Экинчи сан

Ислам дининин зинага көз карашы
Мазмуну
ЗИНА
Коомдук көйгөй жеке адамдык көйгөйдөн алдаканча маанилүү болгондугу жалпыга маалым. Коомдун таза болушу коомдогу адамдардын пейилине, ыйман-ынсабына, адеп-ахлагына көзкаранды. Коомдо ыймандуулук сакталмайын адам баласы бактылуу боло албайт. Ислам дини дүйнөгө ыймансыздыктын, бузукулуктун, терсаяктыктын тамырын кыркуу үчүн келген. Себеби, кылымдар бою уланып келген адепке сыйбаган ар түрдүү жат иштер жеке адамдын гана турмушун эмес, коомдук жашоого өз зыянын тийгизген. Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам): «Мен изги адеп-ахлактуулукту кемелине келтирип, толуктоо үчүн жөнөтүлдүм» деп Ислам дининин да, өзүнүн да максатын ачык жарыялаган.
Өнөкөт дартка айланып, кылымдар бою коомдук жашоого өзгөчө терс таасирин тийгизген жат иштердин бири – бул никесиз жыныстык катнаш. Ислам дининде бул «зина» деп аталат.
«Зина» фикх (ислам укугу) илиминде төмөнкүчө аныкталат; зина – бул эркек менен аял кишинин никесиз жыныстык катнашы. Исламда эркек менен аял жыныстык катнашта болушу үчүн сөзсүз түрдө никеде турушу кажет. Алла таала Исра сүрөсүнүн 32-аятында «Зинага жолобогула! Себеби, ал адепсиздик жана эң жаман жол» деп буюрат.
Аятта Алла таала «зина кылбагыла» деп эмес, «зинага жолобогула» деген сөздү колдонгон. Демек, Алла таала бул аят аркылуу зина кылмак түгүл, зинага себеп боло турган жолдорго да жолобоо керектигин буюрган. Андыктан Ислам дини принцип катары тигил же бул жат ишке тыюу салуу менен бирге ага алып баруучу жолдорго да тыюу салган. Ошондуктан адамдык касиетибизге, ар-намысыбызга коркунуч туудурган сойкулукка, зинага жол ача турган ар кандай (маселен, порнографиялык журнал-газеталар, фильмдер) нерселерден сак болуубуз керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мына ушундай жолдор менен кимдир бирөөлөр жаш, баёо жеткинчектердин илим алууга, ыймандуулукка багыт алууларына бөгөт болуп, аларды утурумдук жыргалчылыктарды көздөөгө чакырып, келечекте коомдук кыйроого себеп болгон жыныстык кумарга, зина сыяктуу ыпылас иштерди жасоого үгүттөп жатышат.
Адамды зинага алып баруучу себептердин бири көз. Башкача айтканда, көзгө ээ боло албоо. Бул тууралуу Алла таала Нур сүрөсүнүн 30-31-аяттарында эркек жана аял мусулмандарды көздөрүн арам нерселерден сактоолорун буйруган. Бир хадисте Пайгамбарыбыз «Көз – бул шайтандын окторунан бири» деп көздү зинага жол ача турган каражат катары колдонуудан алыс болуубузду талап кылган. Алла таала ошол эле Нур сүрөсүндө абийир, ар-намысыбызды сактап, өзгөчө аялдар (колунан, жүзүнөн, бутунан сырткары) денесин жаап, бузукулукка, зинага себеп болбоолорун талап кылат (Нур сүрөсү, 30-31-аят). 31-аятта өзгөчө аялдардын дээрлик толук жамынып жүрүүлөрү буйрулат. Никесиз жыныстык катнаш кадыресе көрүнүш катары кабылданган бүгүнкү чалкеш заманда аялдардын порнографиялык журналдарда, рекламаларда, фильмдерде буюм иретинде колдонулушун эске алуу аркылуу жеке адамдын, дегеле жалпы коомчулуктун тазалыгы менен жогорудагы аяттардын ортосундагы байланышка жакындан карек оодарууга болот.
