Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Жaбрaил хадисинде билим берүү менен байланыштуу ойлор

Мазмуну


Ибрахим Өзкылыч


Азирети Умар ибнул-Хаттаб мындай дейт: «Алла Элчиси бизге дил маек куруп берип жаткан. Бир кезде кийген кийими аппак, чачтары капкара, узун жол жүргөн адамдай эмес, бирок эч кимибиз тааныбаган киши биз отурган жерге келди. Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) жанына келип, маңдайына тизе бүгүп олтурду. Пайгамбарыбызга карап:
- Эй, Мухаммад, мага Исламды түшүндүрүп бер!-деди.
Алланын Элчиси:
-Ислам – бул Алладан башка кудай жок экендигине жана Мухаммад анын элчиси экендигине ишенүүң, намазыңды туура окууң, зекетти (толугу менен) берүүң, Рамазан айында орозо кармооң жана күчүң жетсе, ажылыкка барууң,- деп жооп берди.
- Туура айттың - деди.
Ал адамдын бир жагынанан сурап, экинчи жагынан тастыктап жатканы кызык көрүндү.
Анан кайра:
-Ыйман деген эмне? – деп сурады.
Пайгамбарыбыз:
-Ыйман - Аллага, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө ишенүүң. Тагдырга ишенүүң – деп жооп кайтарды.
Тиги дагы:
-Туура айттың,-деп тастыкдады да;
- Ихсан деген эмне? – деп сурады.
Алланын Элчиси:
- Ихсан – бул Алланы көрүп тургандай ага кулдук кылууң. Сен Аны көрбөсөң да, ал Сени көрүп турат - деди. Береги чоочун адам:
-Туура айттың – деп кийинки суроосун узатты:
-Кыямат кайым качан болот?.
Пайгамбар (с.а.в.):
-Суралган киши бул тууралуу сураган адамдан артык маалымат билбейт - деп жооп берди.
-Анда анын белгилеринен айтып бер - деди.
Алланын Элчиси (с.а.в.):
- Энелер өздөрүнө кызматчысындай мамиле кылган балдарды төрөшү, бутунда кепичи жок койчумандар бийик-бийик  укмуш имараттарды куруп,  бири-бири менен атаандашуулары - деп айтты.
Андан соң береги бейтааныш адам ордунан туруп жолуна түштү. Мен бир саамга отурган жеримде катып калгандай турдум. Бир аздан кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мага кайрылып:
- Эй, Умар, суроо берген бейтааныш ким? Билесиңби?- деп сурды
Мен:
- Алла жана анын Элчиси эң туурасын билет - дедим.
Анда Пайгамбарыбыз:
-Ал Жебирейил болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келди - деп айтты».


АЙТЫЛЧУ ОЙ


Билим берүүдө жамааттык система
Окутууда группалык система тигил же бул теманы бир учурда бирден көп кишиге жеткирүүнү камсыздайт. Аз. Умардын айтуусу боюнча, Алланын Элчиси кээ бир сахабалары менен бирге отурганда Жебирейил (а.с.) келген. Бул жерде билим берүү системаларында окутуунун группалык же жамааттык системасына ишарат бар.
Тазалык менен сылыктыктын мааниси


Мугалимдин тышкы кейпи, кийим-кечеси, тазалык жана сылыктыгы окуучуга чоң таасир эткендиги талашсыз. Тазалык ыймандуулуктун белгиси жана ыймандын жарымы. Мугалим да, окутуу процесси жүрчү жай да таза болушу абзел. Мугалимдин адамдык жеке сапаттары окуучуга үлгү алынчу модель катары кабыл алынгандыгы үчүн жагымсыз сырткы көрүнүшү жана кыймыл-аракеттери ал үйрөткөн билимге да ынтызарды азайтышы мүмкүн. Хадисте сырттан келген кишини эч ким тааныбагандыгынан улам аны узун жол жүрүп келген деп божомолдошот. Ошону менен бирге узак сапардан келген адамдардыкындай үстү башы кир болуп чаң баспагандыгына көңүл бурулууда. Демек, мугалим эң кыйын шарттарда дагы окуучуларынын алдына кийим-кечеси таза болуп чыгышы керек.


Суроо-жооп методу


Мугалим теманы билгени менен класстагы окуучулардын көңүлүн өзүнө буруу, сабакты дагы ыкылас коюп угууларына жетишүү, өтүлгөн темаларды текшериш үчүн, башка окуучулар дагы аңдай алгыдай деңгээлде түшүндүрүш үчүн суроо берүүүгө шыктандыруусу - билим берүүнүн негизги методдорунун бири. Алланын Элчиси кээде бул методду колдонуп, сахабаларынын көңүлүн өзүнө буруп, алардын жакшыраак үйрөнүүлөрүнө көмөк болгон. Алсак, күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз сахабаларынан «эң көп зыянга учураган ким?» деп сурап, биринчиден алардын ойлорун билип, анан кийин гана «кыямат күнү опол тоодой сооптор менен келгендерине карабастан башка адамдарга жамандык жана зулумдук кылгандыктары үчүн сооптору эрип жок болгон, ал гана эмес алардын күнөөлөрүн да өз мойнуна алган кишилер» деген таризде башкача түшүнүк менен үммөтүнүн ой-жүгүртүүсүн башка нукка бурган. Бул метод билим берүү ишинде аябай эле кеңири тарап, илгертен бери колдонуп келе жатат. Ошондой болсо да байыркы грек философу Сократ бир маселе тууралуу талашып-тартышуу учурунда биринчи болуп алдындагы адамга суроо берип анын билим деңгээлин өлчөп, анан гана өз пикирин айтчу экен.


