Экинчи сан

Исламда аял укутарынын каралышы
Мазмуну
Шамшиддин Маматкулов
Аял заттын жубай тандоо укугу
Ислам дининде үй-бүлө эки тараптуу макулдашуунун (кыз менен жигиттин макулдугунун), башкача айтканда, никенин негизинде курулат. Шарият боюнча, нике кыз менен жигиттин бири- бирин көрбөстөн ата-энелердин сүйлөшүүлөрү жана алардын чечимдери менен эле бүтүп кала турган иш эмес. Тетирисинче, кыз менен жигиттин бири-бирин көрүүсү, макулдашуулары, бири-бири менен турмуш курууга көңүлдүү болуусу керек. (Насаи, Никах - 17) Себеби баш кошуп, турмуш кура тургандар кыз менен жигиттин ата-энелери эмес, өзүлөрү. Бирок бул иштерде (көрүшүү, жолугушуу иштеринде) аша кетүүгө шарият жол бербейт.
Болочоктогу жубайын тандоого жигиттин кандай укугу болсо, кыз да ошондой укукка ээ. Анткени кыз да адам. Ал деле өзүнүн адамдык укуктарын колдонгусу жана болочоктогу жубайын өзүнүн табиятына, мүнөзүнө, адеп-ахлагына жараша тандагысы келет. Кызды (же келинди) эч качан өзү жактырбаган адамга турмушка берүүгө болбойт. (Майданий, Абдулгани аль-Ганимий, «аль-Лубаб фи шархи аль-китаб», III, 8-9.)
Бул маселе тууралуу сүннөттөн да далилдерди келтире кетели:
Хизамдын кызы Ханса жесир сахаба аял болгон. Атасы анын макулдугун албай туруп эле, бир киши менен никелеп койот. Бирок Ханса бул кишиге турмушка чыгууга көңүлү болгон эмес. Дароо Мухаммад Пайгамбарыбызга (саллаллооху алайхи ва саллам) келип, атасы никелеп койгон адам менен жашагысы келбегендигин, буга нааразы экендигин билдирет. Алланын элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) Хансанын сөзүн уккан соң алардын никелерин бузуп, мындай никеге шариятта уруксат берилбегенин айткан. (Бухарий, Никах – 42)
Аялдын үйбүлөлүк жашоодогу негизги укуктары
Жогоруда белгиленгендей, Ислам дининде аялзаты көптөгөн укуктарга ээ. Маселен аял нике (турмушка чыгуу) аркылуу автоматтык түрдө махр, нафака сыяктуу социалдык жана каржылык негизги укуктарга ээ болот.
1. Махр (калың):
Махр - бул баш кошуу учурунда эркек тарабынан өзүнүн ак никесине алып жаткан аялына (макулдашылган өлчөмдө) берилчү мал-мүлк каражаты болуп эсептелет. (Майданий, III, 14-15.) Махр аялзатынын өзүнө гана таандык каражат. Аялзаты алган махрына сеп кылууга милдеттүү эмес. Башкача айтканда, ал аялды «алган махрыңа себиңди даярдайсың» деп мажбурлаганга эч кимдин укугу жок. Эркек аялына махр берүүсү кажет. Бул багытта Куранда мындай деп айтылат: «Баш кошкон аялыңарга махр-калыңын чын дилден бергиле. Эгер алар калыңдын кайсы бир бөлүгүн өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса, анда аны алсаңар болот... » (Нисаа – 4:4)
Махр ата-эненин акысы эмес.Ал Кудай Таала тарабынан көрсөтүлгөн аялзатынын табигый акысы жана ага берилген жашоо кепилдиги. Аял махрын, эгер бар болсо башка мал-мүлкүн, өз алдынча каржаганга укуктуу. Анткени анын социалдык коопсуздугу жана кепилдиги баш кошоору менен эле кепилдикке алынып, күйөөсүнүн мойнуна жүктөлөт.
Махрдын жогорку чеги көрсөтүлгөн эмес. Ал эми анын эң төмөнкү даражасы жөнүндө ар түрдүү ой-пикирлер бар. Имам Азам мазхабы боюнча, махрдин эң азы он дирхам күмүш же болбосо ушул өлчөмдөгү мал-мүлк каражаты болуп эсептелет. (Маргинаний, Бурханиддин Али бин Бакир, «аль-Хидая шарху бидаяти аль-мубтадии», I, 238-239) (Ушул өкүм берилген учурларда он дирхамга орточо эки кой сатып алууга мүмкүн болчу).
Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) үйлөнүүгө бел байлаган сахабага ала турган аялына бир нерселерди махр кылып берүүсүн айткан. Ал адамдын аябай кедей экендигин көргөн Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) ага үйүн жакшылап карап бир темир шакек болсо да, алып берүүсүн буюрган. Ага да күчү жетпегенин байкаган соң аны махрдын ордуна ала турган жубайына Куран үйрөтүү шарты менен никесин кыйган. (Насаи, Никах - 62)
Негизинен махр үй-бүлөлүү аял үчүн өзүнчө таяныч каражат болуп эсептелет. Анткени кокусунан күйөөсү менен ажырашса же болбосо күйөөсү көз жумса, ал аял өзүнүн андан аркы жашоосун, турмуш-тиричилигин бир нукка салып алганга чейин махр ал аялга чоң жардам болот.
2.Нафака:
Жашоосун улантып кетүү үчүн адамга абадай зарыл муктаждык «нафака» деп аталат. Буга адамдын тамак-ашы, кийим-кечеси, үй-жайы кирет.
Бир аял турмушка чыккандан кийин тамак-аш, кийим–кече жана үй-жай менен камсыз болушу күйөөсүнө жүктөлөт. (Майданий, III, 91-92.) Ошентип, аялдын нафакасы жубайлардын социалдык катмардагы ордуларына карата белгиленет. Эгерде жубайлардын экөөсү тең бай болушса, ошого жараша белгиленет. Эгер экөө тең кембагал болушса, аялы күйөөсүнөн байлардын аялдарынын нафакасындай өлчөмдөгү нафаканы талап кыла албайт. Эгер бири бай, бири кембагал болсо, өз ара макулдашып, бир пикирге келишишет. Нафака тууралуу Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Балдарынын энелерин тоюндуруп, кийиндирүү - атанын милдети» (Бакара – 2:233) «Бай-дөөлөттүү киши байлыгына жараша нафака берсин. Кимдин ырыскысы кысылган (кембагал) болсо, анда ал Алланын өзүнө бергенинен (өз абалына жараша) нафака берсин. Алла Таала эч бир жанды өзү ага тартуу кылганынан башка нерсеге буюрбайт (ашыкча жүктү жүктөбөйт). Алла Таала кыйынчылыктын (кембагалдыктын) артынан оңойчулукту насип кылат.» (Талак – 65:7)
Эркек киши үй-бүлөсүн адал жол менен табууга милдеттүү. Ал аялынын нафакасын өзүнө камсыз кылдырууга, мажбурлоого эч кандай укугу жок. Ошентип, аялынын, бала-чакасынын ырыскысын адал жолдор менен табуу эркектин эң негизги милдети. Күйөөсү кембагал болуп, аялы бай болсо да, үй-бүлөнү багуу эркектин мойнундагы милдет болуп эсептелет.
Пайгамбарыбыз үй-бүлөсүн багып, каржылык жактан камсыздоодо эркек адамдарды айкөлдүккө үндөгөн. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) куттуу хадистеринин биринде мындай деген: «Адамдын үй-бүлөсү үчүн сарптаган ар бир нерсеси өзүнчө садага болуп эсептелет» (Даримий, Истизан - 35) «Үй-бүлөң үчүн кылган ар бир каржооңдон, жасаган ар бир ишиңден, атүгүл аялыңа берген тамактан да сооп табасың» (Ахмад бин Ханбал, аль-Муснад, I, 172).
Демек, эркек кишинин өз үй-бүлөсүнө Алланын ыраазычылыгы үчүн кылган ар бир кызматы, жадагалса ар бир тыйыны үчүн садага иретинде кабылданат.
Турак-жай менен камсыз болуу:
Эркек үйлөнгөндөн кийин аялын үй-жай менен камсыздоого милдеттүү. Бул жөнүндө Куранда минтип айтылат: «Аларга (аялдарыңарга) өзүңөрдүн кудуретиңер жеткен турак-жайыңардан орун бергиле» (Талак – 65:6).