Зинага тыюу салынышынын себептери
Алла таала тыюу салган ар бир нерседе адам баласы үчүн сөзсүз материалдык жана руханий залака бар. Адам баласы качан гана тыюу салынган нерселерден алыс болуп, Алланын мыйзамдарына баш ийгенде, ал эки дүйнөдө бактылуу боло алат. Зинага тыюу салынып, анын арам болуп эсептелишинин себептери бар. Буларды төмөнкүчө тизмелөөгө болор:
1. Келечек муундун бузулушу.
Азыркы маалда зинанын айынан жүз миңдеген никесиз балдар төрөлүүдө. Бул балдардын энелери белгилүү болсо да, аталарынын ким же кимдер экени дайынсыз. Мындай кырдаал психологиялык жактан ал адамдарга зыян алып келет. Эң коркунучтуусу адеп-ахлагы төмөн жаш муундун пайда болушуна себеп болот.
2. Зина үй-бүлө күткөндөрдүн санын азайтат.
Зина кеңири кулач жайган коомдордо адамдар үй-бүлө күтүүдөн жаа бою качышат. Себеби, алар жыныстык муктаждыктарын никесиз байланыштар аркылуу канааттындырат. Үй-бүлө куруу бул дүйнөдө ар бир кишинин башына түшкөн ыйык озуйпалардан болуп эсептелет. Адам баласы үй-бүлө куруу аркылуу материалдык жана руханий жактан өзгөчө бейпилдикке жетет. Ырас, үй-бүлө куруу, балалуу болуу - баа жеткис байлык, өзүнчө кубаныч.
3. Зина - аялзатынын укуктарын тебелеп-тепсөө.
Зинаны кадыресе көрүнүш катары кабыл алдырууга мажбурлагандардын өздөрү коомдогу адепсиздиктин себеп булагы катары ошол аялдарды көргөзүшөт. Чынында алар аялдардын укуктарын тебелеп келишет. Аялдарды жыныстык эркиндик, заманбап турмуш, атак-даңк, жылдыз болуу сыяктуу чолок ураандар менен алдап, газета-журналдарда, телевидениеде ыплас максаттарда колдонушууда. Ар дайым «аялдардын укуктарын коргойбуз» деп айгай салган феминисттик уюмдар аялдардын сойкулукка үгүттөлүшүнө жана акчага сатылган буюм сыяктуу сойкулук секторунда колдонушуна жол берүүлөрү абдан таң калычтуу. Пайгамбарыбыз «бейиш энелердин таманы астында» деген хадиси менен аялдарды алкап, аларды ар кандай бузукулуктан коргоону көздөгөн.
4. Зина - жугуштуу оорулардын булагы
23 жылдын аралыгында ден-соолукка коркунуч туудурган, дарысы али табыла элек айыкпас дарт – ВИЧ СПИДдин вирусу 20 миллиондон ашык кишинин өлүмүнө себепкер болгон. Атайын изилдөөлөрдүн натыйжасынан алынган маалыматтарга таянсак, СПИДке чалдыккан 40 миллиондон ашык киши өз өлүмдөрүн күтүшүүдө. Дүйнөлүк Банктын СПИДге каршы күрөшүү проектилерине акыркы 10 жылдын ичинде 15 миллиард доллар каражат сарптаса да, эч кандай оң натыйжа берген жок. Бул оору бир гана Африка мамлекеттеринде эмес, Европа, Кытай, Россия жана Азия өлкөлөрүндө да тездик менен жайылууда. Изилдөөлөр вирустун тездик менен жайылышынын эң негизги себептеринин бири катары «сойкулук» деп, ачык-айкын жарыялады. Бул оорунун тездик менен жайылып жатышы дин Исламдын ак нике менен үй-бүлө курууга чакырыгынын сырын дагы да жакшы түшүнүүгө көмөк болот. Ошондой эле зинанын айынан чыккан оору бир гана СПИД эмес. Сифилис, гонорея (көтөн жара) сыяктуу венерикалык оорулардын да пайда болушу, изилдөөлөргө караганда, никесиз жыныстык байланыштарга, сойкулукка такалаары аныкталган.
Октай Четин