Жупунулук


Мугалим жупуну жана текеберликтен алыс болуусу окуучуга оң таасир этип, окуучунун көңүлүн өзүнө буруу үчүн абдан маанилүү. Тарбия жана билим берүү деп аталган билим алуу процессинде приоритет тарбияга таандык. Тарбия жетиштүү болбосо, билим берүүдөн жакшы натыйжа алынбайт. Тарбия – жерди урукка, тактап айтканда, билим алууга ыңгайлуу чөйрө түзүп берүү иш-аракети. Ошол себептен улам Жебирейилдин (а.с.) Алла Элчисинин жанына келиши сахабаларга чоң таасир тийгизген. Ошондуктан азирети Умар (р.а.) сырттан келген кишинин, тактап айтканда, Жебирейил (а.с.) менен Алла Элчисинин ортосундагы диалогдон мурда анын келишин жана жүрүм-турумун сүрөттөп берген. Мугалим мөмөлүү дарактай жупуну, бутактары ийилип мөмөсүнөн, тактап айтканда, илиминен пайдалана алгыдай адеп-ахлак көрөңгөсүнө ээ болушу керек.


Урмат-сый


Тарбия жана билим берүүнүн үзүрлүү болушуна жетишүүдөгү эң башкы маселелердин бири -мугалим менен окуучунун ортосундагы жылуу мамиле, урмат-сый. Окуучу турмушка даярдалып өстүрүлгөн көчөт сымал. Ошондуктан тарбиячы багбан сыңары окуучуга кылдат мамиле жасап, анын терс жүрүм-турумдарын көзөмөлдөп, ага туура багыт бериши керек. Алла Элчиси  бутпарастыктын туңгуюгунан чыккан сахабаларын тарбиялап, «асмандагы жылдыздар» сыяктуу жаркын, үлгүлүү муун өстүргөн. Ушул себептен улам тарбиячы окуучунун оң жүрүм-турумдарын колдоп жеке адамдык сапаттарынын бийиктешине өз салымын кошушу абзел.


Жаштык жана илим


Улуулар «чыбык жашында ийилет» дешет. Ошондуктан жаштык, дымактуулук тарбия үчүн өтө зор мааниге ээ. Бир ырда «жаш кезекте алган билим ташка тамга баскандай, карыганда алган билим сууга тамга жазгандай» деп айтылат. Хадистин башында азирети Умардын (р.а.) сырттан келген кишини (Жебирейилди) сүрөттөп берип жатканда кийиминин актыгын жана тазалыгын белгилеп, чачынын капкара экендигин айтуусу жолоочунун жаш экендигин көрсөтөт. Канткен менен билим алуу «бешиктен көргө чейин» уланаары талашсыз болсо да, эң натыйжалуу доор – жаштык чагы.


Билим берүүдө жана тарбияда акырындык


Бул багытта эң маанилүү маселелердин бири, балким, эң маанилүүсү бул – акырындык жана туруктуулук десек жаңылышпаспыз. Себеби, билим процессти жана туруктуулукту талаптайт. Бул туруктуулук чынжыр сыяктуу тогоолор менен бири-бирине байланышкан. Ортосунда бир жерде үзүлсө кийинки темаларды аңдоо кыйынга турат. Алла Элчиси жашоосунда ар дайым ушул туруктуулук принцибин тутунуп сахабаларын тарбиялаган. Куранда бир катар буйруктар жана тыюуулар ушул жол менен түшүрүлгөн. Себеби, адамдар кадыресе мыйзам ченемдүү деп үйрөнүшкөн бир канча көрүнүштөр бар. Билбеген темалар болсо билгендерге таянып үйрөтүлүш керек. Ошол себептен билим - бул билген нерселерди тепкич сыяктуу колдонуп билбеген нерселерин үйрөтүү иш-аракети. Хадисте айтылгандай, мугалим катары Жебирейил (а.с.) келип, Алла Элчисинин алдында намаздагыдай «тахийатта» отуруп, андан кийин «мага исламды айтып бер; мага ыйманды айтып бер; мага ихсанды айтып бер; кыяматты, анын белгилерин айтып бер» деп сураган. Алгач суроосу ислам тууралуу, экинчиси ыйман тууралуу болду. Себеби, ыйман исламдан кийин келет жана даражасы  боюнча өйдөрөөк. Андан жогоркусу - ихсан даражасы. Ошондуктан үчүнчү собол ихсан тууралуу, т.а. Аз. Алланы көрүп тургансып ибадат кылууң. Ошон үчүн тарбиячы окуучусун ушундай жол менен кемелине жеткизүүгө аракет кылат. Асыресе, мугалимдин да кемел, жетик болушу шарт болуп эсептелет.


