Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Ата - энеме

Мазмуну

Апалар

Асмандагы ак булуттай аруусуңар,
Же асманды көрктөндүргөн жылдыз сымал,
Жашоого жарык нурун чачып келген,
Апалар айтып бүткүс бакытсыңар.

Агып келет мээримиңер дайра сымал.
Ак сүтүңөр адамзатка өмүр сунар.
Улууга, кичүүгө да урмат менен
Мээр төгүп, деңиз сындуу чалкыйсыңар.

Турмуштун татаал тайгак жолдору бар,
Тайбастан күлүп жайнап улайсыңар.
Таңданам болот сымал эркиңерге.
Апалар бүт баарыңар Умайсыңар.

Аруулук жалгыз гана силерде бар,
/мүрдүн жазы,  шаңы, гүлзарсыңар.
Айланып кетсем экен атыңардан
Апалар бүт баарыңар Күн, Айсыңар!!!

 

Ата - энеме

Ата - энем алпештеген, бөпөлөгөн,
Жашоомдо мен карзмын экөөңөрдөн,
Мынакей бакыт издеп алыстамын,
Бал соруп ыйык Ислам илиминен,
Силерге өмүр тилеп салам жолдойм,
Сагынган жүрөгүмдүн тереңинен.

Атакем! Ыйманы бек аруу тилек!
Апакем оюмдасың демеп демеп.
Кантип мен айткандарың унутайын,
«Калк үчүн кагылайын иштесең!»- деп.

Биз үчүн эң бир ыйык, чексиз кенен,
Эмгегиң эсеп жеткис өтө терең.
Апакем күн түн дебей балдарым деп,
Турмуштун татаал жолун басып келген,
Өзүңдөн карааныңдан кагылам мен.

Эч бир кү токтото албас, тосо албас,
Мээримиң чалкып жаткан деңиз экен.
Толгонуп шыпты тиктеп, уйкум качып,
Сагындым алтын апап өзүңдү мен.

Сагыныч санаа чиркин мени чулгай.
Түшүмдө апам чуркайт мени утурлай,
Оорубай аман-эсен жүргүлөчү,
Көлкүгөн көңүлүмдө Кызыл Туудай.

Калбеков Акылбек

Башына