Андыктан социалдык абалына жараша аялын турак-жай менен камсыз кылуу - бул эркектин милдети. Бул турак-жай жер үй же квартира, же болбосо бир эле бөлмө болушу да мүмкүн. Эркек бул турак жайда аялы менен кошо башка бир туугандарын жашатуу укугуна ээ эмес. (Майданий, III, 95.) Бирок аялы күйөөсүнүн туугандарын өзү менен чогуу тура берүүлөрүнө макул болсо, алардын кызматын кылса, бул - ал аялдын адеп-ахлактуу жана адамгерчиликтүү адам экендигинин жышааны болуп саналат.
Жогоруда айтылган иш-аракеттер эркектин экономикалык жана социалдык абалына жараша жүргүзүлөт.
Аялдын өз алдынча мал-мүлк топтоо жана каржоо укугу
Ислам дини боюнча, аял киши өз алдынча мал-мүлк топтоо жана өзүнүн байлыгын өз алдынча каржоо укугуна ээ. Демек, аял күйөөсүнөн же атасынан, же болбосо башка туугандарынан таптакыр көз карандысыз абалда өз алдынча мал-мүлк топтоого жана аларды өз алдынча коротууга, сарптоого укуктуу. Бул маселе боюнча ыйык Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Алла Таала хикмат (даанышмандык, себеп) менен бирөөңөрдөн бирөөңөрдү артык кылып койгон нерселерди (көрө албастык менен) арзуу кылбагыла. Эркектер өздөрүнүн эмгектеринен насиптерин (акыларын, үлүштөрүн) алышкандай эле, аялдар да өз эмгегинен насип (акы, үлүш) ала алышат. Алланын берешен жоомарттыгын сурангыла. Албетте, Алла Таала бардык нерсени Билүүчү» (Нисаа – 4:32). Бирок аялзаты кандайдыр бир жумушта иштөөсү үчүн күйөөсүнүн уруксатын алуусу керек.
Анткени күйөөсү аялын финансылык жактан камсыздоого милдеттүү болгондуктан, аялынын иштөөсүнө уруксат берип-бербөө укугуна ээ. Эгер күйөөсү аялынын иштөөсүнө уруксат берсе, анда ал аялынын иштеп тапканынын бардыгы өзүнө (ошол аялга) гана тиешелүү болуп, күйөөсү ал аялынын тапкан мал-мүлкүнөн, байлыгынан кандайдыр бир үлүш, же аз да болсо кандайдыр бир акы талап кылууга укугу жок. Бул учурда күйөөсү аялын үй-жай, тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоого милдеттүү бойдон кала берет. Ал эми аял болсо иштеп өз алдынча тапкан мал-мүлкүн кааласа, өзүнүн үй-бүлөсүнө жумшоого, кааласа күйөөсүнө берип коюуга укуктуу.
Эгер ал аял өз мал-мүлкүн өзүнүн кембагал, жакыр үй-бүлөсү (күйөөсү, балдары) үчүн каржап, иштетсе, Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) айтуусу боюнча ал аял эки эсе сооптуу садага берген болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз бул багытта: «Эгерде аялдар садагаларын күйөөлөрүнө жардам иретинде балдарына бере турган болсо, анда алар эки эсе сооп табат; үй-бүлөлүк алакаларын бекемдегендиктери үчүн жана садага бергендиктери үчүн» Ошондой эле аялдар күйөөлөрү же башка бирөөлөр берген буюмдарын, байлыгын каалагандай иштетип, каалагандай каржай алышат. Анткени алар ал аялдын өздүк мүлкү болуп эсептелет.
Аял киши мына ушундай укуктарга ээ болсо да, өзүнө таандык мал-мүлкүн каражатын сарптоодо күйөөсү же жакын туугандары менен кеңешиши абзел. Бул анын адамдык сапатын, адамгерчиликтүүлүгүн көрсөтөт. Анткени үй-бүлөнү башкарууда күйөөнүн аялы менен кеңешиши кандай жакшы иш болуп саналса, ошондой эле аял да жеке иштеринде күйөөсү менен кеңешүүсү жакшы иш болуп эсептелет. Себеби, кеңешүү үй-бүлөнүн бекем болушуна, ортодогу сый-урматтын, сүйүүнүн күчөшүнө, коломтого кут-береке киришине себеп болот.
(Уландысы бар.)