Түштүгүнүн жери дан-эгин, мөмө-жемиш айдоого өтө ыңгайлуу. Түндүктө акациялар жана чөл өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Түштүктө жаан-чачындын таасири менен саванналар жана өзөгү көңдөй тропикалык дарактар өсөт.
Өлкөнүн эң маанилүү кең байлыктарынын бири Нил дарыясы жана анын куймалары болуп эсептелет.
Судан калкынын саны-36,080,373. 2.504.000 км2 территорияга ээ болсо да дүйнөдө калкынын жыштыгы эң төмөн болгон мамлекеттердин бири. Мамлекеттин калкы жылына 3,7%га өсүп турат.
Этникалык түзүлүшү жагынан түндүктө арабдар менен нубийлер, түштүктө болсо нилотиктер судандыктар жана негрлер жашайт. Суданда Африканын да, Жакынкы Чыгыштын да үрп-адаттары, тилдери жана маданияттары аралашып жуурулушкан мамлекет.
Түндүктө жашаган элдердин басымдуу бөлүгү мусулман. Дээрлик бардыгы арап тилинде сүйлөшөт. Көчмөн же жарым көчмөн турмушта жашаганда да бар. Байыркы Куш уруусунун уландысы деп эсептелген нубийлер да арапча билишет. Өздөрүнүн нукура жергиликтүү тилдеринде жана диалектилеринде да сүйлөшөт. Алар илгеркидей эле аңчылык, балык уулоо жана мал багуу менен алектенишет.
Судандын түндүгү арабча сүйлөшкөнү менен түштүгүндө көпчүлүктү түзгөн тил жок. Болжолдуу түрдө Суданда 80 диалектиде сүйлөгөн элдер бар.
Судан калкынын 20% сабаттуу. Жаштардын жарымы мектептерге барат. Окуу араб тилинде жүргүзүлөт. Башталгыч мектептерде Ислам дини, Куран милдеттүү түрдө окутулат. Хартумда бир университет жана Каир университетинин бир факултети бар.
Судан демократиялык республика болгонуна карабастан көзкарандысыздыкка жеткенден азыркы күнгө чейин төңкөрүштөрдүн натыйжаларында бийликке келген аскердик хунталар тарабынан башкарылат. Мамлекеттин президенти ошол эле учурда өкмөт башчысынын милдетин да аткарат. Административдик башкаруу 15 облус аркылуу жүргүзүлөт. Судан БУУга жана Африка шериктештиги уюмуна (оau) Адам укуктарын коргоо уюмуна жана бир катар эл аралык уюмдарга мүчө.
Азыркы Судан экономикасы негизинен эки чоң секторго бөлүнөт. Биринчиси жана эң негизгиси пахта өндүрүү жана экспортко багытталган заманбап сектор, экинчиси-өлкөнүн өзүнүн муктаждыктарын канааттандырган айыл чарба сектору. Судандыктардын 90%га жакыны экинчи сектордо иштешет.
«Жазира» проектисинин ишке ашырылышы менен Судандын пахта өндүрүлүшү кыйла жогорулап артууда. Планга коюлган бир катар суу сактагыч, канал, сугат системасы, элди турак-жай менен камсыздоо жана таранспорт муктаждыктарын ушул проекти аркылуу жетишүүнү көздөөдө.
Өлкөдө дан эгиндери, картошка, таруу, бал камышы, жер-жемиштер, тамеки, жер жаңгак, кунжут, жүгөрү, хурма, пахта, сулу, күрүч, кофе өстүрүлөт.
Мал чарбачылыгында көбүнесе төө, бодо мал, кой-эчки багылат.
Калктын 95%ы пахта өстүрүү, айыл чарба иштеринде иштегендиги үчүн өнөржайдын экономикага тийгизген таасири өтө эле төмөн. Өнөржайы айыл чарба продукцияларын чыгарууга багытталган. Судандын эң маанилүү өнөржай тармактары - текстиль жана тамак-аш өнөр жайлары болуп эсептелет.
Судан мамлекетинде хром, алтын, жез, асбест жана темир сыяктуу кен байлыктар иштелип чыгат. Өлкөнүн кошумча киреше булактары катары жыгач иштетүү (өзгөчө кызыл жыгач), балык уулоо жана туризмди көрсөтсө болот. Импорт экспорттон дээрлик үч эсеге көп.
ТҮШТҮК МАСЕЛЕСИ ЖАНА ДАРФУР
Судан негизделишинен баштап ушул күнгө чейин бүтпөс чырга айланган Түштүк маселеси менен алпурушууда. Судан бийлиги көп убакытка түштүктөгү сепаратисттер менен согушууга мажбур болгон. Ошол себептен улам мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып, өз учурунда элдин бейпилдигин камсыздай алышкан эмес. Ачарчылык жана жакырчылык Судандын эң чоң маселелеринин бири болуп эсептелет.
Сепаратисттер кагылышууларды Дарфурда жакында эле (эки жыл мурда) жүргүзө башташкан. Мурда Түштүк Судандын айланасында гана болгон. Түштүктө кысымга алына баштаган сепаратисттер ишмердүүлүк аймагын тышкы күчтөрдүн колдоосу менен кагылышууларды Дарфур оазисине жылдырышкан.
Дарфурдагы жаңжалдын башаты 1970-жылдарга барып такалат. Дыйкандар жана малчылардын ортосунда жайыттардын жана кудуктардын колдонулушу боюнча көйгөйдөн башталган. 1980-жылдагы кургакчылыктын айынан малчылардын кысымы менен дыйкандар Түндүк Дарфур аймагынан түштүккө көчө башташкан. Ал учурга чейин көйгөйлөр салттуу түрдө чечиле турган. Малчылар менен дыйкандар кудуктардын, жайыттардын колдонулушун биргелеше аныкташчу. Көчтүн күчөшү жана чек ара жаңжалдары көйгөйдү ички саясаттын маселесине айланткан. 2000-2003-жылдар аралыгында конфликт күчөп көчкөндөрдүн саны арта баштаган. Муну менен бирге өлгөндөрдүн санынын көбөйүшү эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган.
Дарфурдагы кагылышуулар азыркы күнгө чейин 10 миң кишинин өлүмүнө себепкер болгондугун, бир миллион киши өз үйлөрүн таштап башка жерлерге көчүүгө мажбур болгондугун аймактык кабарлар жар салып келет. Бир миллион кишинин ичинен 100 миңи Судандын батыш коңшусу Чадка баш калкалоого мажбур болушкан. Эң маанилүүсү - бул конфликттин чыгышына себеп болгон шарттардын элге жакырчылык жана кырсыктарды алып келиши. Ушул себептен улам кээ бир эл аралык уюмдар тез арада бул кырдаалга кийлигишүү болбосо, 10 миң кишинин ачарчылыктан өлүп калышы ыктымал экендигин эскертишет.
Судан өкмөтү өлкөнүн түштүгүндө козголоңчуларга каршы дүйнөдө эң узакка созулган ич ара согушту тынчтык келишими менен бүтүрө турган чакта, батыштагы Дарфур чөлкөмүндө башталган башка ич ара согуштун ырайымсыз түрдө бири-бирин кырууга айланышынын айынан тынчтык сүйлөшүүлөрү БУУнун санкциялары тууралуу сүйлөшүүлөр менен алмашты. Нил дарыясы аккан, Кызыл деңизде жээги бар, бир учурларда гүлдөп-өскөн Суданда азыр жыртык-жамачы кийимдеринен кабыргалары саналган калк ачарчылыктан боо түшүп көз жумууда.