Билим алуу жана билим берүү - ибадат


Алыстан келген жолоочу, т.а. тарбиячы Алла Элчисинин маңдайына отуруп, тизесин анын тизесине таяп, колдорун тизелеринин үстүнө коюп, намаздагыдай ибадат кылуу түшүнүгүнө жараша отурат. Демек, илим дагы ибадаттын бир түрү. Ошондуктан Жебирейил (а.с.) адатка төп келген түрдө отурган. Дагы бир хадисте Алла Элчиси: «Билим алуу аял-эркек, дегеле бардык момундар үчүн парз» деп айтат. Башка жагынан алып караганда момун ар учурдан пайдаланып билим алыш жана үйрөтүш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшаш керек. Мектепте, медреседе, алынган илим менен гана чектелип калбаш керек. Жебирейил (а.с.) кээде адам кейпин кийип, Алла Элчисине келип Жараткандын кабарларын жеткизген. Ошондой эле Пайгамбарыбыз дагы мечитке келген адамдарды күтүп отура бербестен айланасындагы урууларга барып, аларды динге чакырган. Мекке доорунда Абу Жахилдин дагы эшигин каккылап, аны динге чакырган. Ушул себептен улам бир хадисте «хикмат – момундун жоголгон кенчи, аны каерден тапса ала берет» деп айтат.


Билбеген нерсе тууралуу сүйлөбөө


Имам Азам «билбегендеримди бутумун астына жыйып чыксам, анда башым асманга жетмек» дейт. Мугалим топтогон билиминин аманат экендигин жана муну башкаларга өткөрүп берүүгө милдетүү экенин билиши зарыл. Ошондой эле билбеген нерселер тууралуу сүйлөөгө акысы жок. Хадисте кыяматка байланыштуу суроо суралганда Алла Элчиси «Суралган киши бул тууралуу сураган адамдан артык маалыматы жок» деп бизге үлгү болуп берген. Имам Шаафи мындай дейт: «сөз ооздон чыкканга чейин сенин туткунуң, ооздон чыккандан кийин сен анын туткунусуң». Кураны каримде «маалыматың болбогон соң билбеген нерседен ооз ачпа» деп айтылат.


Илгерилөө


Билим берүү урукту жерге туш келди чачуу эмес. Биринчиден, жердин урукту сыйдыра алып, аны өндүрө турган абалда болушу үчүн алдын ала даярдык көрүш керек. Уруктарды сепкенден кийин аны көзөмөлдөп туруу зарыл. Маалы келип түшүмдү жыйнаганга чейин аны көздүн карегиндей карап багып туруу керек. Уруктун даракка, жемишке, машакка айланышы - жерге сепкен учурдан баштап күтүлгөн максат. Мындай натыйжа алынбаса, бардык эмгек текке кеткен болот. Алынчу натыйжа да аятта айтылгандай «дыйканга жаккан түшүм». Маселени ушул өңүттөн алып караганда маанилүү маселелердин бири - бул тарбия супсак билимден гана турбайт. Үйрөнгөн илимибиз жүрүм-турумубузга жана кулк-мүнөзүбүзгө айланышы керек. Ошондуктан ислам менен ыймандан кийин ихсандын айтылышынын сыры - кийинки максат ихсанга жетүү экендигин көрсөтүп турат. Бул – илгерилөө. Пайгамбарыбыз сахабаларына ыймандуулуктун тарбиясын берип, аларды үлгүлүү адамдарга айланткан.

Алланын Элчиси улуу тарбиячы болгон соң, окуучулары-сахабалары асмандагы жылдыздардай жаркын инсандар болуп чыгышы табигый көрүнүш. Буга кызын тирүүлөй жерге көмгөн Умардын караңгы түндө жетим-жесирлер менен жакырларга өз ийнинде каптап ун ташыган азирети Умарга айланганын мисал келтирүүгө болот. Бир аалым «тигил же бул адамдын жанына аскер коюп жаман ишке барышына ар дайым жолтоо болуш мүмкүн эмес.

Ал адам сөзсүз бир күнү айласын таап, андан кутулат. Ал эми адамдын жүрөгүнө ыйман жана ихсан аскерин орноштурсак, ал жаман иштерге барбайт» дейт. Чынында эле ыйманы бекем мусулман адам өзүн-өзү теске салып, жаман иштерден алыс болот. Куттуу хадисте айтылчу эң негизги ой - бул Алланы көрүп тургандай ага ибадат кылуу, кулчулук озуйпаларыбызды аткарып өмүр сүрүү. Демек, билим супсак маалыматтарды кай талап коюу эмес, Жаратканды таануу жана таанытуу, ар дайым бизди көрүп, көзөмөлдөп турганын билүү жана билдирүү иши. Алгачкы буйругунда «оку!» деген Ислам дини дүйнөдө тынчтык жана берекенин, дүйнө жана акырет бактысынын ачкычы болооруна терең ишенем.

Башына